КЫТАЙДА БЕКЕР ОКУГУҢ КЕЛСЕ ТИЛИН ҮЙРӨН

Кытайда окууну каалап жүрөсүзбү? Ал өлкөдөгү окуу жайларга өтүүнүн жол-жобосу кандай, даярдыкты эмнеден баштоо керек? Бул тармакты жакшы билген адистердин жана Кытайда билим алып жаткан кыргыз студенттеринин кеп-кеңешине кулак салыңыз.

КЫТАЙДА БЕКЕР БИЛИМ АЛУУНУН ЖОЛДОРУ

1-ЖОЛ. ӨКМӨТТҮК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ГРАНТ

2015-жылы Кыргызстан менен Кытай мамлекетинин билим берүү министрликтери билим берүү тармагы боюнча келишим түзүшүп, жыйынтыгында 2020-жылга чейин Кытайдын ЖОЖдорунда бекер билим алууга кыргызстандык абитуриенттерге 60 орунга грант берилген. Келишимдин негизинде студенттер акча төлөбөй бюджеттик негизде бакалавриат, магистратура, докторантура жана тил такшалмасына окушат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн адиси Айзада Апешованын маалыматына ылайык, 2017-2018-окуу жылына 25 орун бөлүнсө, 2018-2019-окуу жылына 11 орун гана бөлүнгөн. Бул сан көрсөткүчү бүтүрүүчүлөрдүн санына карата жыл сайын өзгөрүлүп турат. Бул грант мамлекеттик деңгээлде болгондуктан ачык жана бир кыйла атаандаштык менен өтөт.

Орундарга тандоо эки баскычтан турат:

1. Кытай же англис тилинде эссе жазуу. Эссенин темасы алдын ала берилбейт. Белгиленген убакыт ичинде жазып берүү керек.

2. Маектешүү. Мында министрликтин, өкмөттүн өкүлдөрүнөн, жарандык активисттерден турган атайын комиссия кытай, англис, орус, кыргыз тилдеринде тандаган кесибиң, максатың жана башка суроолорду берип, ошонун негизинде талапкерлерди тандап алышат.

Белгилей кетсек, 2019-2020-окуу жылына гранттар Билим берүү жана илим министрлигинин www.edu.gov.kg сайтына январь, февраль, март айларында жайгаштырылат.

2-ЖОЛ. КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТТАРЫ АРКЫЛУУ

Аталган институт Кыргызстандагы 4 ЖОЖдо бар: ОшМУ, ЖаМУ, БГУ жана Кыргыз Улуттук университетинде. Гранттар аталган институтка июнь-июль айларында түшөт. Андыктан окуу жай менен тыгыз байланышта болуу керек. Грант алууда HSK (кытай тилин жазуу түрүндө өздөштүрүү боюнча сынак) жана HSKK (кытай тилин оозеки түрүндө өздөштүрүү боюнча сынак. Төмөнкү, ортоңку, жогорку деңгээл болуп бөлүнөт) тапшыруу шарт.

3-ЖОЛ. ТИЛ ҮЙРӨТҮҮЧҮ БИЛИМ БОРБОРЛОРУ АРКЫЛУУ

«Perspective» билим берүү борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов:

– Эгер абитуриент кытай тилин жеткиликтүү деңгээлде билсе, өз күчү менен түздөн-түз ошол өлкөнүн окуу жайы менен байланышып тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар. Алсак, биздин борбор 2015-жылдан бери чет өлкөлөрдөгү алдыңкы окуу жайлар менен расмий түрдө иштешип, көптөгөн студенттерди гранттык негизде окууга жөнөтүүгө жетишти. Кытайда окуйм дегендер кытай тилин билүү деңгээли боюнча атайын сынак – HSK тапшырат. HSK 1-2-3-4-5-6 деңгээлге бөлүнөт. Эгер студент бакалаврдык негизде окууга тапшырам десе, сөзсүз HSK4 деңгээлин алышы керек. Ал эми магистратурага окуйм деген студентте HSK5 деген сертификат болушу шарт. Сынактын баллдары канчалык жогору болсо, университетке өтүү мүмкүнчүлүгү да жогору болот. HSKнын 4-деңгээлин аракети күч окуучу 4-5 айда тапшыра алат.

4-ЖОЛ. ЖОЖДОР АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИН НЕГИЗИНДЕ

Кытай тили окутулган окуу жайлар жана мектептер Кытайдагы ЖОЖдор менен ич ара келишим түзүшөт. Ошонун негизинде да бекер окуп келүүгө болот. Айрым окуу жайлар билимди өркүндөтүү же тажрыйба алмашуу иретинде студенттерди, мугалимдерди жөнөтүп турушат.

5-ЖОЛ. СЫНАКТАР АРКЫЛУУ

Ар жыл сайын Кытайга бюджеттик негизде окуу боюнча ар кандай сынактар өткөрүлүп турат. Алсак, «Кытай тилинин көпүрөсү» сынагы. Сынак дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги кытай тилин окуган студенттер үчүн уюштурулган. Бул сынак 2 багытта иш алып барат: 1-мектеп окуучулары арасында, 2-студенттер арасында. Сынактын катышуучулары (республика боюнча 1-2-3-орун) Кытайда 1 же 1,5 жыл бекер окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 1-орунга ээ болгондор чечүүчү сынакка катышуу үчүн Кытайга барат. Андыктан сынак тууралуу жарыяларды ММКлардан, интернет булактарынан окуп туруңуз.

6-ЖОЛ. КЕЛИШИМДИК НЕГИЗДЕ ТИЛ ҮЙРӨНҮҮ

Эгер сиз кытай тилин билбесеңиз, Кытайга барып, келишимдик негизде үйрөнсөңүз болот. Акысы 2000 доллардан жогору. Эгер сиз HSK боюнча 4-деңгээлди тапшырсаңыз, каалаган окуу жайыңызга гранттык негизде окуй аласыз.

КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?

  1. Чет өлкөгө чыгуучу паспорт;
  2. Аттестат же диплом (англис же кытай тилине которулуп, нотариустан тастыкталышы шарт);
  3. Кытай тилин билүү деңгээлин аныктоочу сертификат (HSK жана HSKK);
  4. Медициналык аныктама (ВИЧ-СПИД боюнча аныктама кошо);
  5. Кытайга окуу тууралуу дил баян же план;
  6. Сүрөт (6 даана);
  7. Магистранттар үчүн доцент же профессордон эки даана сунуштоо каты;
  8. 18 жашка толо электер үчүн ишеним каты (Кытайда окуп жүргөндө бирөө ал үчүн жоопкер болуусу керек).

КАНДАЙ ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛГАН?

  1. Ай сайын стипендия (бакалавр – 2500 юань, магистратура 3000 юань, болжол менен 25-30 миң сом);
  2. Камсыздандыруу;
  3. Бекер жатакана (бардык шарттары менен, муздаткыч, кондиционер жана башкалар);
  4. Окуу китептери бекер берилет;
  5. Саякаттоо (ар бир провинцияда, шаарда же аларга жакын жайгашкан кооз жерлер, тарыхый жайларга окуу жай бекер алып барат);
  6. Грантка англис тили аркылуу тапшырып, кытай тилин өздөштүрө элек бакалавриаттарга бир жыл кытай тилин үйрөтүшөт. Мындай студенттер 5 жылдык грантка ээ болушат.
  7. Кытайдын ЖОЖдору ар кандай конкурстарды байма-бай уюштуруп келет. Спорт, музыка, оратордук искусство. Окуу менен гана чектелбестен, өзүңдү ар тараптан сыноого сонун мүмкүнчүлүктөр бар.

Эскертүү!

1. Сабакка барбаган, тиешелүү балл топтой албай калган студенттер алгач стипендиясынан ажыратылат. Жакшы жыйынтык болбосо окуудан четтетилет.

2. Чет элдик студенттерге дароо кошумча жумушка орношуусуна тыюу салынат.

«ОКУУ ЖАЙДА ТАРТИП КАТУУ»

Өмүрбек Мамытбеков, Кытайдагы Синьцзян педагогикалык университетинин 1-курсунун студенти:

– Кара-Кулжа районуна караштуу Сай-Талаа айылынан болом. Кытайда окуп калышыма ата-энемдин салымы зор. 9-классты аяктагандан кийин Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы гуманитардык гимназияда англис-кытай тилдери боюнча 2 жыл билим алдым. Аны менен катар Конфуций институтунун алдындагы тил курстарына барып, билимимди өркүндөттүм. Кытай элинин маданиятын таанып-билүү максатында каллиграфия, живопись жана кытай аспабы гучжэнде ойногонду өздөштүргөнгө жетиштим.

Бул жакка Кытай өкмөтүнүн жыл сайын өткөрүлүүчү «Жибек Жолу» программасынын негизинде келип окуп жатам. Башында 2 университетке, 1 колледжге документ тапшырган элем. Жыйынтыгында 3 окуу жайга тең өтүп кеттим. Бирок мен Синьцзян педагогикалык университетин тандап алдым. Анын билим берүү сапаты мыкты. Окуу жайыбыз шаарча сыяктуу, китепкана, жатакана, дүкөн, окуу корпустар жанаша жайгашкан. Коопсуз, видеокамералар менен көзөмөлдөнөт. Окуу, жатакана бекер. Мындан сырткары айына 2500 юань (25 миң сомдой) стипендия алам. Бир айлык чыгым 1000-1500 юанды түзөт.

Тартип катуу, сабактан кечикмей жок. Үй тапшырмасын аткаруу да билим берүү программасына киргизилген. Кечки саат 20:00дөн 22:00гө чейин сөзсүз окуу жайга барып үй тапшырмаларын аткарабыз. Адистигим компьютердик инженерия болгону үчүн кыйынчылыктар бар.

«ШААРДЫКТАР ҮЧҮН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР КӨП»

Айгерим Омар кызы, Пекин тил жана маданият университетинин журналистика факультетинин 2-курсунун студенти:

– Кытайга 2-жолу келип окуп жатам. Алгач 2013-2014-окуу жылдары гранттык негизде 1 жыл тил такшалма курсунда окуп кеткем. 2-жолу ЖОЖго тапшырып, өттүм. Кытай тилин Кыргызстанда жана Кытайда үйрөнүү процесси эки башка. Мисалы, HSK боюнча 4-деңгээлге ээ болуу үчүн мага 2,5 жыл керектелсе (университеттин программасында), Кытайда 1 жылда же андан да кыска убакыт ичинде 4-деңгээлге жетүүгө болот. Мектепте кытай тилин 4 же 5-деңгээлде өздөштүргөн окуучу Кытайда бакалаврга тапшыра алат. Айылга караганда шаарда окуган окуучуларга жакшы, тил үйрөтүүчү борборлор көп.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
mma_fighter
2018-10-30 12:53:10
我在中国
-1
biznes
2018-10-30 21:02:01
молодец Омурбек
-1
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан