Анарбек Чунгулов, тепловоздун машинисти: «БИЗДИН АР БИР КЫЙМЫЛЫБЫЗ "КАРА ЖАШИК" МЕНЕН КОМПЬЮТЕРДЕ ЖАЗЫЛЫП, ТАРТЫЛЫП ТУРАТ»

Дүйнөдө түркүн кесиптер бар. Алардын бири тепловоздун машинисти. Ушул кызыктуу кесипте иштеп келе жаткандардын бири Анарбек Чунгулов. Каарманыбыз 36 жашта, иш тажрыйбасы 11 жыл. Анын алгачкы 2 жылында машинисттин жардамчысы, кийин машинист болуп иштеп келет. Кичи мекени Кемин, учурда Бишкекте жашайт. Анарбек кесибинин күнгөй-тескейи тууралуу айтып берет.

– “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасында жүк ташуучу 8 (6 заманбап, 2 СССР убагындагы), жүргүнчүлөрдү ташуучу 2 заманбап тепловоз бар. Тепловоз дизелдик май менен иштейт. Тепловоздун салмагы 160 тоннадай. 2 башында 2 кабина бар, анда тепловозду башкаруучу пульттар жайгашкан. Баш жагындагы кабина чоң, артындагысы кичирээк. Тепловоздор жүргүнчүлөрдү ташый турган 18 вагонду сүйрөй алат. Ар бир вагон 60 тоннадан. Жүк ташуучулары жүк жеңилирээк болсо 52 вагонго чейин сүйрөйт.

Мен жүк ташуучу да, жүргүнчүлөрдү ташуучу да тепловоздо машинист болуп иштейм. Таятам темир жол станциясында жетекчи, таякем машинист болуп иштеген. Кичинемде алар менен жумушуна ээрчип барып калганда "ушундай чоң тепловозду башкарып иштесем" дечүмүн. Алардан көп нерселерди үйрөнүп жүргөнүм кийин бул кесипти бат өздөштүрүп кетүүмө себеп болду. Бишкектеги №97 кесиптик лицейден окуп машинисттин жардамчысы деген адистик алып чыккам. Жогорку билимим да бар. Ишти машинисттин жардамчысы болуп баштап, анан машинисттикке өтөсүң. Чин иш тажрыйбасына карата берилет. Төмөнкү чин 3-класс, анан 2-класс, көп жыл иштегендерге 1-класстагы чин берилет. Айлык ошого жараша төлөнөт. Айлыгыбыз 25000-30000 сомдун тегереги. Менин чиним – 3-класс.

“Кыргыз темир жолу” тейлей турган аймакка Казакстандын Луговое станциясынан (Жамбыл облусу) Балыкчыга чейинки аралык кирет. Орусияданбы же Казакстанданбы, сырттан кирген жүк же жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин машинисттери вагондорду Луговоеге чейин сүйрөп келип беришет. Ал жерден биз чиркеп тиешелүү пункттарга жеткиребиз. Мисалы, Бишкекке же Балыкчыга. Кайра кайтышканда Луговоеге чейин чиркеп жеткирип беребиз. Луговое станциясында "Кыргыз темир жолунун" машинисттери үчүн жай бар. Ал жерде уктап, эс алууга шарт түзүлгөн.

Биз кезек менен иштейбиз. Бригадада машинист менен кошо жардамчысы болот. Жумушка келер менен локомотивдик депонун күзөттүк кызматкерине катталабыз. Бүгүнкү иш, аба ырайы боюнча инструктаж алабыз, медициналык кароодон өтөбүз. Анан тепловозду өткөрүп алууга барабыз. Тепловоздорду оңдоочу атайын бригадалар бар. Алар керектүү жерлерин оңдоп, биз баргыча тепловоздорду жүргүзүп, ысытып даярдап турушат. Биз тепловозду текшерип өткөрүп алып, аны айдап текшерүү пунктуна барып катталабыз. Алар кайсы аймактан кандай ылдамдыкта айдоо керектиги сыяктуу көрсөтмөлөрдү берет, ал көрсөтмөлөр компьютерге түшүрүлүп, ошол боюнча да иш алып барабыз. Диспетчер уруксат берген соң жолго чыгабыз. Ушунун баарына 1 саат кетет. Жолду негизинен диспетчер башкарат. Биз менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, керектүү көрсөтмөлөрдү берип турат. Жолдо майда бузулуулар болуп калса өзүбүз оңдойбуз. Алыбыз жетпесе диспетчерге айтабыз, ал тепловоз оңдоочу бригаданы жиберет.

КЕЗЕКТЕ 12 СААТ ИШТЕЙБИЗ. 1 МҮНӨТ АШЫК ИШТӨӨГӨ БОЛБОЙТ

– Кокус жолдо 12 сааттан ашык кармалып кала турган болсок, иштегенибизге 12 саат болду дегенде 1 мүнөт ашырбай бараткан жерибизде дароо токтойбуз. Биз менен кабардар болуп турган диспетчер бизди утурлап чыкканга башка тепловозду жиберген болот. Биз сүйрөгөн вагондорду алар чиркеп кетишет.

Машинисттик жумуш чыдамдуулукту, физикалык даярдыкты, жоопкерчиликти, тактыкты, токтоолукту, кандай ыңгайсыз кырдаал жаралбасын туура, тез чечим кабыл алууну талап кылат. Нерви жукалар иштей албайт. Самолёттогудай бизде автопилот жок. Темир жолдун уставын, техникалык эксплуатациянын эрежелерин, сигнализация жана манёврдук иштер боюнча инструкцияларды беш колуңдай билишиң зарыл. Анткени биз жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө да, жүктөргө да, тепловоз үчүн да жооп беребиз.

АР БИР КЫЙМЫЛЫБЫЗДЫ "КАРА ЖАШИК" МЕНЕН ВИДЕОКӨЗӨМӨЛ КӨЗӨМӨЛДӨЙТ

– Заманбап тепловоздордо кондиционер, видеокөзөмөл бар. Кабинада кимибиз эмне иш кылып, тепловозду кантип башкарып баратканыбыз, баары тартылып, компьютерде көрсөтүлүп турат жана сакталат. Бизге иш учурунда 1 мүнөт үргүлөп кетүүгө да жол берилбейт. Электропневматикалык клапан ар бир 40-60 секунд сайын чыйкылдап үн чыгарып турат. Ал чыйкылдаган сайын кол менен басып туруу шарт. Бул клапанга пультта машинист бар деген белги берет. Эгер аны баспай калсаң 1 мүнөт өтпөй тепловоз автоматтык түрдө токтойт. Бул жол коопсуздугу үчүн ойлонуп табылган нерсе. Токтоп калса кайра айдап кете берсең болот, бирок келгенде чоң териштирүү болот. Анткени бизде самолёттогудай “кара жашик” (электрондук кассета) деген бар. Ошондо жолдун кайсы бөлүгүндө канча ылдамдык менен жүргөнүбүз, кайсы жерден канча ирет гудок бергенибиз, токтогонубуз жазылып турат (кардиограмма сыяктуу). Кокус кырсык болуп кетсе териштирүүдө ошол чечмеленет.

Бизге саатына 60 чакырым жүрүүгө уруксат. Бирок эл көп жайгашкан аймактарды аралап өткөндө жана калың туманда ылдамдык азайтылат жана жол коопсуздугу үчүн гудок көп берилет, прожекторлор да көбүрөөк жандырылып-өчүрүлүп турат. Эң кооптуу аймактар болуп Бишкектен Сокулукка чейинки аралык жана Кара-Балтанын тегереги эсептелет.

Чоң унаа, айталы, трактор, жүк ташуучу унаа же поезд менен кагышканда тепловоз өзү же ага чиркелген вагондордун бир канчасы рельстен чыгып кетүүсү мүмкүн. Көпчүлүк учурда адамдар күнөөлүү болуп чыгат. Семафордо кызыл күйүп турганына карабай унаасын айдап өтүп кетүүгө ашыгышат. Жан далбастап чуркап өтүшөт. Суицид үчүн рельстерге жатып алгандар кездешет. Үй жандыктары жайылып жолго келип калат. Алыстан көрүп сигнал берип, прожекторлорду өчүрүп-жандырганыңа карашпайт. Болушунча тормозду тээп токтогонго аракет кылабыз. Өзү 160 тонна болсо, дагы канчалаган тоннаны сүйрөп, күч менен келе жаткан тепловоз тормозду басканда деле 250-300 метр аралыкка сүрүлүп барып токтойт. Урунган адам, жаныбар оңой менен аман калбайт. Унаа нандай былчыят.

Эмнени коюп кетсек да устав боюнча тепловозду токтотуп, диспетчерге маалымдайбыз. Эгер адамды сүзүп кетсек диспетчер "Тез жардамга", жетекчиликке, милицияга чалат. "Тез жардам" келгиче ошол орундан жылбайбыз жана биринчи жардам көрсөтөбүз (бул боюнча атайын окуулар өтүлөт). Эгер мерт кеткен болсо жолдун четине чыгарабыз. Анан милиция кызматкерлери болуп Бишкектеги наркологиялык борборго барып текшерилүүдөн өтөбүз. Соттук териштирүүдө видеобайкоодо тартылып калгандар, кассета колдонулат. Ким күнөөлүү ошондон чечилет.

2009-жылы Бишкектен Луговоеге кетип баратканбыз. Саат 11лерде Сокулук станциясындагы темир жол менен унаа жол кесилишкен жерге аз калдык. Жолдо бир машина келе жаткан. 800 метрдей калганда гудок берип, прожекторлорду жандырдык. Машина токтоду. Анан 50 метр калганда тигил машина жүрүп баштады. Барып сүздүк. Ауди экен. Чуркап түшүп эшигин ачсам айдоочу аман экен, кабыргасын кармап сөгүнүп жатыптыр. Жанындагы аялдын мээси чачырап кетиптир. Алар бир үй-бүлөө экен. Аялы "өтүп кетели" деп шаштырыптыр.

Бир ирет Балыкчы жактан имерилиштен 1 уйду сүздүк, өлдү. Тепловоз токтогуча 7-вагондун алдында калыптыр. Диспетчерге маалымдап, уйду жол четине чыгарып жолду улантканбыз.

СТАТИСТИКА

("Кыргыз темир жолу" "Улуттук компания" мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча)

2018-жылдын 1-январынан 1-декабрына чейин тепловоздор 12 адам, 8 ири мүйүздүү мал, 1 майда мүйүздүү мал, 5 унааны сүзгөн. 2 тепловозду Казакстандын тепловоздору сүзүп кеткен.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Alia82
2019-01-15 15:19:01
Аиий Кудай сактасын, ишинерге ийгилик,ар дайым жолунар ачык болсун!!!
0
Nur777
2019-01-19 12:48:27
Оор эле жумуш экен..
Ден-соолук жана ийгилик калайм,жамандык болбосун жолунарда!
0
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан