Салима Нурдинова, Бишкек шаарынын тургуну: «КЕЛИНИМ ИЧИП КЕТИП, ҮЙГӨ ТОКТОБОДУ. НЕБЕРЕМДИ АГА БЕРГИМ КЕЛБЕЙТ»

6 айлык ымыркайды бооруна кысып, наристенин ар бир кыймылын көз жаздымда калтырбай, аны дүйнөдөгү бардык ширин сөздөр менен эркелеткен Салима айым (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) башына келген оор тагдырын кеп салып отурду. “Баламдын кулагына жаман сөз жетпесин, мында эмне күнөө?” деген чоң энеси небересинин кулагын жаап, сөзүн улады.

“ЭКИ УУЛ, БИР КЫЗЫБЫЗ ЧАРЧАП КАЛДЫ...”

– Баладан өткөн байлык, бакыт барбы бул жашоодо? Албетте, жок. Бирок ошол бакытты баалабагандар, колуна кармап кала албай, учуруп жибергендер болот экен. Азыр неберем жанымда, ошого шүгүр кылам. Баяным түшүнүктүү болушу үчүн башынан кеп салайынчы.

Биз жолдошум экөөбүз тең Жалал-Абад облусунун Аксы районунан болобуз. Үйлөнгөндө эл катары эле жашап жүрдүк. Өзүбүздүн үйүбүз жок, башынан эле батирде турчубуз, күнүмдүк кандай жумуш чыкса жалданып иштеп акча табар элек. 3 ирет боюмда болуп, бирок бардыгы чарчап калды. Биринчи балабыз аман-эсен төрөлдү. Экинчиси 4 ай гана жашап чарчап калды. Үчүнчүсүн боюмда көтөрүп жүргөнүмө 8 ай болгондо катуу шишип кеттим, врачтар текшерип, мага тубаса жүрөк кемтиги деген диагноз коюшту. Ошентип ал баламдан да ажырап калдым. Төртүнчү балам 8 ай болгондо кайра шишип кеттим, врачтар "же сиздин жаныңызды сактап калышыбыз керек, же баланыкын" деп, кесарево жолу менен баланы алып салышты. Дагы эки уул, бир кызыбыз болмок деп ыйлап кала бердим.

Кош бойлуу кезимде аба жетпей, өзүмдү жаман сезген учурлар болчу. Бирок тиричиликке алаксып кетип маани бербептирмин. Талаа жумуштарын жасай албай калганда базарга тамак-аш жасап чыгып сатып жүрдүм.

“ИШТЕП БИР ТУУГАНДАРЫМА ЖАРДАМ БЕРЕЙИН ДЕГЕН ЖАКШЫ ОЙ БАР БОЛЧУ”

– Уулубуз чоңоюп калганда жолдошум каза болуп калды. Кайнене-кайнатамдын да көзү өтүп кеткен, алар тарап менен ошентип байланышыбыз үзүлдү. Балам экөөбүз тиричилик деп ары урунуп, бери урунуп жүрүп борбор шаарга келүүнү чечтик. Өзүмдүн бир туугандарым деле бар, бирок айыл жергесинде кайдагы жумуш, алар да өз арабасын эптеп өздөрү кыбыратып келе жатышат. Тескерисинче, мен иштеп бир туугандарыма жардам берейин деген жакшы ой бар болчу.

Бишкекке келгенден кийин тигүүчү болуп иштеп, балам дагы колунан келген иштерди жасап күн кечире баштадык. Бул жакка келгенибизге деле 8 жылдай болуп калды.

“КЕЛИНИМ ИЧЕ БАШТАДЫ, АКЫЛ АЙТСАМ ЭЛЕ ҮЙДӨН ЧЫГЫП КЕТЕТ”

– 2 жыл мурун “Ош базардын” бир бурчунан үстү-башы кир, мас болуп уктап жаткан жаш келинди көрүп боорум ооруду. Ушул келинге жардам берейин, оң жолго түшсүн, дааватка чыгарайын деп аны үйгө алып келип, жуунтуп-тарантып, таза кийим кийгизип багып алдым. Балам да “жардам берели” деп боору ооруп жүрдү. Ошентип балам экөө тил табышып, үйлөнүп алышты. Келиним Ысык-Көл облусунан болом деген, анын да жакындары жок экен. Эки бакыр, бир тукур болдук деп сүйүнүп калганбыз. Бирок кубанычыбыз көпкө узаган жок. Ичкиликке берилген адам, өзгөчө аял киши токтоно албай калат окшобойбу. Мындай адамдарды оорулуу дегенден башка сөз да таба албайм. Келиним иче баштады, акырын акыл-насаатымды айтсам эле үйдөн чыгып кетет. Балам аны издеп жүрүп кайра алып келет. Башкага табылбаса да, аракка акча табыла берет тура. Азыр көчөдөгү эч нерсеси жок селсаяктарды карасаңыз деле ичип мас болуп жүрүшпөйбү.

“БАЛАСЫН КӨРҮП ЭСИНЕ КЕЛИП, ЭНЕЛИК МЭЭРИМИ ОЙГОНСО КЕРЕК ДЕП ОЙЛОГОМ”

– Көп өтпөй кош бойлуу болду. Мен курсактагы бала аман-эсен төрөлсө экен деп кабатырланам. “Кызым, эркек ичсе башка иш, аял кишиники эң жаман адат. Ичпе, чекпе, курсактагы балаң дени соо жарыкка келсин” дейм. Угумуш болот. Анан бир ай өтүп-өтпөй эле кол шилтеп басып кетет, качып кетет. Жумалап, кээде айлап жок болот. Балам убара болуп издеп, таап келет. Ошентип кубалашып жүрүп неберем төрөлдү. Баласын көрүп эсине келсе керек, энелик мээрими, энелик туюму ойгонсо керек деп ойлогом. Оюмду таш капты окшойт, какшатып, сурантып жатып араң бир ай эмизди, тагыраагы, 27 күн. Анан Орозо айт күнү баланы таштап дагы чыгып кетти. 10 күндөн кийин балам аны таап келди. Мен ачууланып “сен эмне, итче жоксуңбу? Ит дагы күчүгүн таштабайт, карап, багат” десем, кайра мага атырылып, экөөбүз уруша кеттик. Небереме балдар үчүн атайын аралашма берем, аны туура эмес даярдап жатканынан “мындай кыл” деп үйрөттүм. Ошондо “силер мени тажаттыңар!” деп кайра уруш чыгарып, кетип калды. Андан бери неберемди өзүм карап келе жатам.

“БАЛАМ ТӨЛӨМӨР БОЛУП КАЛЫП, ДАГЫ БИР ЖЫЛ ИШТЕМЕЙ БОЛДУ”

– Бир күнү балам үйгө кызуу келип, кайра кетип калды. Талаа-түздө эмне болду экен деп санааркап жүрдүм. 4-5 күндөн кийин кабарлашты, “апа, келиниңиз экөөбүз бир байга жалданып иштеп жатабыз. Көптө келебиз” деп. Башында “эмне бардың ал жакка? Мага жардамдашып жанымда болбойт белең?” деп уруштум, бирок кайра билгенин кылсын деп жөн койдум. Бирок ал жактан да жолу болбой, балам жалданып иштеген адамынан алдын ала тиричиликке деп акча алып, аягында бир топ акча төлөмөр болуп калыптыр. Эми ал байга дагы 1 жылча иштеп бериши керек экен. Ал эми келиним "карызды өзүң төлө" деп баса бериптир.

“7 АЙДАН БЕРИ БАТИР АКЫСЫН БЕРЕ ЭЛЕКМИН”

– Ошентип неберемди жалгыз карап иштен да калдым. Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде 3 миң сом төлөп батирде турабыз. 7 айдан бери батир акысын бере элекмин, кожоюндарга абалымды түшүндүрүп, неберем торолсо бала бакчага берип, анан иштеп төлөп берем деп жатам. Үйдү жылыткыч менен жылытабыз, кыштын суугу келгенде кантебиз деп турам. Жакында эле неберемдин өпкөсүнө суук тийип, дене табы көтөрүлүп оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. Эч кимге айтпай эле коёюн дегем, бирок тааныштарым “энесине айтып кой, бир нерсе болсо сени күнөөлөйт” дегенинен келиниме байланышып, баласы ооруп жатканын айттым. Ооруканага 12 күн жатып чыктык, ал маалда апасы келген жок. Үйгө баргандан 2 күндөн кийин неберемдин дене табы кайра көтөрүлүп, түнү кайра ооруканага келдик. Келип текшерилсек, “кызамык менен ооруган бала менен байланышта болгон” деп Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына которулуп, учурда дарыланып жатабыз. Апасы 3 күн мурун келип кетти, бүгүн да келем деген, бирок келе элек. Каякта иштеп, эмне кылып жүрөт билбейм. Мага ар кайсы номерден чалып байланышат.

“БАЛАМ МЕНИ КАРАП КҮЛҮП, ТАЛПЫНЫП ТУРСА КЫЙЫНЧЫЛЫКТАРДЫ УНУТА ТҮШӨМ”

– Иштебесең оозуңа эч ким аш салып бербейт да. Анын үстүнө кичинекей баланын тамагына, жалаягына чоң кишиникине караганда көбүрөөк каражат кетет эмеспи. Абалымды түшүнгөндөр балама тамак-аш, балдарынын кийим-кечелеринен аздан беришет. Жардам колун сунгандарга ыраазымын. Ушул неберемди аман-эсен, жакшы тарбия берип чоңойтуп алсам, колунда бар адамдар экөөбүзгө бир бөлмөлүү үй беришсе деп кыялданам. Ар бир баланы жакшы, бактылуу келечек күтсө дейм.

Келиним терс жолдо жүрөт, баланы талашса бергим келбейт. Неберемдин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, төрөлгөндө төрөтканадан маалым кат гана алганбыз. Неберемди өз наамыма өткөрүш үчүн апасы баладан баш тартышы керек экен. Күбөлүк алуу үчүн көптөгөн документтер, менин аны жалгыз багып жатканым тууралуу далилдер, ооруканадан врачтардын маалым каттары, кошуна-колоңдордун көрсөтмөлөрү керек экен. Буюрса, анын баарын топтоп жатам. Балада эмне күнөө? Балам мени карап күлүп, талпынып турса кыйынчылыктарды унута түшөм. Колунда барлар кол сунушса, баламды торолтууга жардам беришсе, мен да бар аракетимди жасайм деп турам.

Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
gulmira12345
2018-11-20 12:03:54
Мать кукушка дегенден башка эмне дей алабыз
+5
salimbek87.kg
2018-11-20 13:04:18
Эх АПА сабр берсин Кудайым ылайым жарык күндөр көп болсун келечекте . Колумдан келгенде жардам берет элем эхх Кудайым өзү колдосун сизди аамиин
+5
Paprikafm
2018-11-20 23:21:02
Көз жашым токтобой көл болду, аттиң колумда болгондо...
+3
santos999
2018-11-22 22:28:49
кантип жардам берсек болот?
+2
Асылжан
2018-11-26 09:51:21
santos999, 0774 469905 номерине байланышсаныз болот
0
№ 837, 16-22-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан