Издейм сени. ТАРИЭЛЬ ОРОЗБАЙ УУЛУ ИЗДЕЛҮҮДӨ

ТАРИЭЛЬ ОРОЗБАЙ УУЛУ ИЗДЕЛҮҮДӨ

1992-жылы туулган Тариэль Орозбай уулу ушул жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарынын Кайыңды жаңы конушундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Ал сүйлөй албайт, тамга тааныбайт. Сүрөттөгү жигитти көргөн-билгендер болсо төмөнкү номерге байланышып коюшуңуздар.

Тел: (312) 43 28 15, 0702 49 88 88, 0553 10 25 66

«ЭСКИ ДОСУМДУ ИЗДЕЙМ»

– Мен 1970-жылы Нарында туулган Чынара Абдылдаева аттуу досумду издейм. Чынара менен 1993-жылдан 1997-жылга чейин кат аркылуу байланышта болгонбуз. Ал акыркы жолу 1997-жылдын 6-февралында кат жазган эле, андан кийин байланышыбыз үзүлүп калды. Ал кезде Чынара Бишкек шаарындагы Шевченко көчөсүндөгү үйдө жашачу. Чынара, ошол кезде токтогулдук майып бала менен кат жазышып турганың эсиңдеби? Мен азыр 53 жашка чыктым. Эгер кааласаң, кайрадан достугубузду улантсак деген ойдомун. Эгер бул катым менен ыңгайсыздык жаратсам кечирим сурайм. Байланышсаң кубанычта болом.

Таалайбек Чандаков, тел: 0770651216, 0705651216, 0556651216

“ТАЙПАЛАШТАРЫМДЫ САГЫНДЫМ”

– 1984-1989-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетинде окуган тайпалаштарымды издейм. Алар: Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынан Мухтар Жакыпов, 1962-жылы туулган, Ош облусунан Үсөн Адышов, 1965-жылы туулган, Талас облусунан Кадырбек Кадышев, 1962-жылы туулган. Жаштык кезим силер менен өткөн. Ал күндөрдү эстеп силерди сагынам. Үй-бүлөңөр, балдарыңыр менен таанышып, катташкым келет. Досторум, байланышкыла.

Нурбек Уметалиев, тел: +79522230207 (WhatsApp)

“БАМДА ЧОГУУ ИШТЕГЕН ДОСТОРУМ, КАЙДАСЫҢАР?”

– 1987-жылы Кыргызстандын бардык облустарынан Орусиянын Хабаровск крайындагы Комсомольск-на-Амуре шаарына 120 чакты балдар-кыздар барганбыз. Ал жактан Байкал-Амур магистралын куруп чогуу иштеген 1967-жылы туулган Максат, 1962-жылы туулган Болот, 1965-жылы туулган Кешаны издейм. Окуп калсаңар байланышкыла, жолугалы.

Рустамбек Калбаев, тел: +791251 63 067 (WhatsApp)

Сиз качандыр бир кездеги жакын ада­мы­ңыз­ды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.

Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш. Байланыш телефону: (0312) 88 27 00

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 839, 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан