АТА-ЭНЕСИЗ ӨСКӨН МУУН. МАМЛЕКЕТ НАРИСТЕЛЕРДИ КАЧАН КОРГОП БАШТАЙТ?

Акыркы учурда балдарга карата жасалган зордук-зомбулук көбөйүп жатат. Мунун себептери ар түрдүү: экономиканын алсыздыгы, миграциянын күчөшү, үй-бүлөлүк баалуулуктардын жоголуп бараткандыгы, бийликтин бул маселеге тиешелүү деңгээлде карабай жаткандыгы...

ҮРӨЙ УЧУРГАН ОКУЯЛАР

Акыркы 1 айга жетпеген аралыкта эле өлкөбүздө балдар зомбулукка кабылган жүрөктүн үшүн алган окуялар катталды. Алардын бири өткөн жумада Жети-Өгүз аймагында 2 жашар бала ур-токмокко кабылып, чарчап калды. Милиция бала шымына сийип койгону үчүн таежеси сабап салган деп билдирди. Баланын ата-энеси ажырашып кеткен, апасы Орусияга иштегени кеткен экен.

Ушул жылдын ноябрь айында Панфилов районунда 2 жашар наристе ур-токмоктон каза болгон. Аны апасы таанышына таштап, өзү Орусияга кеткен. 21-декабрда Жумгал районунда 4 жашар наристе зордукталып, 7 жашар бала муунтулуп өлтүрүлдү. Декабрь айынын башында 1,5 жаштагы баланы Чүй облусундагы аялдамалардын бирине калтырып кеткен факт да катталды. Ата-энеси баккысы келбеген баланы чоң энеси аялдамага таштап, милицияга кабар берип койгон.

Мына биздин балдарга болгон мамилебиз... Бул фактылар жакынкы 1-2 ай ичинде болгондору гана. Балыкчы шаарында 2 жаштагы сабалган бала, Бурана айылындагы 1,5 жаштагы ташталган наристе... Жаза берсе окуя түгөнбөйт, окуй келсе агарган чач көбөйөт. Мындай окуялардын жыйынтыгы кай бирине кылмыш иштери козголуп, кээ бир учурда арыз жазуудан баш тартып аяктагандар бар. Демек, мындай иштер жакындар тарабынан же туугандар тарабынан эле болуп жаткандыгын түшүнүүгө болот.

АТА-ЭНЕ, КӨЗҮҢДҮ АЧ! СЕСТЕНТКЕН СТАТИСТИКА

Балага жоопкерчилик биринчи кезекте анын ата-энесинде. Баланы төрөп койдуң – ата-эне болуп жатып калдың эмес. Метрика бул кагаз жүзүндө ата-эне болдуң деген гана документ. Жашоонун документи боюнча ата-эне балага мээримин төгүп багат, тарбиялайт, камсыздайт, чоңойтот. Балалуу болуу, бул чоң жоопкерчилик. Төрөп койгондон кийин бала өзүнөн-өзү чоңоюп кете бербейт.

ЮНИСЕФ уюму балдарды коргоо боюнча 2017-жылы дүйнөлүк деңгээлдеги ири отчётун жарыялаган. Балдардын зомбулукка кабылып жаткандыгы тууралуу отчётунда Кыргыз өлкөсүндө үйүндө эле запкы жеген балдардын саны 57 пайызды түзгөн. “Бул илдет ар бир коомдо болуп жаткан көрүнүш. Балдар ар түрдүү жактан зомбулукка кабылып жатат. Үй-бүлөдө, мектепте жана башка жерлерде”,- деп айтылат анда.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын жарымында эле өлкө боюнча 647 бала чоңдор тарабынан зомбулукка кабылган. Алардын көпчүлүгү балдардын жакындары тарабынан болгон. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин билдирүүсүндө 2018-жылы 94 бала зордук-зомбулукка кабылган. Алардан 40 бала ур-токмок, 39 бала сексуалдык жактан жана калган 15 бала психикалык жактан кордук көргөн. Аталган министрлик сүйүнчү пулга каражат табуу менен алек боло бербей, балдарды коргоо боюнча тыңыраак иш жүргүзсө болот беле?.. Мындай статистика балдардын ата-энесин гана эмес, коомчулук, атүгүл бүтүндөй өлкөнү сестентиши керек.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ҮН КАТАТ. ҮН КАТКАНДЫ КИМ УГАТ?

Жогорку Кеңеште балдардын окуялары тууралуу депутат айымдар гана кабардар өңдөнөт. Анткени акыркы убакта бир гана айымдардан маселе көтөрүлгөн. Депутат Айсулуу Мамашова 29-ноябрда өлкөбүздөгү балдар орчундуу маселе экендиги тууралуу айтып, мунун кесепети миграция жана ажырашуулардын көп болуп жаткандыгынан экенин белгилеген. Өзүбүздүн балдарыбызга көбүрөөк камкордук керек экендигин айтып, 2019-жылды “Балдар жылы” деп жарыялоону сунуштаган.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Аида Касымалиева 17-декабрда эл аралык мигранттар күнүндө мигранттардын балдары тууралуу жазды. “Өз балдары менен ажырашкандан оор эмне бар? Миграциянын айынан иштегени кетип, каражат тапканы менен, ошол акчанын чыныгы баасы кандай?”  деген маанидеги суроолорду келтирет анда. Эртең эмес, бүгүн иш кылалы деген чакырыкты таштады.

27-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Карамат Орозова ата-энелердин балдарга болгон жоопкерчилигин күчөтүү керектигин айтты.

"Ата-энелер балдарын кароодон качып, интернаттарга таштап кеткендердин саны жыл сайын өсүүдө. Балдардын маселесин чече турган мыйзам долбоорлорун иреттеп сунуштайлы. Акыркы 2-3 жуманын ичинде эле жакындары тарабынан зордук-зомбулук көргөн балдарды көрдүк",- дейт эл өкүлү.

Бул жаатта парламентте жогорудагы сөздөрдөн бөлөк эч кандай деле көрүнүктүү маселе көтөрүлө элек. 24-декабрда Социалдык маселелер боюнча комитеттин жыйынына 4 эле депутат катышканы мындай маселелерге эл өкүлдөрү олуттуу түрдө карабай жаткандыгынан кабар берет.

ЖАҢЫ МЫЙЗАМ, ЖАҢЫ КАДАМДАР...

Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө 750 миңге жакын кыргызстандыктар чет өлкөдө иштеп жүрүшөт. Алардын 259 миң бала-чакасы Кыргыз өлкөсүндө калган. Запкы жеген көпчүлүк балдар дал ушул катмардан. ЮНИСЕФ жана өкмөт мигранттардын балдарын коргоо максатында мыйзам даярдап жатышат. Эгерде бул иш жүзүнө ашса, анда ата-энелер 3 жашка жете элек баласын 3 айдан ашык таштай алышпайт. Ата-эне балдарын өздөрү менен алып кетүүгө мүмкүн болбосо, анда ал ишеним кат жазып, бирөөгө тапшырып кетүүсү керек. Муну менен канча баланын ата-энесиз калганын аныктоо, балдардын социалдык кызматтарды алуусу да жеңилдээрин айтышат демилге көтөрүп чыккандар.

“3 жаштан улуу балдарды жарым жылга чейин калтырса болот. Ата-эне жазган ишеним кат жергиликтүү бийлик тарабынан катталып, калтырылган балдарды маал-маалы менен көзөмөлгө алып туруусу маанилүү”,- дейт ЮНИСЕФтин балдарды социалдык коргоо боюнча адиси Елена Заиченко.

Балдар кодексинин 76-беренесине ылайык, ата-эне баласын бага албаса же башка жакка кетип жатса камкорчу же көзөмөлчү дайындайт. Көпчүлүк учурда ата-эне баласын туугандарына сүйлөшүп коюп эле таштап кете беришет да, үрөй учурган окуялар кайталанып жатканы ушундан. Эми аталган жаңы мыйзам кабыл алынса, ушундай нерселерге бөгөт коёт деген ишенич жаралат.

ЧЕЧКИНДҮҮ КАДАМ ТАЛАБЫ

“Адамдын башкаларга кылар эң чоң жакшылыгы эле үйүнөн адам болор балдарды тарбиялап өстүрүү экен. Аны да бирөөнүн жардамы менен эмес, өзү күн сайын, саат сайын бүт дилин балдарга берүү менен...”- деп жазат Чыңгыз Айтматов “Кылым карытар бир күн” романында. Мында канчалык терең маани камтылганын балдар тууралуу үрөй учурган окуя же кылмыштардан кийин гана эстеп баштайбыз.

Акыркы окуялардан кийин премьер-министр атайын чогулуш кылып, балдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Мындай чогулуштардын далайы өтпөбүдү. Жыйынтыгы кана? Качанкыга чейин кайталанып жаткан кылмыштар жүрөктөрүбүздүн үшүн ала берет? 2 жаштагы баласын ур-тепкиге алды, наристе кыз зордукталды... Жаңылыктар түрмөгүн ачсаң мындайларды издеп да убара болбойсуң. Балп этип эле көз алдыңа чыгып калат. Же Ак үй-көк үйдө отурган бирөөнүн баласы зомбулукка кабылмайынча так иштей турган мыйзам, долбоорлор кабыл алынбайбы?

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Meken28
2019-01-01 12:24:08
Tuura,,kim kuiot baikush baldar uchun,,ehh bizdin boboktor kandai kyiynchylyk koruudo
0
fanatka19
2019-01-02 11:44:21
жашы жете элек балдарын таштап кетууго тыю салсын мамлекет. аялы куйоосу эко тен кетип калат балдарын таштап.бой энелерге айла жок да эми баласын багыш керек. атасы энеси туруп жетимдер толтура айылда.
+2
taalay25
2019-01-02 12:51:16
Биринчи иш таап бергиле анан миграцияга каршы мыйзам жазгыла Турменстанга окшоп!
0
shahlet
2019-01-04 10:31:24
Айтып же жазып коюш оной мыйзамды!Эл жыргагандан мигрант болуп журобу? Там салыш керек,балдарына шарт тузуш керек. Бирок бала менен ата-эненин ортосунда коз караш башка башка бойдон калууда. Бирок эн окунучтуусу ушул.
+3
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан