2018-2019-жылдын кыш айларында дүйнө жүзүндө акыркы 100 жылдан бери кайталана элек суук болору айтылууда. Мындай божомолду Европанын окумуштуулары Күндүн жаңы климаттык циклга кириши менен түшүндүрүшүүдө. Күн, анын ичинде Жер планетасынын жаңы циклга кирүүсү, биринчиден, күндүн активдүүлүгүн басаңдатса, экинчиден, аба агымынын багытын өзгөртөт дешет окумуштуулар.
ЕВРОПАДА -25-30 ГРАДУС СУУК КҮТҮЛӨТ
Кыштын суук болорун алгач британиялык климатологдор айтып чыгышты. Алардын божомолу боюнча, температуранын рекорддук төмөндөөсү октябрдын ортосунан башталат да, кыш айларында Европада -25-30 градус суук болушу мүмкүн. Нортумбрия университетинин астрономдору Күндүн активдүүлүк циклин изилдеп чыгып, 5-10 жылдан кийин Жер планетасын глобалдык суук капташы мүмкүн дешет. Күндүн активдүүлүгү азайып отуруп, температуранын минималдык көрсөткүчү 2022-2040-жылдар аралыгына туш келип, XIV-XIX кылымдардагыдай «кичи муз дооруна» алып келиши ыктымал. Эске салсак, 1312-1317-жылдары Европада аба ырайы кескин өзгөрүп: жай мезгилинде жаандын нормадан көп жаашы, кышкысын суук температуранын узакка кармалышы, сууктан улам түшүм болбой, тамак-аш тартыштыгынан ачарчылык башталган. Андан кийинки аба ырайынын глобалдуу төмөндөшү, башкача айтканда, Күндүн активдүүлүгүнүн эң төмөн болушу 1645-1715-жылдарга туура келген. Күндүн мындай «эс алууга» чыгуусу ар 300-400 жылда кайталанат дешет астрономдор.
«КЫШ СУУК ЖЕ ЖЫЛУУ БОЛОРУН АЛДЫН АЛА ЭЧ КИМ АНЫКТАЙ АЛБАЙТ»
Биз келе жаткан кыш суук болушу мүмкүнбү деген суроо менен Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаевге кайрылдык. «Аба ырайы суук болот деп алдын ала так божомол айтуу мүмкүн эмес» деген Итибаев алдыдагы кышта Кыргызстанды кандай аба ырайы күтөрү тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
– Дүйнөлүк практикада аба ырайына карата бир айлык гана божомол айтылат. Мисалы, биз азыр октябрь айында кандай аба ырайы күтүлөрү тууралуу айта алабыз. Ал эми 3 ай же андан көп убакыттын аба ырайын алдын ала айтуу мүмкүн эмес. Мисалы, Индонезияны алалы, алар аба ырайы кандай өзгөрөрүн 10 мүнөт эрте айта албай, цунами канчалаган кыйроолорго алып келди, миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды. Эң өнүккөн мамлекеттердин бири Японияны алалы, жер титирөө болорун, цунами жараларын 15 секунд мурун гана биле алышат экен. Бул техникасы өнүккөн мамлекетте ушундай болуп жатат.
Ал эми абанын температурасы боюнча айтсак, өнүккөн мамлекеттерде 1 айлык болжолдуу аба ырайын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кыргыз мамлекети дагы 3 жылдан бери бул практиканы ийгиликтүү ишке ашырып келет. Ал эми "кыш суук же жылуу болот, кыска же узун болот, кар аз же көп жаайт" деген болбогон сөз. Аны эч ким аныктай албайт. Былтыр да алдын ала «кыш жылуу болот» деп сөз чыгарышты эле, январдын 24үнөн 27сине чейин кандай суук болду?! Ошол мезгилде биз бир жума мурун "катуу суук болот" деп айтканбыз, туура чыкты.
Экинчиден, Кыргызстан тоолор курчап турган мамлекет, деңиз, океан деген жок. Ошондуктан бизде глобалдуу суук болбойт деп ачык эле айта алам. Гидрометеорология илиминде өтө суук деп -35 градус суук 12 күндөн ашык кармалып турган мезгилди айтылат. Былтыркы бизде болгон 3 күндүк суук мезгил китепчеге катталганы менен, гидрометеорологиялык катуу кубулуш деп белгиленбейт.
Окумуштуулар айтып жаткан глобалдык суук тууралуу божомолдор океандын, деңиздин жээгинде жашаган өлкөлөргө тиешелүү болушу ыктымал, анткени аларда суук 20-30 күн туруктуу турган мезгилдер практикада болгон.
Кыргызстан 4 мезгилди башынан өткөргөн, аба ырайы туруктуу мамлекет. Быйылкы жылда катталган бир өзгөчөлүктү айта кетсем, быйыл күздө былтыркыга салыштырмалуу нымдуулук нормадан төмөн болуп жатат. Башкача айтканда, жаан-чачын аз жаады. Биздин "68-76 пайыз гана жамгыр жаайт" деген божомолубузду өкмөт эсепке алып, энергетика тармагында колдоно билишти. Суу сактагычтарда, гидроэлектр станцияларында сууну үнөмдөп колдонушту. Бул быйыл кышында электр жарыгы үзгүлтүккө учурабайт дегенди билдирет.
«БЫЙЫЛ КАДИМКИ КЛАССИКАЛЫК КЫШ ПРИНЦИБИ ӨКҮМ СҮРӨТ»
Планеталардын, жылдыздардын жайгашуусу боюнча келе жаткан кыш мезгилинен кооптонууга негиз жок экенин айтат астролог Жанар Кадыралиев:
– Метеорологиялык астрологияда быйыл кадимки классикалык кыш принциби өкүм сүрөт. Кээ бир жылдарда же декабрь айы, башка жылы февраль же январь айы суук болгон учурлар бар. Быйыл кышында 2-3-январдан баштап 29-30-январга чейин туруксуз, өзгөрүлмө аба ырайы болот. Бир туруп күн жылып кетет да, кайра дароо суук болуп адамдар жүдөшөт. Бул убакыт аралыгында алыскы жолго чыккандар сак болушу керек. Өтө суук мезгил 10-18-январь аралыгында орун алат. Январдын аягынан февралдын 10доруна чейин республика боюнча катуу шамал болуп турат.
ЯПОНДОР ГЛОБАЛДУУ СУУК БОЛБОЙТ ДЕШЕТ...
Ал эми япониялык синоптиктер акыркы жылдардагы аба ырайына салыштыруу менен алдыда келе жаткан кыш айларында күтүлчү аба ырайына өз божомолун билдиришти. Алардын пикиринде, бир жылдан экинчи жылга салыштырмалуу жыл мезгилдериндеги өзгөрүү көрсөткүчү өтө жогору болбойт. Башкача айтканда, күтүлүп жаткан кыш мезгили былтыркы кыш мезгилинен 2-5 градуска гана айырмаланышы мүмкүн. Глобалдуу суук аба ырайы күтүлбөйт. Андан сырткары дүйнө жүзү боюнча бирдей климат болот деген да туура эмес. Ар бир өлкөнүн географиялык жайгашуу ордуна жараша жыл мезгилдериндеги аба ырайы ар түрдүү болот.
«Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы» деген сөз бар элибизде. Алдыда кылычын сүйрөгөн кыш келе жатат. Окумуштуулар, көзү ачыктар айтса-айтпаса да кыш келет. Былтыр Бишкекте ЖЭБ жарылып, эл аяз ышкырган үйдө тиши шакылдап, мурду кызарып отуруп калганын эске алып, алдын ала жылуулук камын көрүңүз.
Асыл Орозбекова
koom@super.kg