Зина Турдалиева, Бишкек шаарынын тургуну: “АКЧАСЫНЫН КЕРЕГИ ЖОК. БАЛАСЫН БЕРСЕ БАГЫП АЛМАКМЫН”

“Өз балдарымды кагып-силкип урушам, бирок Эрболго анте албайм. Себеби ал бирөөнүн баласы. Бирок өз баламдай жакшы көрөм...” Уулу Эрбол тууралуу айтып берип жаткан 32 жаштагы Зина айымды мен балапанын канатына калкалаган канаттууга окшоттум. Анда сөздү каарманым уласын.

“БАККАН АКЫМДЫ КОЙ, БАЛАНЫН ТАМАГЫ БАРБЫ ИШИ БОЛГОН ЖОК”

– Окуя 2,5 жыл мурда болгон. Бир тааныш кыз мага “бала багуучу болуп иштебейсиңби, акысын күнүнө 600 сом төлөп берет экен” деп калды. Ал убакта 5 жаштагы кызымды карап үйдө отурчумун, ойлондум да, макул болдум. Мага бул жумуш ыңгайлуу болчу, кызыма кошуп бага берсем, акча да тапмакмын. 4 айлык уул баланы апасы менин үйүмө алып келип берди. Наристенин апасы 1995-жылы туулган Диларамхон (Диля) деген өзбек улутундагы келин экен, “Оштун Он-Адыр айылынан болом” деди. Казак жигитине турмушка чыгып, коңшу мамлекетте жашап жүрүп, ажырашып кетип Бишкекке баса бериптир.

Алгачкы 5 ай баласын баккан акымды берип жүрдү, андан кийин эле жок болуп кетти. Менин акымды кой, баласынын жалаягы, тамагы барбы-жокпу иши болгон жок.

“БАЛАМДЫ БЕРБЕСЕҢ, СЕНИН КЫЗЫҢДЫ ӨЛТҮРӨМ ДЕП КОРКУТАТ”

– Диларамхон баласын Сардор деп чакырчу, бирок туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө аты Эрбол деп жазылган. Бизге да Эрбол деп чакырган ыңгайлуу болуп Эрбол атап алдык. Калп айтпасам, 3 жыл аралыгында апасы баласын баш-аягы 10 чакты жолу келип көрдү окшойт. Көчөдөн башка бирөөнүн кичинекей баласын көрсөң да ичиң элжирейт го. Диля келгенде өз баласын көзүнүн кыйыгы менен бир карап койчу да, телефонун чукулап отуруп алар эле. Мен “ай, балаңды карасаң боло, эркелетип, мээрим төксөң боло” деп эле жаман көрүнө берчүмүн. Ошентип жүрүп дайыны чыкпай калды. Бир күнү ачуум келип телефон чалып “бала кереги жок болсо мага бер” дедим. Кайдан, кайра “Эгер баламды бербесең, “Ош базарындагы” чөнтөкчүлөргө акча берип коём, алар сенин кызыңды өлтүрүп кетишет” деп коркутуп чыкты.

“АПАСЫ СОЙКУКАНАДА ИШТЕЙТ ЭКЕН”

– Бир жыл Эрболду баккандан кийин, өзүм төрөп калдым. Ошондо уят-сыйытты жыйыштырып эле Диляны издеп бардым. Тааныштарым аны базар жактан көргөнүн айтышты эле, барсам, “Ош базарынын” жанындагы Кулиев көчөсүндөгү сойкуканалардын биринде иштейт экен. “Эй, акчамды бербейсиңби?” десем, “акча жок болуп жатат, жумуш жакшы болбой эле” деп мени шылдыңдагансып 200 сом карматты. Анан “эже, Түркияга кетип жатам, акча таап сизге салып турам” деген, ошол бойдон дагы жок.

Түркияга баргандан кийин бир жолу телефон чалган, кийин кааласа менин номеримди блокко салып коёт, каалаган убакта кайра чыгарат. Акыркы убакта "ушул бойдон кетсе кетсин, баланы өзүм багып алам" деген ойго жетелене баштадым.

“ЭНЕСИ МЕНДЕН АЛЫП КЕТСЕ БАЛАМА ЖАКШЫ ЖАШОО КӨРГӨЗБӨЙТ ГО”

– Энеси жок деп жаш баланы кантип көчөгө таштайм? Балада эмне күнөө?! Эрболум “мамалап” эле турат, азыр 3кө чыгып калды. Берки балдарымды кагып-силкип, “ары тур, бери тур” деп урушуп коём. Эрболду анте албайм, көрсөм эле жүрөгүм бир башкача согуп, коргогум келип кетет. Азыр Эрбол үчүн бала багуучу жалдагам, кечинде жумуштан кийин шашып үйгө барам “бала багуучу уруп койбоду бекен, ыйлап калган жокпу” деп. Кызым да Эрболду жакшы көрөт, экөө аябай жакын. Кызым эртең менен мектепке даярданса кичинекей неме түшүнбөйт да, “эжем меники” деп ээрчип ыйлайт. Кызымдын, уулумдун кийимдерин кошо кийип эле чоңоюп келе жатат. Аны башкага бергенимди элестете албайм. Биринчиден, өзүмдү ойлойм кандай абалда калам деп. Экинчиден, ал кандай күнгө туш болот деп корком. Энеси менден алып кетсе жакшы жашоо деле көргөзбөйт го балама (Зина айым токтоно албай ыйлап жиберди).

“ЭРБОЛ 7 АЙЛЫК БОЛУП ТӨРӨЛГӨН ЭКЕН, КИЧИНЕСИНДЕ КӨП ООРУДУ”

– Эркек адамдын ой жүгүртүүсү башкача болот экен. Жолдошум күн сайын жемелейт “бирөөнүн баласын эмнеге багып отурасың, бер өз ата-энесине. Бала деген чоң жоопкерчилик, эртең бала ооруп же дагы башка нерсе болсо сен жооп бересиң, өзүң күнөөлүү болуп каласың. Баламды бербей жатат деп арыз жазса камалып кетесиң” деп. Бир чети анын айтканы деле туура.

Эрбол 7 айлык болуп төрөлгөн экен, кичинесинде көп ооруду. Бир канча жолу ооруканада жатып дарыланып чыктык. Жолдошум экөөбүз деле ашынган бай эмеспиз, батирде турабыз. Эрболдун дары-дармегине акча таппай канча кыйналдык. Ошондо энеси бир басып келип кабар алган жок. Ооруган баласын бир кайрылып көрбөгөн немени эне деп айтууга татыктуубу? Ушундай энелерди жоопкерчиликке тарта турган мыйзам барбы? Же энеси жок дегенде кат жазып койсо “Зина эже, болду бала мага кереги жок. Сиз багып алыңыз” десе, андан үмүтүм үзүлүп, санаам тынып калат эле. Мага акчасынын деле кереги жок, баладан баш тартса, энесинен жакшы багып алмакмын.

“АТАСЫ АЛМАТЫДА ДЫЙКАНЧЫЛЫК МЕНЕН АЛЕКТЕНЕТ ЭКЕН”

– Эрболдун атасын таап, байланышкам. Алматыда жашаган, дыйканчылык менен алектенген жигит экен. Ал вотсапптан жазып “баламды баккан акчаңызды төлөп берем, анан баланы алып кетем” деп айтат. 3 жылдык баккан акымды төлөй деле албайт го.

5-октябрда бир бейтааныш кыз телефон чалыптыр “Диля Бишкекте убактылуу кармоочу жайда жатат. Жардам бергиңер келсе дарегин берейин” деп. “Баласын бакканым аз келгенсип, өзүнө да жардам берейинби?!” деп урушуп коюп салгам. Бирок ошондон бери жанымды коёрго жер таппай, азыр келип колумдан жулуп кетчүдөй болуп түн уйкудан калдым, ишенсеңер. Санаам чыдабай ал кармалган РИИБге бардым. Тергөөчү менен сүйлөшсөм, Түркияга кеткенге чейин бирөө менен мушташып, анын машинасын талкалап салып качып кеткенин айтты. Түркиядан 5-сентябрда келери менен кармалып, азыр убактылуу кармоочу жайда экен, ноябрда соту болот дешти.

Эми энеси келип алып кетсе Эрбол кандай адамдын колуна түшөт? Мен өзүм ата-энеси жок чоңойгом, ошондуктан анын келечегин ойлоп бушайманмын. Канткенде баланы өзүмө алып кала алам? Энесинин кылык-жоругу үчүн аны энелик укуктан ажыратса да, баламды атасы алып кетип калат го? Алып кетсе мен бат-бат барып көрүп, кабар алып туруума мүмкүнчүлүк болобу?

“АТА-ЭНЕЛИК УКУКТАН АЖЫРАТЫЛГАН УЧУРДА ГАНА БАЛАНЫ БАГЫП АЛА АЛАСЫЗ”

Каарманыбыздын суроолоруна жооп алуу максатында юрист Калыйнур Батыралиевге кайрылып, төмөндөгүдөй жооп алдык:

– Баланы асырап алуу үчүн тиешелүү органга – Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын алдындагы Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмгө кайрылуу керек. Баланы багып алуунун өз эрежелери бар. Ата-энелери төмөнкүдөй болгон балдарды асырап алууга болот:

* каза болгон;

* баланы асырап алууга жазуу жүзүндө макулдук берүү жөнүндө арыз берген;

* ата-энелик укугунан ажыратылган жана калыбына келтирилген эмес;

* сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, кайсы жерде экендиги белгисиз деп табылган же каза болду деп жарыяланган;

* ата-энеси ким экендиги белгисиз деп таанылган.

Сиздин абалыңызда, баланын ата-энесин ата-энелик укугунан ажыратып, анан багып алууга туура келет. Ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө иштер ата-эненин биринин (же аларды алмаштыруучу адамдын), прокурордун арызы, ошондой эле жашы жете элек балдардын укугун коргоо милдети жүктөлгөн органдардын арызы боюнча каралат.

Атасы да, энеси да ата-энелик укуктан ажыратылган учурда гана баланы багып алууңузга мүмкүн. Ал эми бала ата-энесинин биринин колунда кала турган болсо, алар баланы сизге жолуктурабы же жолуктурбайбы, бул мамилени мыйзам жөнгө салбайт.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
aipo89
2018-10-16 09:44:17
Ушундай мээримдүү адамдар бар үчүн дүйнө кармалып турса керек...
+38
fanatka19
2018-10-16 10:18:48
Бироонун баласын багуу азыркы учурда ото кыйын эженин омуру узун болсун. Кудайдан болуп баланы сизге эле берип калса экен.
+41
Snikers18
2018-10-16 11:32:29
Зинадай мээримдүү энелер бар болгула. Ушундай энелерге таазим.
+26
Haanykeeim
2018-10-16 13:56:28
Бала төрөгөндуку эмес,баккандыкы деген туура да.сиздей мээримдуу аялдар көбөйө берсин элибизде,жерибизде.
+22
engel
2018-10-16 14:19:23
Тиги ХХХ бул баланын шорун агызат го алса кор кылып эптеп ушул эже эле алып калса экен...
+22
Mydearzh
2018-10-16 16:23:43
3 жыл бою баласын башка бироого таштап баса берген энени (атаны) эмнеге ата-энелик укугунан ажыратышпайт?...
+21
ainura220888
2018-10-16 18:29:42
Эже башка туулгандыгы тууралу куболук алып алыныз озум тородум деп. 5-6мин берсениз бутот. Келсе менин балам деп койосуз. Же качып кетириз. Атасына деле бала керек болсо жердин жети кабатына болсода бармак. Значить сизге эле керек ал бала башка эч кимге кереги жок
+13
dina
2018-10-17 00:18:16
ainura220888, кайсы жерден 5-6минге бутот? Аяшым озу торогон балага куболук алалбай жатат))
+4
Pandora
2018-10-17 11:24:31
dina,Неге ала албай жатат? Мен жакында эле бироону уктум Москвадан бироо тороп таштаган баланы кыргызстанга алып барып,ошол жактан метиркасын алыптыр деп,Москвадан ала алган эмес экен эле.Акчанын кучуго баардык жерде эле.
+4
originalkgz96
2018-10-16 22:55:56
Эхх ыйлатты го
+1
Pandora
2018-10-17 11:26:12
Юристтин айтканы иштебей калдыгоо,откондо депутат айтты элего,бироо балдарын убактылуу ташиап кетсе,башкаларга сатып жиберишкенин.
0
Shaa-82
2018-10-17 13:00:16
Менин оюмда энеси уже кочодо калыптырда ошондо, сойкулук кылса, мушташса, жакында соту болсо баланы алса бага албайт ошого да албайт баласын. Алса да чонойгондо келип талашышы мумкун.
0
Fanatic
2018-10-17 16:57:08
Кж болбонуз бала торогондуку эмес баккандыкы эгер сот сизге баланы калтырбаса ошол сот орган закон пакону менен жерге кирип кетсин
0
Samat777
2018-10-18 00:26:00
Энесине берсин, бирөөнүн баласын эмне кылат. Баласы жок болсо бир жөн. Суу ичсе да энеси менен болсун.
-5
Benazir08
2018-10-19 19:23:27
Окмотко эле откоруп берсин озбек кызга алдангандан коро синдиниздин баласын убактылуу багып бербепсиз уй жайын кылганга жардам болмок. Бирок баккан бала ширин болот
0
№ 832, 12-18-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан