ИЗДЕЙМ СЕНИ. “УУЛУМ ДАРЫСЫ ЖОК КАНТТИ ЭКЕН?”

“УУЛУМ ДАРЫСЫ ЖОК КАНТТИ ЭКЕН?”

– Ушул жылдын 21-ноябрында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Виноградное айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон уулум Маликов Хонтур Жамол Угли дайынсыз болууда. Ал 1993-жылы туулган. Уулумдун талмасы бар. 2 жылдан бери дары ичкенде гана жакшы болуп жүргөн. Каралдым, дарысы жок кантти экен? Ал буга чейин деле 2-3 күн жок болуп кетип, кайра келип калчу. Бул ирет табылбай жатат. Сүрөттөгү баланы көргөн-билгендер болсо, байланышып коюшуңуздарды өтүнөбүз.

Апасы Тамара Гаппарова, тел.: 0708 42 07 90, 0553 102 387, 0706 326262

“ОРУСИЯГА КЕТКЕН УУЛУМДУ 4 ЖЫЛДАН БЕРИ ИЗДЕП ТАППАЙ КЕЛЕМ”

– 1993-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда туулган уулум Алтынбек Камчыбек уулун 4 жылдан бери издеп таппай келем. Уулум 2012-жылы иштеп келем деп Орусияга кеткен эле. Курулушта иштеп жүрдү. 2 жыл байланышта болдук. Андан кийин бир күнү эле телефону өчүп, ошондон бери дайынсыз. Орусиядагы туугандарыбыздан сурасак, эч ким көргөн эмес. Уулумду кайдан издеп, кантип табарыбызды билбей калдык. Көргөн-билгендер болсо байланышып коюшуңуздарды суранабыз.

Апасы Гүлнура Калдарова, тел.: 0773 77 25 56, 0779 95 91 17

Сиз качандыр бир кездеги жакын ада­мы­ңыз­ды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.

Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.

Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Chaki2795
2019-01-04 01:43:23
Байкуштар аман эсен табылып калсын
+3
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан