8 жашар Толгонай менен 4 жаштагы Бурул. Бул кыздарга окшоп эч бир бала ата-энесин жоктоп, белгисиздиктин торунда калбаса экен дейбиз. Бирок тилектен башка күчүбүз жок экен. Жакшылыктан үмүттүү, апасын көргөнгө зар болгон наристелердин катарына Толгонай менен Бурул өткөн жылдын октябрь айында кошулушту. Алардын апасы мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арабасында каза тапты. Апасынын оор тагдыры, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарынан орун алган алардын таежесинин абалы тууралуу кеп уланат.
“КЫЗДАРДЫ АЛЫП БАККЫМ КЕЛЕТ, МАГА АЛАРДЫН АКЧАСЫНЫН КЕРЕГИ ЖОК”
Кыздардын ата-энеси ЗАГСка катталышкан эмес. Ошондуктан кыздар апасынын фамилиясын алышкан. Кыздардын апасы Гүлзат Төрөгелдиева экинчи кызын төрөгөндөн кийин оорудан айыга албай каза тапты. Бул тагдыр тууралуу эки жыл бою сиңдисин кыздары менен кошо багып келген Элиза Төрөгелдиева айтып берди:
– Биз Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында турабыз. Мен 18ге чыкканда апам инфаркттан каза болгон. Сиңдим, атам үчөөбүз жашачубуз. Атам ичкиликти жакшы көргөн адам эле. Ал менин колумда жүрүп 4 жыл мурун рак илдетинен улам каза тапты. Сиңдим экөөбүз да үй-бүлө күттүк. Бирок сиңдим Гүлзаттын жашоосу татаал болуп калды. Анын жолдошу да көп ичкен адам. Билинбей экөө 20 жылдай чогуу жашап коюшуптур. Бирок никесин расмий катташкан эмес. Гүлзат “катталып коёлу” деп бир канча ирет айтса да, күйөөсү барбай койгон экен. Гүлзат муну айтып бир ирет ыйлаган эле. Экөө кеч балалуу болушту. Азыр улуу кызы 8, кичүүсү 4 жашта. Сиңдим экөөнү тең кесарево жолу менен 7 айлык кылып төрөдү. Ортодо бир эркек баласы төрөлө электе чарчап калган. Ай-күнүнө жетип, Гүлзаттын толгоосу башталганда ооруканага алып бара турган эч ким жок болуп калып сиңдим кыйналып калган. Жолдошу келип төрөт үйүнө алып барганда врачтар “бала чарчап калыптыр. Өзүн сактап калыш керек” дешип ал баланы да кесарево жолу менен алышкан. Гүлзаттын кан басымы жогору болгондуктан врачтар кичүү кызын төрөгөнгө тыюу салышкан. Ага карабай сиңдим күйөөсүнө төрөп бергиси келген. Экинчи кызын төрөгөндө күйөө балам кыз төрөгөнү үчүн жээрип, ооруканага кызын көргөнү барбай койгон. Сиңдим күйөө баланын өзүн сабай турганын айтып берчү. Айрым учурда "уруп жатат" деп мага качып келип жүрдү. Өзү төрөттөн кийинки депрессияга кабылып, күйөөсүнүн кылыгына капаланып кыйналып жүрдү. Бир күнү басып баратып эсин жоготуп кулап, башы цементке тийген экен. Ошондо биринчи жолу инсультка кабылды. Бир айга жетпей кайрадан инсультка кабылып, ошол бойдон баса албай 1-топтогу майып болуп калды. Оорулуу адамдын эч кимге кереги жок экен. Анын үстүнө күйөөсүнө “аялың тамагыңды жасап, кириңди жууп бере албаса...” дегендер табылды. 2 жылдан кийин экөө ажырашып, сиңдим балдары менен менин үйүмдө жашап калды. Биздин үй-бүлөдө 6 адамбыз. Жолдошум, 4 балам бар. Үй-бүлөм менен айылдагы бирөөнүн 2 бөлмөлүү времянкасында айына 500 сом төлөп жашайбыз. Айылдыктар үчүн 500 сом дагы жакшы эле акча.
“АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРДҮН КАТАРЫНДАБЫЗ”
– Сиңдим акыркы демине чейин айыгып, кыздарынын жанында, аларга өзү жөлөк-таяк болуп жашай турганына ишенди. Бирок ажалга айла жок экен. Колумдан келишинче жалгыз бир тууганыма кам көрүүгө аракет кылдым. Мындан ашыгын кылууга социалдык абалым жол берген жок. Кыздар болсо, апасынан айрылганы аз келгенсип, чогуу жашап көнүп калган бизден да алыстап калышты. Алар азыр убактылуу фостерде (убактылуу багып алуучу үй-бүлө) багылып жатышат. Биздин үстүбүздө үйүбүз жок болгондуктан кыздарды бизге беришпейт экен. Апасы каза болгондон тартып жээндеримди өзүмө алуу үчүн аракет кылып жатам. Жалгыз Гүлзатымдын элеси болгон эки кызды интернатка жиберип коюп карап отура албайм. Кыздар болсо мени апа, жолдошумду ата дешет. “Апа, бизди качан алып кетесиңер?” деп үмүттүү көздөрү менен караганы жүрөгүмдү оорутуп жатат. Улуу кызынын акыл эси артта калган деген маалым каты бар, 4 миң сом пенсия алат. Апасы каза болгондугуна байланыштуу пенсия берүү токтотулуп, кыздар фостерге жайгаштырылган.
Өзүмдүн 4 балам бар. Төртөө тең жакшы окушат, кошумча ийримдерге барып, олимпиадаларга катышып жатышат. Кыздарды аларга кошуп багып, жакшы тарбия бере алмакмын. Мени "аларга берилчү жөлөк, пенсиясы үчүн алгысы келип жатат" деп ойлогондор болушу мүмкүн. Бирок мага ал акчанын кереги жок.
Кыздардын атасы да аларды алып багам деп чуркап жүрөт деп уктум. Ал кыздарды бага аларына көзүм жетпейт. Биздин азыр үй ала турган шартыбыз жок. Бирок аларды өзүмө алганга аракет кылам.
Жолдошум курулушта иштеп жумушу жакшы болгондо бир айда 15 миң сомдой алып келет. Мен буга чейин мектепте пол жууп иштедим. Сезон учурунда талаага бирөөнүн жерине иштей калабыз. Азыр үйдө элемин. Акыркы жылдары сиңдимди карап колум мурдагыдай бош болбой калды. Өзүмдүн сүрөтчү, саймачы, куракчы, узчулук өнөрлөрүм бар. Буюрса, үйдөн чакан ишкана ачуу максатым бар. Бирок ал да каражатка такалып жатат. Өзүбүз аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесиндебиз. Ар бир балама 800 сомдон жөлөк пул алам. Жер үлүшүн алуу боюнча 256-кезектемин. Жер берилип калат деген ыктымалдуулук аз. Минтип жерибиз да, малыбыз да жок. Азыр балдарыбызды окутуп, билимдүү кылып алсак, үмүтүбүз балдарыбызда. Айылдагы карапайым үй-бүлөлөрдү көрүп жүрөм. Балдары чоңоюп, иштеп багып, үй да салып берип жатышат. Бирок мен Толгонай менен Бурулду өзүмө алуу үчүн жакын арада шартымды жакшыртып, үйлүү болушум керек болуп жатат. Менин маселеме кайдыгер карабай жардам берчү адамдар табылабы деген үмүтүм зор.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg