Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктарды көзөмөлдөөчү орган катары финансы системасынын туруктуулугун сактоо, аманатчылардын жана башка кредиторлордун кызыкчылыктарын колдоо жана коргоо максатында коммерциялык банктардын ишин жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттарга ылайык жөнгө салат. Анын негизги милдеттеринин бири болуп – экономиканын узак мөөнөткө өсүшүнө өбөлгө түзүү үчүн республиканын банк тутумунун натыйжалуу, коопсуз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу. Бул ирет коммерциялык банктарга болгон тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл киргизүү боюнча Улуттук банк аркалаган иштер тууралуу маалымат беребиз.
БАНКТАРДЫ КӨЗӨМӨЛДӨӨ МУКТАЖДЫГЫ
Финансы системасын өнүктүрүү жана өстүрүүдө банктардын жаңы жана татаал финансы инструменттерин колдонуусу көзөмөлдөө функцияларын өнүктүрүү зарылдыгын жаратты. Ошондон улам мыйзам талаптарын сактоого багытталган көзөмөлдөөдөн (пруденциалдык көзөмөл) тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлгө өтүүнү талап кылат.
КӨЗӨМӨЛДӨӨНҮН УЧУРДАГЫ ТАЛАБЫ
Коммерциялык банктарга тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл жүргүзүүдө Улуттук банктын чаралары банктын ар башка чөйрөлөрүндө тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгына, банктын тобокелдиктерди тескөө сапатына жана ички көзөмөлдөө системасына баа берүүгө багытталган. Ошондой эле тобокелдик деңгээли көп байкалган тармакка чара көрүлөт.
Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл көзөмөлдөө ресурстарын оптималдуу пайдалануу максатында алардын натыйжалуу бөлүштүрүлүшү менен айырмаланат. Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл – бул алдыңкы жана учурга сунушталган эл аралык практика. Банк көзөмөлү боюнча Базель комитетинин «Натыйжалуу банк көзөмөлүнүн негизги принциптери» (Банк көзөмөлү боюнча Базель комитети 1974-жылдын аягында дүйнөнүн 10 өнүккөн борбордук банктарынын президенттеринин катышуусунда Швейцариянын Базель шаарындагы Эл аралык эсептешүүлөр банкы алдында негизделген) китебинде тобокелдикти аныктоого багытталган натыйжалуу көзөмөлдү киргизүүнүн маанилүүлүгү айтылат.
ТОБОКЕЛДИКТИ АНЫКТООГО БАГЫТТАЛГАН КӨЗӨМӨЛДҮН МИЛДЕТИ
Пруденциалдык көзөмөлдөөдөн айырмаланып, тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдөө процессинде сапаттуу мүнөздөмөлөргө терең талдап-иликтөө жүргүзүүгө, бизнес-моделдин шайкештигине, стратегияга, корпоративдик башкаруунун, ошондой эле ички көзөмөлдөө системасынын натыйжалуулугуна баа берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Ал үчүн көзөмөлдөө маселелери боюнча жолугушууларды өткөрүү, банк кызматкерлеринен жана жетекчилеринен интервью алуу, жөнгө салуу отчётторунан тышкары кошумча маалыматтарды талдоо сыяктуу инструменттер жигердүү колдонулат.
Мындан тышкары пруденциалдык көзөмөлдөөдө банктарга карата бирдей эле ыкма колдонулса, тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөл банктын мүнөзүн, татаалдыгын жана маанилүүлүгүн эске алуу менен ар бир банкка карата жеке мамиле кылуу ыкмасын колдонот. Банктын иши канчалык татаал болгон сайын көзөмөлдөө органынын колдонгон ыкмасы да ошончолук татаал болмокчу.
Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүн тышкы көзөмөлдөөнү инспектирлөө иш-аракеттери менен тыгыз координациялоонун пайдасы жөнүндө белгилеп кетүү зарыл. Бул көзөмөлдөө органдарынын кызматкерлерине пландык иш-чаралар жана процесстер менен эле чектелип калбастан, жаралган ар бир тобокелдиктин багыты боюнча өз ишин тез жана талаптагыдай аткарышына мүмкүндүк берет.
МЕТОДОЛОГИЯЛЫК КАМСЫЗДОО
Мындан тышкары ченемдик укуктук базаны Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына ылайык келтирүүнүн алкагында Улуттук банк тарабынан бир катар ченемдик укуктук актылар, анын ичинде тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүн талаптарын эске алуу менен бекитилген. Анда белгиленген талаптар коммерциялык банктардын ишинде пайда болуучу тобокелдиктерди азайтууга багытталган.
ТОБОКЕЛДИКТИ АНЫКТООНУН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
Жогоруда айтылгандардан тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүн артыкчылыктары менен Улуттук банк гана эмес, көзөмөлгө алынган коммерциялык банктар дагы тобокелдиктерди тескөө жана көзөмөлдөө системаларын жакшыртуу жолун пайдаланышат дегенди түшүнүүгө болот.
Дүйнөлүк финансы системасынын өнүгүшү менен банктарга көзөмөл жүргүзүү, финансы-кредит уюмдарынын ишин жөнгө салууну уюштуруу ыкмалары, мамилелери да өзгөрүүгө дуушар болууда. Себеби финансы-кредит уюмдарынын туруктуулугуна мониторинг жүргүзүү, алдын алуу иштерине кеткен чыгымдар банк жана финансы системаларындагы каатчылыктардын кесепеттерин жоюуга кеткен чыгымдардан кыйла төмөн.
Мамлекеттик жөнгө салуунун элементи катары банктарды көзөмөлдөөнүн негизги милдети – жалпы банк тутумунун туруктуу иштешин колдоо функциясы өзгөрүүсүз калат. Тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдү жайылтуу банктарды көзөмөлдөөнү жаңы деңгээлге, коммерциялык банктардын ишине сапаттуу көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берген баскычка алып чыгууга шарт түзөт. Бул республиканын банк тутумунун натыйжалуу, коопсуз жана ишенимдүү иштешин камсыз кылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы