АНАРА АБЫЛОВА: «БАЛДАРЫМ ҮЧҮН ТУРМУШТУН СЫНООЛОРУ МЕНЕН КҮРӨШӨ БЕРЕМ. АНДЫКТАН ООРУБАШЫМ КЕРЕК»

Айрымдар "пенсияны чогултуп, чет өлкөгө саякаттарга чыгып турса болот" деп жатканда, мамлекетибиздин бир бурчунда, тагыраагы, Ысык-Көл облусунун Михайловка айылында күн кечирген Анара Абылова пенсиясын 3 баласын багууга жеткире албай келет. Дарттын айынан баспай калган каарманыбыз учурда элдин жардамына муктаж.

«ТУН КЫЗЫМ 6 ЖАРЫМ АЙЛЫК БОЛУП ТӨРӨЛГӨН»

Оорунун айынан баспай калган Анара айым «мен да эне катары балдарымдын чоңойгонун, алардын кыялдары орундалган күндү көргүм келет» дейт:

- Балдарым үчүн турмуштун сыноолору менен күрөшө берем, андыктан оорубашым керек. Оору келгиче мени тегеректеген 2 кызым, 1 уулум менен жакшынакай жашап, колубуздан келген тиричилигибизди кыбыратып жатканбыз. Кичине кезимде оору деген эмне экенин билбей чоңойдум. Дарт бутумдан чалып жыгып, төшөккө кептеп койбодубу... Врачтар ревматоиддүү артрит деген диагноз койгон, жарым жылдан бери такыр эле баспай калдым.

20 жашымда турмушка чыктым. 1996-жылы тун кызыбыз Нестан 6,5 айлык болуп 700 грамм салмакта жарыкка келген. 2 ай вакуумда жатып, 1 килограмм болгондо үйгө чыгарып кеткенбиз. Врачтар кызым ДЦП экенин айтып, 1-топтогу майыптыкка чыгарышкан.

«АПАМ ДА МЕНИКИНДЕЙ ДАРТТАН ЖАПА ЧЕГИП ЖҮРҮП КАЗА БОЛДУ»

- Экинчи кызыбыз 2000-жылы жарыкка келди. Азыр 18ге чыкты, мени карап, багып жаткан ошол кызым. Жогорку окуу жайына окутайын десем шарт жок, анын үстүнө мага каралашар андан башка адам жок. Жаш болсо да түйшүктүн баарын өз моюнуна көтөрүп жүрөт. Мага болсо дарт уулум жарыкка келгенден кийин, 2013-жылы жабышты. Төрөгөндөн 3 айдан кийин денем бир аздан шишип баштаган, андан көп өтпөй бутум аябай шишип кеткенде ооруканага барсам дарыгерлер артрит деп диагноз коюшту, ага кошумча жүрөгүм да ооруйт экен. Врачтар оорунун эки себебин айтып жатышат. Биринчиси, тукум кууйт дешти. Мунун да чындыгы болушу мүмкүн, анткени апам так эле меникиндей дарттан жапа чегип жүрүп, 2 жыл мурун жүрөгү кармап каза болду. Экинчи себеп, төрөгөндөн кийин жакшы тыңыбай калгандан, катуу суук тийгенден улам жаралышы мүмкүн экен.

«ВРАЧТАР ЧЕТ ӨЛКӨДӨН ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТЫШЫҢ КЕРЕК ДЕШТИ»
- Жолдошум 4 жыл мурун каза болуп калган. Балдарымды бакканга ата-энем көп жардам берди. Мен ооруп калганда да ар кайсы ооруканага алып барып, дары-дармегимди алып берген ата-энем эле. Апам каза болгондон кийин, күйүттөн чыга албай койду окшойт, бир жыл өтпөй атам да мени таштап аркы дүйнөгө кете берди. Экөөнү катары менен жоготкондон бир ай өтүп-өтпөй, былтыр ноябрда бутум баспай калды. Түрдүү дарыларды иче берип бөйрөктөрүмө да күч келип, ооруканага жатып калдым. Анда бир туугандарым акча чогултуп чуркап жүрүп дарылатышкан. Бирок ар кимисинин өз түйшүгү, өз үй-бүлөсү бар да, кечке эле тынчын ала бергенден да тартынат экенсиң. Бирин-экин малыбыз бар эле, акча керек болуп баарын саттык. Азыр врачтар «сол бутуңа операция жасатсаң болот, бирок ал операция чет өлкөдөн жасалышы керек. Каражат топто» дешти. Мен 2-топтогу, кызым Нестан 1-топтогу майыппыз, ошого берилген пенсия менен жашап келе жатабыз. Башкасын жыйыштырганда деле тамак-аш, кийим-кече, дары-дармек сөзсүз алышыбыз керек.

«НЕСТАНДЫН БУТУ ЭЛЕ БАСПАГАНЫ БОЛБОСО ӨЗҮ ТЕТИК, АЯБАЙ ЗЭЭНДҮҮ КЫЗ»
- Өзүм кол өнөрчүлүк менен алектенип, чет өлкөлүк туристтерге сувенирлерди саткан уюмдар менен иштешчүмүн. Азыр колум да иштөөгө жарабай калды. Мага кошулуп улуу кызым Нестан да шуру жасап, сокмо сокконду үйрөнүп алган. Нестандын буту эле баспаганы болбосо өзү тетик, аябай зээндүү кыз. Башында мектепке берсек албай коюшкан, эми кеч болуп калды. Үйдүн ичинен жөрмөлөйт, чыгырык (ходунок) менен бир аз басат. Тынч отурганды такыр жактырбайт, эл менен аралашып сүйлөшкүсү келет. Нестан кээде отуруп алып «эмне үчүн мен элден кеммин? Мен деле окусам, иштесем жакшы болмок» деп ыйлап, жүрөгүмдү оорутат. Спортко кызыгат, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында өткөн кол күрөшкө дайыма катышып турат. 2 жыл мурун райондук мелдеште 1-орунду алып, мактоо баракчасы, белектер менен сыйланды. Андан кийин облустук мелдешке барып да белек алып келди. Эл менен аралашканда көңүлү ачылып, маанайы көтөрүлүп калат. Отурган жумуш болсо да иштесем деп кыялданат. Эне катары балдарым чоңоюп, кыялдары орундалган күндү чогуу көргүм келет.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Майып эне:“Кээде уйкудан ойгонбой эле калсам дейм, бирок балдарымды ким карайт?”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
jaskaaa
2018-10-10 22:51:50
Карангы түндө кийин таң атат. Сиздерде да жакшы күндөр болот деп ишенем.
+3
Alia82
2018-10-13 01:14:55
Кудайым колдоп жашоонуздар жакшы нукка бурулсун, Алладан тилениз, мумкунчулук болсо намаз окуп дуа кылыныздар,Алла Таала тилегиниздерди берсин
+1
Aigerim.95
2018-10-14 01:06:52
Кантип жардам берсек болот?? Телефон номери же банктагы эсеп картасы барбы???? Админ????
0
Асылжан
2018-10-15 16:55:38
Aigerim.95, Анара Абылованын номери 0777 741968
0
№ 831, 5-11-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан