UFC`ни МИҢДЕГЕН МУШКЕРЛЕРДИН КЫЯЛЫНА АЙЛАНТКАН ДАНА УАЙТ

UFC деген сөздү укканда эле эрежесиз эр уруш спорту эсибизге келет. Дал ушул уюмду 17 жылдан бери жетектеп келе жаткан Дана Уайттын өмүр таржымалына саресеп салып көрсөк, “Америкалык кыялдын” кантип ишке ашканын байкасак болот. Эрежесиз эр урушту жаңы тепкичке көтөрүп, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон күйөрмандарды өзүнө топтогон бул спорттун ийгилиги дал ушул адам менен түздөн-түз байланыштуу.

 

Толук аты-жөнү – Дана Фредерик Уайт

Туулган жылы, күнү – 1969-жыл, 28-июль

Туулган жери – Манчестер шаары, АКШ

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы

Байлыгы – 500 миллион доллар

Бир айлык кирешеси – 20 миллион доллар

Сүйүктүү мушкерлери – Конор Макгрегор, Чак Лидделл, Ронда Роузи

“ОКУУГА КЫЗЫГУУМ ЖОК БОЛЧУ”

"Мен акча дайыма жетишсиз болгон үй-бүлөдө чоңойдум. Ошондуктан мен үчүн колледжге барып, жакшы билим алууга мүмкүн эмес экенин билгем. Бирок ошол эле учурда өзүмдүн дагы окууга болгон кызыгуум жок болчу",- деген Дана Уайтты жана анын эжеси Келлини апасы Жун жалгыз чоңойткон. Оор турмуштун айынан кичинекей Уайт үй-бүлөсү менен көчүп жүрүүгө аргасыз болгон. Балалык чагы Лас-Вегас шаарында, Техаста жана Мэн штатындагы Леванте деген кичи шаарда өтөт. 1987-жылы мектепти аяктап, престиждүү деп саналган Бостон колледжине тапшырат. Бирок окуусун таштап, бокс жана аэробикадан инструктор болуп иштеп баштайт.

UFC`нин КЕЛЕЧЕГИНЕ ИШЕНГЕН УАЙТ

UFC – жаңы технология сыяктуу. Эч ким билбейт, бирок ал жок келечекти элестетүү мүмкүн эмес” дейт Дана Уайт.

1992-жылы ал бокс менен машыгууну каалагандар үчүн спорт залдарды ачат. Бирок иши жаңыдан жылып баштаганда жергиликтүү мафия Дананын спорт залдарынын коопсуздугун сактап туруу үчүн абдан чоң суммадагы акча талап кылат. Бирок биздин каарман ага макул болбой, бардык ишин таштап, спорттук менеджер болом деген кыялы менен Лас-Вегасты көздөй бет алат. Лас-Вегаска келгенден кийин Дана жаңыдан өнүгүп келе жаткан эрежесиз эр уруш спортуна көңүлү түшөт. Ал кезде катардагы промоушен уюму болгон UFС`нин мушкерлери Тито Ортис менен Чак Лидделлге менеджерлик кылат. Кийин өзүнүн аракети жана ишкердик мүнөзүнүн артынан ММА дүйнөсүндө анын аты тааныла баштайт.

ХХI кылымдын башында UFC уюму материалдык жактан кыйынчылыкка туш болуп, кризиске учурайт. Уайт мындай абалдан пайдаланып UFC`ни сатып алууну көздөйт. Ал классташы Лоренцо Фертиттага бул уюмду сатып алуу сунушу менен кайрылат. Лоренцо жана анын агасы Фрэнк бокстун чыныгы фанаттары, Лас-Вегастагы бир нече казинолорду иштетип, мультимиллионерлердин катарында эле. Лоренцо агасы Франк менен биргеликте “Zuffa” деген промоушен компания ачып, UFC`ни 2 миллион долларга сатып алышат. Дана болсо уюмдун президенти болуп дайындалат.

УАЙТТЫН ИЙГИЛИКТҮҮ КАДАМДАРЫ

Расмий беттештерди өткөрүш үчүн бийлик өкүлдөрүнөн уруксат алыш керек эле. Бирок эрежесиз урушта эрежелер аз болгондуктан бийлик макулдук берген эмес. Ошондо Дана жаткан адамды башка тебүүгө, эки буттун ортосуна сокку узатууга тыюу салган эрежелерди киргизет. Мындан тышкары беттештерди убакыт менен чектеп туруу эрежесин дагы киргизет. Натыйжада расмий беттештерди уюштурууга укук алат.

ММКлар менен иштеп, бул спортту дүйнө жүзүнө жайылтууну максат кылат. Анын жыйынтыгында компания SpikeTV деген телеканал менен келишим түзүп, UFC33 мелдешинен баштап, беттештер теле аркылуу көрсөтүлө баштаган.

2005-жылы Дана SpikeTV каналында «The Ultimate Fighter» деген реалити-шоу уюштурат. Шоунун негизги максаты – таланттуу мушкерлердин ичинен эң күчтүүсүн аныктап, аны менен келишим түзүү болгон. Алгачкы сезонунда бул долбоорго 16 адам катышат. Эң күчтүүсүн аныктоо үчүн атайын беттештер уюштурулуп, жеңилгендер мелдештен четтетилет. Жыйынтыгында Форрест Гриффин жана Стефан Боннар аттуу мушкерлер финалга чыгышат. Бул эки спортчунун ортосундагы беттешти түз эфир аркылуу миллиондогон күйөрмандар көрүшкөн. Дал ушул окуя UFC`ни жаңы деңгээлге көтөрүп чыккан.

ФЁДОР ЕМЕЛЬЯНЕНКО ЖАНА UFC

Дана Уайт кээ бир мушкерлердин менеджерлери менен тил табыша албаган учурлары кездешет. Ушул себептен улам күйөрмандардын сүймөнчүлүгү болгон Фёдор Емельяненкону UFC`нин октагонунда көрө албадык.

2009-жылы оор салмактагы мушкерлердин рейтингинин сап башында Фёдор Емельяненко турган. Ошол учурда UFC`нин оор салмак чениндеги чемпиону Брок Леснар болгон. Андыктан күйөрмандардын бардыгы Фёдор менен Броктун ортосундагы беттешти көргүлөрү келишкен. Бирок ал беттеш көрүүчүлөр үчүн кыял бойдон калды. Бул беттештин болбой калганына Уайт Фёдордун менеджери Вадим Финкельштейн күнөөлүү деп эсептейт. Себеби менеджери келишим түзүү үчүн ойго келбеген талаптарды айтканын белгилейт. Белгилей кетсек, Финкельштейн UFC`нин атаандаштарынын бири болгон M-1 Global уюмунун президенти. Андыктан Фёдор катышкан беттештерге M-1 Global промоутер болуу менен бул беттештен түшкөн кирешенин жарымын алууну каалаган. Бул келишим Уайтты канааттандырган эмес, натыйжада эки уюмдун тирешинен улам эл күткөн таймаш орун алган эмес.

 

ЖАКШЫ АТА, ЖАМАН УУЛ

Жубайы Энн Уайт менен 1996-жылдан бери чогуу. Келечектеги жубайы менен мектепте окуп жүргөндө таанышкан. Учурда эки уул, бир кызды тарбиялап келишет. Уулдарынын бири Эйден Уайт 2018-жылы профессионалдык бокско кадам таштап, алгачкы беттешин жеңиш менен аяктады.

Ал эми кичинекей кезинен жалгыз өстүргөн апасы менен мамилеси начар. 2011-жылы апасы “Дана Уайт – ММА`дин падышасы” деген китеп жазып, анда акча баласын жаман жакка өзгөрткөнүн белгилеген.

“Дана өзүнүн жакындары тууралуу унутуп койгон. Ал таенеси катуу ооруп жатканын билип туруп абалын сураган жок, кийин кайтыш болгон кезде дагы келген эмес, жок дегенде гүл жөнөтүп койсо болмок” деп баласына болгон таарынычын жашырбайт.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
-Sumitra-
2018-11-20 09:43:19
Хитрый киши корунот.Аялы менен ажырашпай жашаганы жакшы экен го.Апасын унутуп койгону жаман болуптур
+4
salimbek87.kg
2018-11-20 12:53:22
Апасы менен мамилеси жакшы болбосо анда жакшы адам эмес менимче миң ийгиликтерге жетсе да биринчи орунда АПА турат
+4
fanatka19
2018-11-20 20:00:42
Апасы жалгыз остуруп чонойтсо акчага жеткенде асмандан тушуп апасын карабай койгону жаман экен.
+5
elhan123
2018-11-20 23:22:30
Ишкердик жагы кучтуу экен. Бирок апасынан кечирим сурап,мамилесин жакшыртса чындап мыкты адам болмок
+2
dastan.bujun
2018-11-21 19:33:12
Бизден да кандайдыр уюмдар чыгыш керек,дуйнолук денгээлде
0
Azatbek.Svoboda.
2018-11-22 21:10:08
dastan.bujun,Коррупциянерлер дегенби?!
+2
allia
2018-11-24 16:44:58
dastan.bujun, Бизде WEF global дүйнөлүк деңгээлде
+1
Azatbek.Svoboda.
2018-11-22 21:09:08
Башынан сонун болуп окулуп жатып эле акыркысын окуп жакпай калды!Бейиш Эненин таманында!
+1
jibew
2018-11-23 18:06:32
Эмне себептен Емельяненко UFC де мушташкан эмес деген суроомо жооп ала алдым.
+3
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан