1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. ВИЧ-СПИД! Бир укканда коркунучтуу сезилет. Бирок бул дарт өзүбүздүн башыбызга түшпөчүдөй, биздин маселе эместей экинчи планга жылып, аздан соң башка көчөгө бурулуп кеткен автоунаа сымал эсибизден кетип, унутулат... Чындыгында бул дартка кабылгандардын психологиялык абалы кандай, коомдогу орду кандай, алар кандай кыйынчылыктар менен күрөшүп, жеңип же жеңилип келе жатышат? Бүгүнкү каарманыбыз Диана (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) ВИЧке кабылганга чейинки жана кийинки жашоосун баяндап берди. Каарманыбыздын баянынан көптөгөн тарбиялык мааниси бар учурларды келечек үчүн белгилеп алсаңыз ашыкча болбойт, окурман.
«БИРОТОЛО БЕРИЛИП КЕТЕМ ДЕГЕН СЕЗИМ БОЛГОН ЭМЕС»
Мектепте алгач жакшы окучумун, бирок классым жогорулаган сайын окууга көңүлүм чаппай калды. 12-13 жашка чыгып калганда эч кимди тоготпой, “баарынан кыйын” адамга айландык. Ал убакта классташ кыздар өзүбүз менен тең балдарды теңсинбейт элек. Ошентип жүрүп менден бир топ жаш улуу балдардын тобуна кошулуп, 13 жашымда биринчи жолу эфедрин деген баңгизатын сайынып көрдүм. Анда биротоло берилип кетем деген сезим болгон эмес, тескерисинче, каалаган убакта таштап коём деп ойлочумун.
«15 ЖАШЫМДА ТУРМУШКА ЧЫГЫП, ОРУСИЯГА КАЧЫП КЕТТИМ”
Кудай мага колдоочу катары жибердиби, билбейм, мени ал топтон сууруп чыккан адамга жолуктум. Ооба, бир жигит менен таанышып, аны баш-отум менен сүйүп калдым. “Мени сүйсөң ташта” деди, таштадым. Экөөбүз үйлөнөбүз десек, ата-энем каршы чыкты. Кайсы ата-эне 15 жаштагы кызын турмушка бергиси келсин? Кызуу кандуулук менен Орусияга качып кетип, экөөбүз үйлөнүп алдык. Ростов-на-Дону шаарында туруп калдык. Ата-энем мага таарынып 1 жыл сүйлөшпөй койду, бирок биринчи балабыз жарыкка келгенде түтпөй кетип, кайра келишти. Кайын журтум жакшы адамдар, жолдошум да менин көзүмдү карап, иштетпей "бала менен үйдө отура бер" деп турчу. Алардын мага болгон мамилесин көрүп апамдын санаасы тынып, кайра Бишкекке кетишти.
«БОЛДУ, УШУЛ АКЫРКЫСЫ, ТОКТОЙМ ДЕЙМ, БИРОК...»
Бир жолу баягы баңги достордун бирине жолугуп калып, алардын “чогулушуна” бардым. Ошентип кайра баары башынан башталды. Баңгизат дегенде кайдан болсо да акча табылчу. Түнкү саат 3-4 болобу бир чалуу менен шаардын кайсы бурчуна болбосун чогулабыз. Канча жолу милиция кызматкерлери кармап кетти, дагы кармай турганын билсек деле токтой алчу эмеспиз. Дубалдардан ашып өтүп каччу элек. “Болду, ушул акыркысы, токтотом, дарыланам” дейм, бирок баңгизатынын таасири тарап баратканын сезгенде жерден болсо да чукуп табыш керек болуп калат. Баңгизатын саткан адамдын үйүнүн астына барып жатып алам, “бересиң же мен ушул жерде өлөм” деп.
«КОЛДОРУМДА ТАМТЫК ЖОК, ИЙНЕ КИРЧҮ ОРУН ДЕЛЕ ЖОК БОЛЧУ...»
Бир аз өзүмө келип калганда наркоборбордо дарыланып жаткан адамдар менен таанышып калдым, алардын айрымдары ВИЧ илдетин жуктурушкан экен. Мени таң калтырганы, мага окшоп мүңкүрөгөн эч ким жок, баары күлүп-жайнап отурушат. Эмнеге?
Мага бул илдет менен жашаса болорун көптөр түшүндүрдү, колдоо кылышты. Акыры ооруну кабыл алдым, жашайын деп чечтим.
Дарыланып чыккандан кийин “эски” достор кайра чакырышты. Жок дедим. Ошол бойдон баңгизатын колума алган жокмун. Азыр меникиндей абалга, дартка кабылгандарга кеңешимди берем, негизгиси өзүңөрдү таштабагыла, бекем эрктүү болгула дейм. ВИЧ – бул өкүм эмес. Ошол кезде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жардам берген “Астерия” коомдук уюмунун кызматкерлери менен дагы деле байланышып, сүйлөшүп, керек болсо жардам алып турам.
«ЭГЕР ҮЙ-БҮЛӨМДӨН КОЛДОО БОЛБОСО, МЕН АЗЫР ЖОК БОЛСОМ КЕРЕК ЭЛЕ»
Апам... Апам менин баңгизатын колдонорумду билгенде психиатриялык ооруканага да жатып чыкты. Бирок чыйралып, менин ордума балдарымды тарбиялап-чоңойтту. Ооруганымды билгенде да баары жакшы болорун айтып, биринчи колун сунган апам болду. Азыр жашы 70ке келип калды. Балдарым таенесин жанындай көрүп, сыйлап турушат, ошого да шүгүр кылам. Атам мындан 3 жыл мурун каза болгон.
Балдарым... Балдарымды жарыкка алып келгенден кийин алардын жанында болбой, тарбия бербегеним үчүн өмүр бою өкүнсөм керек. Мен кандай болбоюн “апалап” турганына, менден жүз буруп кетишпегенине ыраазымын, карыздармын. Мен ВИЧке кабылганымды укканда улуу балам сүйлөшкөн кызына сөйкө салганы жаткан. Балама “эми эмне болот, балам?” десем, “апа, сен азыр өлчү дарт менен оорубайсың да. Баары жакшы болот” деп тынчтандырып койду. Азыр 2 уул, 1 кыздуу болуп, мага чоң эне статусун берди. Ортончу балам 9-класста окуйт, тайбокс, бокс менен машыгат. Кызым 6га чыкты, гимнастика, бий менен алектенет. Балдарым үчүн баары бир корко берем, жүрүм-турумунда өзгөрүү болбой элеби деп аңдыйм. Баңгизатынан ушунчалык көңүлүм калыптыр, балдарым ооруп калса укол сая албай колум титирейт, таблетка бергим келбейт. Андан көрө деп сарымсак, пияз, бал колдоном.
ВИЧ дагы Кудайдын сыноосу, жашоо үчүн берген мүмкүнчүлүгү. Буюрса, сыноону татыктуу көтөрөм деген оюм бар.
«ВИЧ ООРУЛУУНУН КЕЛЕЧЕГИ ЖОК ДЕГЕН ТУУРА ЭМЕС»
Жогоруда каарманыбызга жардам көрсөткөн “Астерия” коомдук фондунун директору Ирен Ермолаевага кайрылып, фонддун ишмердүүлүгү менен тааныштык:
ВИЧ илдетине кабылгандар ушунчалык оор эмоционалдык абалда болот. Эгерде түшүндүрүү иштери жүрбөсө, ал адамдан айрылып калышыбыз ыктымал. ВИЧ оорулуунун келечеги жок деген туура эмес. Кадимкидей балалуу болуп, үй-бүлө куруп, жумушта иштей алышат. Башка соо адамдардан эч кандай айырмасы жок. Кантип? Биз ушул суроо менен келгендер менен иштешебиз. Ар бирибиз ВИЧ, СПИД тууралуу сабаттуулугубузду арттырсак, негизгиси бул дарттын алдын алмакпыз, оорулууларды жектебей, коомдо өз ордун тапканга жардам берген болот элек.
Республикалык СПИД борборунун статистикасы
ВИЧ-СПИД дартына чалдыккандардын жалпы саны – 8214
Алардын ичинен жаш балдардын (14 жашка чейин) саны – 648
2018-жыл ичинде (1-ноябрга чейин) катталгандардын саны – 682:
Бишкек шаары боюнча жалпы – 256 оорулуу
Ош шаары – 40
Чүй облусу – 189
Ош облусу – 75
Жалал-Абад облусу – 69
Ысык-Көл облусу – 20
Баткен облусу – 15
Талас облусу – 12
Нарын облусу – 6
Бул оорудан каза болгондордун жалпы саны – 1874
Асыл Орозбекова
koom@super.kg