Издейм сени. “ИНИМДИ КӨРҮП-БИЛГЕНДЕР БОЛСО БАЙЛАНЫШЫП КОЮҢУЗДАР”

“ТАЯТАМДЫН ТУУГАНДАРЫН ИЗДЕЙМ”

– Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айылында жашаган берен уруусунан таятамдын туугандарын издейбиз. Таятам Мааткерим Субанкулов согуштан кийин каза болгон. Беш-Таш айылында анын бир тууган инилери Нурсадык, Нуркалык деген кишилердин уул-неберелери жашайт. Азыр Токтогулда таятамдын 80ден ашып калган 1 уул, 3 кызы бар. Алар туугандары менен катташууну каалашат. Таанып-билгендер болсо байланышып коюшуңуздарды суранабыз.

Тамара Жайылова, Токтогул району, тел.: 0550 89 52 98


“ИНИМДИ КӨРҮП-БИЛГЕНДЕР БОЛСО БАЙЛАНЫШЫП КОЮҢУЗДАР”

– Иним 30 жаштагы Уланбек Чокморов 26-октябрь күнү Балыкчы шаарындагы үйүнөн чыгып, жума намазга кеткен. Акыркы жолу аны мечиттен көргөндөр болуптур. Телефонун жоготуп алган. Бирок дайыма мага чалып дайынын айтып турчу. Өзү курулуш жумуштарында иштеп жүрчү. Инимди көргөн-билгендер болсо, байланышып коюуңуздарды суранабыз.

Агасы Алмазбек Чокморов, тел: 0709 03 77 15, 0705 05 19 97


“ГРУППАЛАШ КУРБУЛАРЫМДЫ САГЫНДЫМ”

– Мен 2008-2011-жылдары Нарын педагогикалык училищесинде бирге окуп, чогуу жүргөн группалаштарым Асел Апышова жана Качкынбай кызы Назгүлдү издейм. Кийин ар бирибиз турмушка чыгып, ар ким өз жашоо-тиричилиги менен алек болуп бири-бирибизди жоготуп алдык. Кыздар, окуп калсаңар мага байланышкыла. Силерди сагындым.

Курбуңар Назира Маратбек кызы, тел.: 0707616165

 

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.

Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.

Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан