БИШКЕК КАЧАН ЖАШЫЛ ШААР СТАТУСУН АЛАТ?

Интернет желесиндеги Бишкек шаарын каптаган кара түтүндүн сүрөттөрү, абанын булганышы нормадан 20 эсе ашыкча деген маалымат акыркы жумада кызуу талкууга алынган тема болду. Экологдор “мындай кир аба менен дем алуу ден соолукка олуттуу көйгөй жаратарын айтып, үйлөрдү желдетүүнү токтотуш керек” десе, медиктер “сасык тумоо күч алып турган маалда үйлөрдү желдетпесе оору ого бетер жайылат” деген ойдо. Ортодо эмне кыларын билбеген карапайым шаар жашоочулары...

БИШКЕК “ИЛГЕРИ” ЭҢ ЖАШЫЛ ШААР БОЛГОН
Убагында Бишкек “Эң таза, жашыл шаар” деген статусту алып жүргөн. Бирок ал мезгил “илгери-и...” деген жомок сымал унутулуп, шаар ал статусунан кол жууган. Бишкектин абасынын булганышы боюнча көптөн бери эле айтылып келет, ал эми бул “отко май тамызган” Кыргыз мамлекетиндеги “МувГрин” экологиялык жаштар кыймылы болду. Алар шаардын ар кайсы райондоруна абанын тазалыгынын деңгээлин текшерүүчү датчик орнотушуп, жыйынтыгында шаардын көбүрөөк булганган аймагы жаңы конуштарда экенин, абанын нормадан 20 эсе көп булганганын айтып чыгышты. Абанын суук түшкөндө нормадан ашык булганышы жеке менчик үйлөрдө, мончолордо жана башка жайларда от жагуу (көмүр, өндүрүштөн чыккан калдыктар жана башка) башталганы менен байланыштуу. Мисалы, абанын булганышынын эң жогорку көрсөткүчү Ак-Өргөө конушунда 15-ноябрга караган түнү саат 3тө байкалган. Анда метр кубга булганган абанын концентрациясы 846 микрограммга барабар болгону, максималдуу көрсөткүч 150-300 микрограммдан ашпашы керектиги айтылат. Ал эми башкаларга салыштырмалуу таза аймак деп Бишкектин 7-кичи районун белгилешет аталган кыймыл.

“БИШКЕКТИН АБАСЫНЫН БУЛГАНЫШЫ НОРМАДАН АШЫКЧА ЭМЕС”
Жогорудагы маалымат элдин көптөгөн сын-пикирине кабылды. Бул боюнча Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин басма сөз кызматынын башчысы Бактыбек Рысалиев төмөндөгүдөй жооп берди:
– Бишкек шаары боюнча абадагы зыяндуу заттарды текшерүүчү, химиялык анализдерди чыгаруучу 7 пост иш алып барат. Бишкек шаарынын абасынын булганышы нормадан ашыкча эмес. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, сентябрь айына салыштырмалуу абанын булганышы жогорулаган. Бирок экстремалдык кир деген көрсөткүчкө жеткени байкалган жок.
Учурда шаардагы абанын булганышынын эң негизги очогу болуп автоунаалар эсептелет. Бишкекте жылына 240 тонна абаны булгоочу заттар чыгат. Анын ичинен 180 тоннасы автоунаалар чыгарган уулуу заттар. Башкача айтканда, өндүрүштүк калдыктар 10 пайызды түзсө, 90 пайыз таштандыны автоунаалар чыгарат.
Баса белгилечү жагдай, “МувГрин” жаштар кыймылынын датчиктери аккредитациядан өткөн эмес жана “Кыргызстандарттын” абаны өлчөөчү реестринде да катталган эмес.

“БУЛГАНГАН АБАНЫН ДЕҢГЭЭЛИ КӨТӨРҮЛГӨНДӨ ҮЙДҮ ЖЕЛДЕТПЕГЕН ОҢ”
“МувГрин” жаштар кыймылынын өкүлү, инженер-эколог Бактыгүл Стакеева өз ою менен бөлүштү:
– Биздин кыймыл 1 жыл мурун абадагы майда дисперстик катуу бөлүкчөлөрдү (түтүн, ыш, көө) текшерүүнү баштаган. Алгач Бишкек шаарынын аймагына атайын 3 датчик орнотконбуз, быйыл ал датчиктерге дагы 8 даана коштук. Бул Казакстандын сертификациясынан өткөн датчиктер.
Абанын булганышы Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө көп байкалат. Ал эми суук болуп, от жагуу башталганда шаардын бардык чет жакасында, өзгөчө жеке менчик үйлөр көп жайгашкан аймактарда абанын булганышы күчөдү.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, дүйнөдө жылына 7 миллионго жакын адам булганган абанын кесепетинен улам каза болот. Булганган абанын деңгээли көтөрүлгөндө, жакшысы, үйдүн терезе-эшигин ачып желдетпей эле койгон оң. Анткени көп убакыт бою бийик концентрациядагы булганган аба менен дем алганда адамдын ден соолугунда чоң көйгөй жаралат. Мындай маселеге кабылган жалгыз биздин өлкө эмес. Өндүрүш тармагы өнүккөн көптөгөн мамлекеттер бул маселеден чыгуунун жолун табышкан. Алардын мисалында биз дагы тапсак болот. Негизгиси кеч болуп кала электе маселеге олуттуу көңүл бөлсөк.

АЙЛА ЖОК, ДАГЫ КҮТӨБҮЗ...
Жооптуу чиновниктер Бишкектин абасын булгап жатат деп бир топ факторлорду баса белгилеп жатышат. Алар:
  1. Шаардагы курулуш иштерин пландоодо ката кеткен, андан улам шаарда “желдөө” мүмкүнчүлүгү аз;
  2. Жеке менчик үйлөрдүн көмүр менен жылып жатканы;
  3. Автоунаалардан чыккан уулуу заттар.

Буга чейин да шаарды жашылдандыруу, абасын тазартуу боюнча маселелер күн тартибине коюлуп келгени менен, анын жыйынтыгы азырынча көрүнбөйт. Учурда тигүү цехтеринен чыккан калдыктар, резиналарды жагуу менен жылып жаткан жеке менчик турак жайларды, мончолорду текшерүү иштери жүрүп жаткан мезгил. Жыйынтыкты убакыт көрсөтөт. Абанын булганышы нормадан аша элек дегенибиз менен, кара түтүнгө оронгон шаар башканы далилдеп турат...

Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
arlekino
2018-11-27 18:44:02
Жашыл шаар статусуна келиш керек болсо, ириггация системаларын ондош керек, жаны конуштарда эшигиндин алдын жашылдандырайын десен ичкен суу колдонсон штраф салып кунумдук жыргалчылыка кызыгышат. Суугарайын десен арыкта суу акпайт. Анан ким тобокелге салгысы келсин. Ар бир уй эшигине кеминде 5 бак отургушса кандай сонун болмок.
0
№ 838, 23-30-ноябрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан