Талантбек Орозалиев, өрт өчүрүүчү: «БИР ҮЙДӨН КАЗА БОЛГОН 3 КЫЗДЫН ДЕНЕСИН АЛЫП ЧЫКТЫК...»

Өрт! Аталышы эле сүрдүү угулган бул тилсиз жоо менен жекеме-жеке чыккандар, албетте, өрт өчүрүүчүлөр. 25 жылдан ашуун өрт өчүрүүчү кызматында иштеп келе жаткан Талантбек Орозалиев менен кесибинин оош-кыйышы тууралуу маектештик.

– Талантбек мырза, айтсаңыз, эмнеге башка кесип эмес, өрт өчүрүүчү болууну кааладыңыз?

– Балалыгым Чүй облусунун Аламүдүн районунун Горная Маевка айылында өттү. Кичинекей кезде “мен чоңойгондо баланча болом” деп эмне жакса, ким жакса, ошого таасирлене берчү элек. Биздин айылда Мирбек Тентиев жана Нурмат Келдикулов деген байкелер өрт өчүрүүчү болуп иштешчү. Алардын жанына барып калганыбызда жумушта болгон кызыктуу окуяларын айтып беришет, мага окшогон жаш балдар кулагыбызды элейте угуп отурабыз. Ошол кишилердин таасири менен менде өрт өчүрүүчү болсом деген кыял пайда болду.

Мектепти бүтөрүм менен, 1990-жылы аскер кызматымды өтөө үчүн жөнөп кеттим. 2 жыл кызмат өтөп келип, кыялыма жетейин дедим да, баягы байкелерге барып өрт өчүрүүчү болуунун жолдорун сурадым. Анан документтеримди топтоп алып Бишкектеги Өрттөн куткаруу кызматынын башкармалыгына бардым. Ошентип жумушка кабыл алынып, атайын даярдоо курсунан өттүм. Азыр Бишкектин Ленин районунун Өрттөн куткаруу кызматынын №6-бөлүгүндө 2-кароолдун команда башчысымын.

– Өрт өчүрүүчүнүн күнү кандай башталат?

– Эртең менен жумушка чыгарыбыз менен бизге тиешелүү аймакка чалгындоо иштерин жүргүзөбүз, коопсуздук эрежелери боюнча инструктаж өтүлөт, кайсы жолдордо тыгын болуп жатканы менен дайыма кабардар болуп турушубуз керек.

– Жумушка жаңы киргендеги кызыктуу окуялар менен бөлүшө кетсеңиз. Тажрыйба топтогончо бир топ эле күлкүлүү учурлар катталса керек?..

– Албетте. Эң алгачкы өрт өчүрүүгө чыкканым да кызык. Мурда азыркы борбордук аянтта зоологиялык музей бар эле. Ошол жактан өрт чыкты деп чакыруу түшүп, бардык. Имараттын жер төлөсүндө фотосалон бар экен, ошол жактан өрт чыгып, үстүн дагы түтүн каптап жатыптыр. Музейдеги жаныбарларды четинен алып чыгып жатабыз. Өзүм жыландан аябай корком да, кашайып 3-4 чоң жыланды эшикке алып чыгыш керек болуп калды. Жанымда орус улутундагы жигит бар, ал жыландын башынан, мен куйругунан кармап келе жатам. Эшикке чыкканыбызда жылан тиги баланын колунан тиштеп алыптыр, ал кыйкырса артта туруп мен бакырып, экөөбүз ызы-чуу түшүп калдык. Акыры колубуздагы жыланды ыргытып ийдик. Өзүбүзгө келгенден кийин кайра кармап келгенбиз. Ошол окуяны эстеген сайын каткырып алам.

– Өрт өчүрүүчүгө тиешелүү негизги сапаттар кайсы? Кандай адам “мен өрт өчүрүүчү боло алам” дейт да, кандай адам “кой, башка кесиптин эшигин кагайын” деши керек?

– Өрт өчүрүүчү болуш үчүн негизгиси эрки күчтүү адам керек. “Өрт – тилсиз жоо” деп бекеринен айтылбайт, аны менен тамашалашып отура албайсың. Андыктан анча-мынча нерви жука, эрки бош адам бул кесипти тандабай эле койгону оң. Андан сырткары сөзсүз аскер кызматын өтөп келген, физикалык жактан мыкты даярдыктагы жигиттер кабыл алынат. Андай болбосо иштеп кетиши кыйын.

Бир мисал айта кетсем, Бишкектин Кызыл-Аскер районунан чакыруу түшүп барсак, бир үйдү түтүн каптап калыптыр. Ичине кирип 5, 8 жана 13 жаштагы 3 кыздын денесин көтөрүп чыктык. Бир үйдөн бир учурда 3 секелек кыз каза болгон. Бул көрүнүштү элестетип жатасызбы кандай оор экенин?! Ата-энеси Жаңы жылды майрамдайбыз деп кыздарын калтырып, үйүн сыртынан бекитип кетишиптир. Керебеттин жанына плитаны сайып коюшкан экен, кыздар уктап калганда плитанын үстүнө төшөк түшүп калып, быкшып түтөй бериптир. Анан байкуш кыздар иске ууланып чарчап калып жатпайбы. Ошол жапжаш кыздар бул дүйнөдө эмнени көрдү дейсиз, эч нерсе! Бул кырсыктын алдын алса болот эле... Негизи көпчүлүк учурда өрт адамдардын өзүнүн шалаакылыгынан улам келип чыгат.

– Жогорудагыдай көрүнүштөргө чыдаш үчүн чындыгында жүрөк керек. Жумушуңуздун оорчулугун арттырган дагы кандай жагдайлар болот?

– Ар бир кесиптин оорчулугу эмес, кыйынчылыгы болот. Биздин кесиптин кыйынчылыгы жолдогу тыгындар. Биздин кызматты түшүнүп жол бошоткондор, тескерисинче, тоскоолдук жараткан айдоочулар кезигет. Беш кол тең эмес. Бир жолу Бишкектин Киркомстром тарабына чакыруу түштү. Өрттөнүп жаткан үй орус улутундагы кемпирдики экен. Кошуналары кемпир бир аз мурун эле короодо жүргөнүн, эми көрүнбөй калганын айтышты. Көрсө, ал кемпир документтерин алганы кирип, кайра чыга албай калган экен, алып чыкканбыз.

Кээ бир адамдар бар, өрттүн күчүнө анчейин маани бербей, өз өмүрүн тобокелге салган. Биз өзүн куткара албай жатсак, “баланча буюмумду алып калайын” деп кайра өрткө жулунушат. Өрт өчүрүүчү унаага ылайыктуу жер издесең өрттү кызыгып караган адамдардан орун жок, аларды таратып, биз иштегенче алтынга тете убакыт кетет да.

Дагы бир жагдай, өрт өчүрүүчүлөргө тиешелүү техниканын өз мүнөздөмөсү болот. Аны баары биле бербейт. Азыркы биз айдап жүргөн унааларга 4 тонна суу батат, 2 тонна суу баткандары да бар. Биз диаметри 51 миллиметр суу жең (пожарный рукав) менен иштегенде 2 тонна суу 10 мүнөттө түгөнөт. Диаметри 77 миллиметр суу жеңдер менен иштегенде унаадагы суу 5 мүнөткө эле жетет. Анан 5-10 мүнөттө суу түгөнүп калса эл ызы-чуу чыгарып жиберишет “суусу жок келишти” деп. Андай эмес. Биздин унааларда дайыма суу толуп даяр турат.

– Кесибиңизде эмнени ийгилик катары санайсыз?

– Канчалык эрте барып жарандын өмүрүнө коркунуч келбегидей сактап калсам, үй-мүлкү өрттөнүп жаткан адам болушунча аз чыгым тарткыдай болсо – ошол менин ийгилигим. Канчалык чарчасаң да куткарып калган адамдардын ыраазычылыгын укканда жаның жай ала түшөт. Бул кесипти тандап алганыма өкүнбөйм, сыймыктанам. Канча элдин кызматындабыз, канча элге жардам беребиз, канча элдин батасын алабыз.

– Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдөн өрт чыккан учурда өрт өчүрүүчү машиналардын краны 8-9-кабатка чейин гана жетет деп уккам. 8-9дан жогорку кабаттагылар күйсө эмне болот?

– Көп кабаттуу үйдүн ар бир кабатында атайын ички крандар жайгашкан. Ал крандарга үйдүн жер төлөсүнөн басымды жогорулатуучу атайын насосторду кошобуз да, алар аркылуу өрттү өчүрөбүз. Көп кабаттуу үйлөрдөн өрт чыккан учурларда 8-9-кабатка чейинки үйлөрдү өчүрө турган унаалар бар. Буюрса, 2019-жылы Түштүк Кореядан атайын техникалар келет деп турабыз.

– Жалпы элге коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча элге кеңеш айта кетсеңиз.

– Кыш мезгили келе жатат. Элдин баары үйүн жылуулоого өтүшөт. Ачык зымдарды жаңыртуу кажет, жылыткыч, плиталарды сайган бойдон кароосуз калтырбаш керек. Үйдөгү от жагылчу мештин жылчыктарын бүтөбөсө, өрт чыгуу коркунучу жогору болот. Негизгиси жаш балдарды үйдө жалгыз калтырбайлы. Кырсыкты кайдан деп болбойт, бирок өрткө тиешелүү эрежелерди аткарсак, көп балээнин алдын алган болобуз.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
asil-08
2018-10-23 14:29:17
Ишинизге ийгилик, Кудайым боодо кырсыктан сактасын кыргыз элибизди оомин.
+11
Alia82
2018-10-28 16:11:46
Азаматсыз, ишинизге ийгилик!!!
+1
Aigerim1982
2018-11-01 23:43:54
Чыныгы эрдик! Дайым кудайым колдосун сиздерди. Адам өмүрүн сактап алкыш алгандан өткөн бакыт барбы?!
0
№ 833, 19-25-октябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан