БИШКЕКТЕГИ “ОШ БАЗАРЫ” 4-ИРЕТ ӨРТТӨНДҮ

Бишкектеги “Ош базарында” кайрадан өрт чыкты. Кырсык 4-декабрга караган түнү болуп, базарда 40ка жакын соодагердин товары күйүп кетти. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, өрт базардын аймагында жайгашкан кафеден чыгып, кийим-кече сатылган контейнерлерге өтүп кеткен. Жыл башынан бери “Ош базары” төртүнчү жолу өрттөндү. Январь, март, апрель айларында базар аймагынан өрт чыгып, соодагерлер миллиондогон сом чыгымга учурашкан. Жазында Бишкек мэриясы зыян тарткан 488 соодагерге 10 миң сомдон жардам бергенин жарыялаган. Январдагы кырсык өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыктан келип чыкканы айтылса, кийинкилеринде "атайын бирөө өрттөгөн" деген версия айтылган. Бул окуялардан кийин аталган базардагы “Берекет” кичи базарынын директору Рафкат Момункулов жана базардын коопсуздугуна жооптуу адамдар кармалып, көп өтпөй үй камагына чыгарылган. Ушул кезге чейин базарды өрттөдү деп эч ким кармала элек. Базардагы өрт кырсыктары боюнча соттук териштирүү октябрь айында башталды.

“Ош базары” 80-жылдары түптөлгөн. Бүгүнкү күндө анда миңдеген соодагер эмгектенет.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 840, 7-13-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан