КҮЙҮҮЧҮ МАЙ ЭМНЕГЕ КЫМБАТТАП КЕТТИ?

Бул жылы өлкөбүздө күйүүчү майга болгон баа туруксуз болуп, улам өзгөрүүдө. Тилекке каршы, айдоочулар үчүн бул туруксуздук зыянын гана тийгизет. Бишкекте 2016-жылы жай мезгилинде АИ-92 үлгүсүндөгү бензин – 36 сом, дизелдик отун – 32 сом болгон. 2017-жылы АИ-92 – 39 сом 90 тыйынга, дизелдик отун – 36 сом 90 тыйынга жеткен. Ал эми 2018-жылдын январь-сентябрь айларында бензин орточо эсеп менен 2 сом 90 тыйынга, ал эми дизелдик отундун баасы 5 сом 20 тыйынга кымбаттады. Мындай тез темп менен баанын өсүшүн токтотууга мүмкүнбү деген суроо менен бул тармакты түшүнгөн адамдарга кайрылдык.

11-октябрга карата Бишкек шаарындагы күйүүчү майлардын баалары:

АИ-95 – 46 сом 30 тыйын

АИ-92 – 43 сом 80 тыйын

Дизелдик отун – 45 сом 50 тыйын

БААНЫН ЖОГОРУЛАШЫ ЭЛДИ ОЙГО САЛАТ

Азыркы күндө автоунаасыз жашоону элестетүү кыйын. Ошол себептен унаанын азыгы болгон күйүүчү майларга талап дагы жогору. Андыктан күйүүчү майлардын кымбатташы көпчүлүк айдоочулардын көңүлүн бурдурат. Коомчулуктагы талкууларда айрымдар бааны жөнгө сала албай жатканына өкмөттү күнөөлөп жатышса, айрымдары «Газпром» монополистке айланганынан улам баалар асмандап жатат деген пикирде. Баанын кымбат болуусуна нааразы болгон катардагы айдоочулардын бири Мирлан Сартпаев:

– Мен алгач машина айдап баштаганда, 2002-жылдары бензиндин баасы 17 сом болчу. Азыр 43-44 сомдон. Баанын мынчалык тез көтөрүлүп баратканы ойлондурат. Мамлекет бааны 36-37 сомго түшүрүп, туруктуу кылып койсо жакшы болмок. Мен өзүм бензинди “Red Petroleum” май куюучу бекеттеринен куям, себеби баалары арзаныраак. Тилекке каршы, Бишкекте “Red Petroleum” бекеттери аз болгондуктан “Газпром” компаниясынын кызматын пайдаланууга да аргасыз болуп калам. “Газпромдо” ошол эле бензин, бирок баасы кымбат.

“ГАЗПРОМДУН” МОНОПОЛИЯСЫ ЖОЮЛГАН”

Күйүүчү майларга болгон баалардын кымбатташы тууралуу Мунай сатуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов буларды айтат:

– Баалардын өсүшүнүн негизги себеби – Орусияда баалардын кескин көтөрүлүшү болуп саналат. Өзгөчө июль айларына чейин күйүүчү майларга болгон баа аябай көтөрүлгөн. Акыркы эки айдын ичинде баалар салыштырмалуу туруктуу бойдон сакталууда.

Орусиядан күйүүчү майлар Кыргыз жергесине эч кандай төлөмсүз ташылып келинет. Бул баанын арзан болушуна таасирин тийгизет. Ошол эле учурда азыркы тапта Кыргыз өкмөтү Казакстан менен күйүүчү майды импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Казакстандын өзүндө күйүүчү майдын баасы төмөн, бирок экспортко кандай баада чыгарат, азырынча белгисиз. Ал эми “Газпром” эч кандай монополист эмес. Себеби 2 жылдан бери ал компания өлкөнүн түндүк бөлүгүндө гана иш алып барып келет. Калган май куюучу бекеттерин ижарага беришкен. Ошондуктан азыр алардын бекеттери башка компаниялардыкынан аз. Бул тармак бир гана “Газпромдон” көз каранды деген жаңылыштык.

“КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН КЫМБАТТАШЫ ТЫШКЫ ФАКТОРДОН КӨЗ КАРАНДЫ”

Монополияны жөнгө салуу агенттигинен күйүүчү майдын кымбатташын тышкы факторлорго, анын ичинде Орусиянын рыногундагы абалга байланыштуу деп билдиришти. Мамлекеттик агенттиктин башкы адиси Санжарбек Кокошеров төмөнкүлөргө токтолду:

– Кыргызстандын күйүүчү май рыногу импорттон, баанын кымбатташы тышкы жана ички факторлордон көз каранды. Быйылкы болуп жаткан өсүштөр тышкы факторлордун натыйжасы деп айтсак болот. Негизги себеби, албетте, Орусияда жана дүйнө боюнча мунайдын кымбаттоосу. Мындан тышкары мунайды кайра иштетүүчү заводдор оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу иштебей калышат. Ошол учурларда мунай заттарына болгон суроо-талап өсүп, натыйжада рыноктогу баа көтөрүлөт. Күйүүчү майга болгон баанын өсүүсүнө Европада Орусиянын мунай заттарына болгон суроо-талаптын өсүшү, рублдун кунунун түшүшү да себеп болгон.

"Күйүүчү май рыногун монополисттер ээлеп алган, атаандаштык жок" деген ойлор туура эмес. Өлкөдө бул жаатта 20дай компания иш алып барат. Кыргыз жергесинде жалпысынан 600дөн ашык май куюучу бекеттер бар, алардын 300дөйү ири бекеттер болуп саналат. “Газпромдун” 38 гана бекети бар. Мындан башка “Партнёр нефть”, “Petroleum”, “Кыргыз мунай” деген ири компаниялар иш алып барат.

“КҮЙҮҮЧҮ МАЙЛАРДЫ АЛЫП КЕЛҮҮ БУЛАКТАРЫН КӨБӨЙТҮҮ КЕРЕК”

"Бааны арзандатуу үчүн күйүүчү майларды алып келүү булактарын көбөйтүү керек" деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Абдимуктар Маматов билдирди:

– Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын дээрлик 90 пайызы Орусиядан келет. Ошондуктан биз бир мамлекеттен гана алып келинет дебей, альтернативдик жолдорду издешибиз керек.

Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” компаниясы чийки заттын жетишсиздигинен толук кубаттуулукта иштебей жатат. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда чийки затты импорттоо боюнча келишимдер түзүлгөн. Бирок компания ал жактан чийки затты ташып келишкен жок. Себеби ал жактан келген таза күйүүчү майдын баасы чийки затты ташып келип кайра иштеткен баасынан арзан болуп калууда.

ЖОГОРУ ГАНА ӨСКӨН БААЛАР

Улуттук статистика комитети билдирген маалымат боюнча, ушул жылдын 7 айынын ичинде күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалар өткөн жылга карата республика боюнча 9 пайызга өстү. Дизелдик отундун баасы 13,6 пайызга өссө, бензин 8,3 пайызга жогорулаган. Өлкөдө күйүүчү майдын баасынын жогорулашы Орусиядагы кымбаттоо менен дээрлик бирдей.

АТААНДАШТЫК БААНЫ АРЗАНДАТЫШЫ МҮМКҮН

2018-жылдын июнь айында Казакстандын улуттук “Казмунайгаз” компаниясынын башкармалык төрагасынын орун басары Данияр Тиесов ушул жылдын күз айынан баштап компания Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан, Тажикстанга 400 миң тонна өлчөмүндөгү күйүүчү майды жеткирери тууралуу айткан эле. Келишимге кол коюлса 2019-жылы экспорттун көлөмү 1-1,2 миллион тоннага жетиши мүмкүндүгүн билдирген. Июль айында Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети 200 миң тонна чийки мунайды, 400-500 миң тонна бензинди, 200 миң тонна дизелдик отунду Казакстандан эч бир төлөмсүз алып келүү ниетин билдирген. Азырынча бул келишим тууралуу эки өлкө сүйлөшүп жаткан чагы.

Эгер Казакстан менен төлөмсүз алып келүү жөнүндө келишим түзүлсө, анда күйүүчү майдын баасы арзандашын күтсөк болот. Анткени биринчиден, жол жакын, демек ташып келүү чыгымы аз. Экинчиден, ал жактан “Газпром” же “Роснефть” эмес, өзүбүздүн жергиликтүү же коңшу мамлекеттин компаниялары ташып келишет дагы, атаандаштыктын эсебинен баалар арзандайт деген божомол бар.

2017-жылы Кыргызстан 1,2 миллион тонна күйүүчү майды колдонгон. Биздин өлкө күйүүчү майсыз жүргөн унааларды дээрлик колдонбойт. Ушул жылы өлкө башчы Кытайга болгон иш сапарынан соң электромобилдерди өлкөбүздүн аймагында чыгаруучу завод куруу тууралуу сүйлөшүүлөр болгону айтылган. Бирок бул азырынча сөз бойдон калууда. Демек, күйүүчү майга болгон суроо-талап күчүндө кала берет...

Кубан Жумамидинов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
elhan123
2018-10-16 17:58:04
Казакстандан келе баштаса жакшы болмок
+2
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан