Давлатхан Ибрагимава, 60 жаштагы эне: “БУЛ КЕҢ ДҮЙНӨДӨ ЖАЛГЫЗМЫН. КАРАЛАШАР УУЛУМ КАМАЛЫП КЕТТИ...”

Редакциябызга мектеп окуучуларынан “Жардамга муктаж апа бар, тагдырын жарыялап бересиздерби?” деген кат келди. Жаш балдардын боорукерлигин, бул аракетин колдоп, алар айткан апа менен байланыштык. “Жашоодо жалгыздыкка кабылуу абдан оор экен. Жалгыздыкка деле көнсөң болот, бирок ден соолугуң кемип, бирөөнүн жардамына зар болуп жашаганда жакындарың көздөн учат тура. Бирок алар жок да...” деген Давлатхан апа 60 жашты карыткан жашоосун көз тизмегинен өткөрө үшкүрүнүп отурду.

“1-КЛАССКА КИРГЕНДЕ ТОМОЛОЙ ЖЕТИМ КАЛДЫМ”

Таң эрте турган Давлатхан апа чакан камыр жууруп, ачыганда электр мешине нан бышырат. Анан терезенин түбүндөгү столго жылып жетип, отуруп алып чай ичет. Жылып жетет дегенибиздин себеби, апанын оң буту баспайт, соо бутунун жана эки колунун жардамы менен жылып тиричилик кылат.

– Күнүгө таңым ушундай башталат. 4 жыл мурун тиричилик деп талаадан отун терип, башыма көтөрүп келе жатканда чалынып жыгылып, оң бутумду сындырып алгам, ошондон бери баспайм. Отуруп алып эки колумдун жана сол бутумдун жардамы менен жылып оокатымды жасайм. Жаш өткөн сайын калыбыңа келиш оор болуп калат тура, сол бутум салмагымды көтөрө албайт, андыктан балдак менен да баса албайм.

Атам каза болгондон кийин энем мени алып Өзбекстандан Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылына келе берген экен. Мен 1-класска киргенде апам да каза болуп калды, бул дүйнөдө жалгыз, томолой жетим калдым (эски жарасы козголуп ыйлап жатты каарманыбыз). Мектепте 3 эле жыл билим алгам, улантууга шарт болгон жок. Андан кийин колумдан келген жумушту аткарып ар кимдин кол алдында жүрүп чоңойдум.

“УУЛУМ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КАМАЛГАНЫН БИЛБЕЙМ”

– 3 ирет турмуш курдум, биринчисинде 3 балалуу болуп, үчөө тең чарчап калды, экинчи турмушумдан 1 уул, 1 кызым бар, үчүнчү турмушумдан 1 балалуу болгонбуз, бирок ичер суусу аз окшобойбу, ал да көп өтпөй эле чарчап калган. Үчүнчү жолдошум Бекболот менен 1 жылдай эле чогуу жашадык окшойт, анан бири-бирибизди түшүнүшө албай ажырашып кеткенбиз. Бирок ал да ооруга чалдыгып каза болгонуна 10 жылдан ашып калды.

Кызым турмушка чыгып, өзүнчө бөлүнүп кеткен. Уулум Алишер экөөбүз турчубуз. Бир күнү уулум келип “апа, бир тааныш байке Кара-Сууга дарбыз сатышып кел деп жатат” деп кеткен. Ошол бойдон дайыны жок болуп кетти. Анан “камалып кетти, түрмөдө” деп уктум. Эмне себептен камалды, ким камады, канча убакытка камады билбейм. Абалым бул болсо, эч жакка бара албай, сотуна катыша албай калдым, 3 жыл болду камалганына.

“ЭЛ БАР ҮЧҮН УШИНТИП ТИРИЧИЛИГИМ УЛАНЫП КЕЛЕ ЖАТАТ”

– Совет мезгилинде азыркы жашап турган 2 бөлмөлүү үйүбүздө 2,5 рубль төлөп батирде турчубуз, кийин менчиктештирүү болгондо өз атыма каттатып алгам. Жаш кезимде көп жылдар бою бала бакчаларда, мектептерде ашпозчу болуп иштедим. 2014-жылы пенсияга чыккам, башында 1500 сом пенсия алчумун. Кичинеден көбөйүп отуруп азыр
3400 сом алып калдым. Алган акчамды күнүмдүк тамак-ашка, дары-дармегиме үнөмдөп колдоном. Андан сырткары садака-битир калтырышат, бекер эле азык-түлүк алып келип бергендер бар. Мектеп окуучулары келип керектүүмдү алып келип, суумду ташып берип кетишет. Айыл өкмөттөн да адамдар келип кабарымды алып турушат. Эл бар үчүн ушинтип тиричилигим уланып келе жатат, жардам берген адамдарга ыраазычылыгымды гана айтам.

“БУТУМДАГЫ ТЕМИРДИ АЛГАНГА, КАЛЫБЫМА КЕЛГЕНГЕ КАРАЖАТ КЕРЕК”

– Келечектен эмнени үмүт кылам? Азырынча саламаттыктан башка нерсе ойго келбейт. Сынган бутум сыздап, уюп ооруйт. Эмне кылам анан, жанымды оозума тиштеп эле чыдайм. Бутума темир салынган да, ошону алганга, андан кийин калыбыма келгенге акча керек. 2 айдан бери бутум ооруп чыдатпаганынан бир жигит келип ооруканага киргизип, врачтар менен сүйлөшүп, дарыга акча төлөп кетти. Рахмат ага (апа кайрадан көзүнө жаш алды).

Азыр кайда барбагын акча болуп калбадыбы, акчаң болсо сүйлөшөт, акчаң болсо дарылайт, акчаң болсо ишиң жылат. Андан мурун да белим, бутум ооруп чыдатпаганынан ооруканага келгем, бирок дарыга акчам жок да, врачтардан сурана берип жаман көрүнөм. Палатадагылар
500 сомдон беришкен. Ал акча түгөнгөндө эле чыгарып коюшат. Менде башка кайдагы акча? Балам каралашар маалда камалып кетпедиби. Ал да 2-топтогу майып болчу, талма оорусу бар эле. Азыр кошунамдын кызы мени карап жанымда.

“КЛАССТАШТАР БОЛУП 1 ЖУМАДА 3 ЖОЛУ КЕЛИП ЖАРДАМ БЕРИП ТУРАБЫЗ”

Давлатхан апага каралашып жүргөн кошунасы, 10-класстын окуучусу Айпери буларга токтолду:

– Мектептен бизди дайыма айылдагы карыялардын үйүнө жардам бергиле деп жөнөтүп турушат. Давлатхан апа менен да ошентип таанышып калганбыз. 2 жыл мурун үй-бүлөбүз менен башка үйгө көчүп, Давлатхан апанын кошунасы болуп калдык. Ошондон бери апага колумдан келген жардамымды берип турам. Классташтар болуп
1 жумада 3 жолу келип, эмне керек болсо жасайбыз, суусун ташып беребиз. Кир жайылчу кермеси бийик, ага жетпейт, биз келгенде кирин жайып беребиз. Азыр ооруканада, 1 жумадан бери атайын чыгырык (ходунок) менен кичинеден басып калды.

“АПА ЭЧАК ЭЛЕ БАСЫП КЕТИШИ КЕРЕК ЭЛЕ, ЖАЛКООЛОНУП ЖАТАТ ДЕШТИ”

Давлатхан Ибрагимованын ал-абалы тууралуу билүү максатында Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Мураталиев менен байланыштык:

– Давлатхан апанын буту сынып, ага операция жасалган. Апага дайыма биздин аймактык социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери барып, кем-карчын билип турушат. Андан сырткары отун-суусун алып, жардамдашып турганга мектептен атайын бир класстын окуучулары бөлүнгөн. Былтыр эле Кербен шаарына алып барып дарылатып келгенбиз. Буту сынганда темир коюлган да, врачтар “Апа эчак эле басып кетиши керек эле, жалкоолонуп жатат. Басып калганда гана бутундагы темирлерди алабыз” деп айтып жатышат.

Ал эми баласынын камалганы боюнча бизде маалымат жок, ал Өзбекстанда камалса керек.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Zaina
2018-10-31 05:17:22
Озунун кызы кайда? Во келип абалын сураштырып койбойбу?
+4
Shokoladka94
2018-10-31 22:35:11
Жалкоолонуп жатат дегени укмуш го, баспай отура берген чон адамга жагабы? Басканга кучу деле жок болсо керек
+3
Nuri1988Elim2010
2018-11-01 13:22:46
Аллахым шыфаасын берсин
+2
dina
2018-11-06 00:41:39
Айыл окмотко, мектеп окуучуларына Рахмат. Башкалар улгу алчудай экен. Ааа эртерек басып кетсин.
0
№ 834, 26-октябрь - 1-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан