«СУПЕР-ИНФО» ЖЫЛДЫЗДАР МЕНЕН БИРГЕ КААРМАНДАРЫН ЖАҢЫ ЖЫЛЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Жыл сайын «Супер-Инфо» гезити жана SUPER.KG порталы жыл жаңырар алдында кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү менен биргеликте балдар үйүндө жашаган балдарды, карылар үйүндө жашаган карыяларды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап келет. Бүгүнкү биздин каармандар тагдырдын сыноосуна кабылып, ден соолугунун мумкүнчүлүгү чектелгендер, жетишсиз жармач жашоонун айынан кыйналгандар болду. Ырчылар Талант 60`К, Автандил, Адилет Азимов, комузчу Канышай Сүйүнбай жана, албетте, Аяз ата, Аяз кыз менен ыр-күлкү тартуулап, “Эл сүйөр” кесмесин, “Дивное” өсүмдүк майын, таттууларды таратып, ыраазычылык угуп кайттык.

Үмүткан Абдыкеримова
6 жылдан бери төшөктө. 2 жыл мурун табарсыгынан 5 килограммдык киста алдырган. Ал аз келгенсип эми эки бөйрөгүндө да киста пайда болгонун, жүрөк оору да жабышканын дарыгерлер кабарлашкан. Бишкектин Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездине киргенде эле ырдап баштадык. Айрымдар батиринен чыга калып карап жатышты. Шаң менен кирген ырчыларды Үмүткан эже ооруганына карабай жакшы маанайда тосуп алды. Ырчылар ар бири бирден ыр аткарган соң эже батасын берип, ыраазы боло узатты.


Дарика Кодоева троллейбус жууп иштеп, оорулуу кызы менен вагондо жашайт. Кызы Алтынай 1 жашында менингит оорусуна кабылган. 4 жыл мурун аны машина да сүзүп кеткен. Дарика эжеге “Жаңы жылыңыздар менен куттуктап бара жатабыз” деп телефон чалганыбызда үйдө эмес экенин, бирок үйдө тууганы бар экенин айтты. Дарика эженин жоктугун билгизбеген тууганы чыгармачыл топко рахмат айтып, батасын берип узатты.


Эки буту иштебей төрөлгөн Айзада Кожобергенованы Жаңы жылы менен куттуктадык. Каарманыбыздын апасы кош бойлуу кезинде автокырсыкка учурап, ошондо түйүлдүккө доо кеткен экен. Каарманыбыз биздин барганыбызга жетине албай сүйүнүп бөлмөлөр ортосунда жөрмөлөп жүрдү. “Эң биринчи байлык – ден соолук, ден соолугуңар бекем болсун” деген Айзада эже ырчыларга кошулуп ырдап, кол чаап отурду.


Айчүрөк Зикирова 6 жашар небереси менен бирге туугандары салып берген үйдө турат. Ал кызы карабасын, “үйдөн чыгып кет” деп урарын айткан эле. Борбордогу соода борборлордун биринин жанында тилемчилик кылган апанын небереси Аяз кыз менен Аяз ата алып барган белекти көрүп аябай сүйүндү.


Салима Нурдинованын баласы үйлөнүп, апасын неберелүү кылган. Жетпеген жашоонун айынан уул-келини бир байга жалданып иштеп жүрүп, карыз болуп калышкан. Каарманыбыз бизге берген интервьюсунда “келиним үйгө токтобой иччү, төлөмөр болуп калышканда кетип калыптыр” деген эле. Чоң эне учурда бирге чыга элек небересин карайт. “Эң башкысы – көңүл” деген чоң эне да Жаңы жылда баарыбызга ийгилик каалады.


14 жаштагы Аделина Токтогазиеваны ата-энеси зарлап күтүп, 5 жыл дегенде балалуу болушкан. Аделина альвеококкоз дартына кабылганда ата-эне Таластан борборго көчүп келген. Альвеококкоз боордун кан тамырлар жыш жайгашкан жеринде болгондуктан жергиликтүү дарыгерлер “жардам бере албайбыз, бул биздин колдон келбейт” дешкен. Индияда жасоого мүмкүн болгон операцияга кеминде 35-40 миң доллар керектелет экен.


Марс Жакыповдун көзү төрөлгөндөн көрбөйт. Какаганга муштаган болуп, каарманыбыздын уул-кызынын да көрүүлөрү начар. Ырчылар бул үй-бүлөнү куттуктап ыр менен кирип барганда Марс мырза да комуз менен ырдап жооп узатты.


18 жаштагы Бегайымдын эки бөйрөгү тең иштебей, аптасына 3 ирет гемодиализ аркылуу тазаланат. Бөйрөгүн алмаштырууга донор болуу үчүн жакындары ден соолугун текшертишсе баары оорукчан болуп чыгышкан. Атасы кургак учук менен ооруса, апасынын жүрөк оорусу бар экен.


Арча-Бешик конушунда жашаган каарманыбыз Марс Жусуев Сокулуктагы балдар үйүндө 5 жыл окуган. Мектептен тамак жасагандан тарта, кол өнөрчүлүктүн бардык түрүн үйрөнгөн. “Баса албайм” деп жатып албаган Марс кийизден телефон салгыч, баштык, тапичке жасап сатат. Каарманыбыз келгенибизге ыраазы болуп, батасын берип узатты.


Эгем Назарбеков мырза тубаса майып болуп төрөлгөн. Ага кошул-ташыл айылдагы кемпирлер да бешиктеги кезинде кыйнап койгонун эскерет. “Бешиктеги кезимде айылдагы кемпирлер кан уюп калган деп далымды тилип, сол бутумду далыны көздөй чоюшуптур. Ошондо сол жамбашым чыгып кетип, сөөгү туура эмес бүтүп калыптыр. Кан айланбай сол бутум тизеден ылдый ириңдеп кетип, дарыгерлер 4 ирет операция кылышты”,- дейт ал.

Биз кечки саат 8дер чамасында барганыбызда Эгем мырза борбордогу базарлардын биринде кайыр сурап отурган экен. Ошол жерден белегибизди берип кайттык.


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
SUPER TV жылдыздар менен бирге турмушу оор каармандарын Жаңы жылы менен куттуктады
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Altynbekova.01
2019-01-08 09:52:02
Аман болгула
+3
meerim1212
2019-01-08 15:33:57
жакшы
0
Pandora
2019-01-08 22:41:12
Кудайым ар пендесинин ден соолугун,бекем кылсын.
+2
Baiana2017
2019-01-09 20:49:27
Алла Таала баарыбызга ден соолук берсин!эч Ким оорубасын
+3
Rasulbek93
2019-01-11 14:51:36
Соонун
0
Birimdik5555
2019-01-12 00:41:08
Кудайымиэки дуйно бактылуулук берсин ылайым
0
№ 844, 4-10-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан