АНАРА ТУРДУГАЗИЕВА, ЖАЛГЫЗ БОЙ ЭНЕ: «3 КЫЗЫМ МЕНЕН КОШО ДУБАЛ БАСЫП КАЛАБЫ ДЕП КОРКОМ»

Нарын шаары, урайын деген дубалдары устун менен жөлөнгөн үй, ар кайсы жагынан жарака кетип суук ышкырган бөлмө ичинде 3 баласы менен коргологон эне... Бул ирет үй-бүлө түйшүгүн жалгыз тартып келе жаткан Анара Турдугазиева жашоо шартын баяндап бермекчи.

«ОКУУМДУ УЛАНТКАНГА МҮМКҮНЧҮЛҮК БОЛГОН ЖОК»

– Учурда турак жай маселесин чече албай, көрүнгөн эшикти чертип, үнүмдү угуза албай эле жүрөм. Көрдүңүздөр го, азыркы жашап жаткан үйүмдү. Авариялык абалда турат, жөлөнүп араң турган дубалдары басып калабы, же кар калың жааганда үстүбүздөн эски чатыр басып калабы деген коркунучта жашап жатам. Бул үй да өзүмдүкү эмес, 2500 сом төлөп батирде турам, кожоюн жазга чейин чыгарып жибербесе экен деп санааркап жүрөм. Кыштан эптеп чыгып алсак башка батир издейм го.

Бул абалга кантип келдиңиз дейсизби? Нарын облусунун Ак-Талаа айылында 1982-жылы төрөлгөм. Мектепти бүткөндөн кийин ошол эле айылдагы кесиптик лицейге кирдим, тигүүчүлөрдүн курсуна. Ата-энем ошол маалда урушуп-жарашып жүрүп, акыры ажырашып кетишти. Апам айылда жүрүп стресс боло бергенинен “мен багам, жүрүңүз” деп жоопкерчиликти өз моюнума алып апамды, инимди ээрчитип Нарын шаарына көчүп келе бердик. Андан ары окуумду улантканга мүмкүнчүлүк болгон жок, апама жардамдашып иштеп кеттим. Базарга чыгып семичке, тамеки жана башка майда-чүйдө сата баштадык.

«ЖОЛДОШУМДУН ТҮРМӨДӨ КАЗА БОЛГОНУН УКТУМ»

– Базарда жашылча-жемиш саткан жалал-абаддык жигит бар эле, экөөбүз сүйлөшүп жүрүп үйлөнүп алдык. Анын туугандары менен таанышкан жокмун, ана-мына барабыз деп жатып эле убакыт өтүп кетти. Ошентип жүрүп 2006-жылы кыздуу болдук. Жолдошум жаңы жылда келип калам деп айылына кеткен. Ал жактан достору менен чогуу бирөөнү сабап салып, соттолуп, абакка отуруп калды. Ошол бойдон анын кабарын ала албай калдым, туугандары мени жолотпой коюшту. Кийин жолдошумдун түрмөдө каза болгонун уктум.

Баягы эле көр тирилик менен убакыт өтүп жатты. 2012-жылы нарындык бир адам менен тааныштым, мурдагы аялы менен ажырашып, ортодо баласы бар экен. “Экөөбүз үйлөнөлү, кызыңды өз кызымдай кабыл алам” дегенинен макул болдум. Өзүндө деле бир бала бар экен, меникиндей эле абалда деп сунушун кабыл алдым. Бирок анын айылдагы үйүнө барганда эле кызым батпай калды. Кайненем мени урушса, кол көтөрсө чыдасам керек эле, кызыма да колу тие баштады. Жолдошум мени аларда “намаз окуйм” деген эле, тескерисинче, тапкан акчасына катып арак ичет экен. Барганда эле ушундай абалга туш болдум.

«ЧЫРЫЛДАП ЫЙЛАГАН КЫЗЫМДЫ ЭМИЗИП КОЮП ПОЛ ЖУУЙМ...»

– Боюмда болгондо деле жашоом оңолгон жок. 2014-жылы экинчи кызым жарыкка келгенде мени кууп жиберишти. Бир кызымды жетелеп, экинчисин көтөрүп алып Нарынга келип, кайрадан жумуш издеп баштадым. Төрөгөнүмө аз эле убакыт болгон, шаардык мончонун полун жуугуч болуп орноштум. Улуу кызым жанымда бөбөгүн карайт, ыйлайт чырылдап, мен эмизип эжесине карматып коюп пол жууйм. Өзүмдүн бир туугандарыма да барып көрдүм, бирок бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт экен.

Ошентип эки ай өткөндөн кийин жолдошум кечирим сурап келип, кайра чогуу жашай баштадык. Базардын жанынан эле батирге чыгып, мен мал союлуучу жайда ичеги-карын тазалап, жолдошум болсо кароолчу болуп иштей баштады. Эгер арак ичпесе жашообуз оңолот беле дейм, бирок такыр өзүн кармана албай, тапканын аракка коротуп туруп алды. Ортодо кандай гана кыйынчылыктарды башымдан өткөрбөдүм, менин ордумда башка бирөө болсо, балким, кошо ичип кетмек. Анын үстүнө 3-ирет кош бойлуу болуп, 2015-жылы 3-кызым жарыкка келди. Мен кыздарым үчүн жашап, чыйралышым керек эле. Андыктан ажырашалы дедим, ажыраштык. Ошол бойдон андан кабар жок, кайра үйлөнүптүр деп уктум.

«ЖАЙ БОЛОБУ, КЫШПЫ, ИЧЕГИНИ МУЗДАК СУУГА ЖУУП-ТАЗАЛАЙМ»

– Ошондон бери эле ичеги-карын артып иштейм. Ал да сезондук жумуш, той-топур көбөйгөндө, эл мал сойгон убакта жумуш жакшы жүрүп калат. Эл мал сойдурбаса мага да жумуш жок. Бир бодо малдын ичегисин 500 сомго артып берем. Жай болобу, кышпы, ичегини муздак сууга жууп-тазалайм. Андыктан колу-бутумдун муундары сыздап оорутат, эңкейсем түзөлө албай, түзөлсөм эңкейе албай калам очорулуп.

Жумушчулардын биржасында каттоодо турам, аялдарга ылайык жумуш болуп калса телефон чалып чакырышат. Колумдан келген ишти жалданып иштей берем. Тапкан акчам күнүмдүк тамак-ашка жетип-жетпей калат. Өзүм оорусам деле, кыздарым ооруса деле көпчүлүк учурда дарыга акча таппай калам. Анда сарымсак же башка колумдан келген нерсе менен дарыланабыз. Такыр болбой калса тер менен чыгып кетсин деп калың жаап жаткырып коём. Кыздарымдын ден соолугун Кудайга тапшырып эле жүрөм. Андан башка аргам жок, азыр кайда барсаң да биринчи акча сурап, анан эшигин ачып калышпадыбы.

«КЫЗДАРЫМ ЖАҢЫ КИЙИМ ЭМНЕ ЭКЕНИН БИЛБЕЙ ЧОҢОЮП ЖАТЫШАТ»

– 3 кызыма алган жөлөк пулду дароо эле батир акысына беребиз. Ошол жөлөк пулдун болгонуна да шүгүр. Өткөндө мэрияга абалымды айтып барсам көмүрдүн майдасынан 8 мүшөк берип жиберишиптир. Аны жаксам эле сасып, түтөп туруп алды. Кыздарым ууланып калбасын деп жакпай калдым, эмне деген көмүр экенин билбейм.

Үйдүн дубалдарынын жарака кеткен жерлери көп, андыктан ырылдап эле суук кирип турат. Кыш күчүнө кирсе кантебиз билбейм. Кыздарыма биринин кийимин бирине кийгизип эле келе жатам. Улуу кызыма ары тартып, бери тартып эң керектүү кийимин алып бергенге аракет кылам. Кичүүлөрү жаңы кийим эмне экенин билбей эле чоңоюп келе жатышат. Улуу кызым 5-класска барып калды, ортончусу жакында 5ке, кичүүсү 4кө чыгат. Бала бакчага шартыбыз жок, киргизейин десем “шапкага” 5 миң сом сурайт экен, жок болсо “кезегиң жете элек” дешет. Кыскасы, кайра эле акча.

Азыр негизгиси күнүмдүк кекиртекти эле бүтөйүн деген аракет менен жүрөм, кийимди да албай койсоң болот экен. Тамак ичпей калсаң жашоо токтойт тура. Кыйын жашоомду элге айтып алсам, бугум чыгып бир чети жеңилдейттирмин, балким, кимдир бирөө жардам бергиси келер...

Асыл Орозбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Meken28
2019-01-01 12:15:46
Bul ejenin telefon nomeri bar beken
+6
Nurkyz1977
2019-01-02 11:39:09
Ушундай абалдагы уйун 2500с дегени эмнеси Кудайдан коркпогон пендего,бул уй булоонун акыбалын коруп туруп бекер жашатса сооп болмок экен аттин.
+17
Colombiana
2019-01-02 15:50:01
Телефон номерин,аты жонун толук жазып койгулачы Суперчилер,сураныч.Только купуя кат аркылуу.
+2
Pamirlan
2019-01-02 17:49:44
Жоопкерчилиги жок эркектердин айынан канча аялдар кыйналып журот,
+5
Zaina
2019-01-03 10:50:10
Pamirlan,ооба, анан асылганы эле биз, кыздар мындай, кыздар тигиндей деп башташат. Негизи кыргыздын кыздары аябай кучтуу, зирек, чыдамкай келебиз, эркектерибиз эле бизди баалабай кууратат.
+8
Асылжан
2019-01-03 19:07:10
Анара Турдугазиеванын номери: 0704 113161
0
stal.ks
2019-01-03 19:22:56
эл сом ачып бергиле
+1
kyrgyzstan00
2019-01-03 19:59:07
Апаныз кыздарды карайм десе,иштегени жылбайсынарбы,жаш эле экенсинер,аракет кылыш керек.Силерге ден соолук!!!!
0
muslima89
2019-01-04 00:47:30
Апанызга таштап балдарынызды иштегени келин Россияга, жардам беребиз . Антип журсонуз озунузду да орукчан кыласыз. Жаштыгынызда уй жай кылып алын.
+2
jaskaaa
2019-01-04 14:29:49
Балдарга эле кыйын. 2500 сомго башка үй эле караныз.Өзүнүздү ойлобосонузда балдарды ойлоп аракет кылыш керек. Ден соолук жайында балдарынызда ден соолугу чын болсо. Анда нени күтүп атасыз түшүнгөн жокмун. Катуу тийсе кечиргиле.
+2
dobrajelatel
2019-01-08 04:05:44
Эже минтип отурган болбойт. Ишенимдуу адамга балдарды тапшырып Москвага келсе болмок. Балдарга караган адамга акысын берсе бироо жарым карайт беле. Иштеп озун, балдарын кор кылбай багат эле.
0
dobrajelatel
2019-01-08 04:07:29
Кыйналдым дегенден пайда жок. Ар кимдин колун карабай иштеш керек. Заман ушундай.
0
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан