ЧЕК АРАНЫ КҮЗӨТКӨН АЙЫЛ. "ШАРТТАР ТҮЗҮЛСӨ ЧЕК АРАНЫ КАЙТАРЫП ЖАШАЙ БЕРЕБИЗ" ДЕШЕТ ТУРГУНДАР

Баткен районунун борборунан 30 чакырым алыстыкта Тажикстан менен чектешкен аймакта Достук айылы жайгашкан. Айыл өлкөнүн өгөй баласындай эле четтеп калган. Достукка көңүл буруп, абалын сурагандар аз. Эки жылды катары менен аймактарды өнүктүрүү жылы деп атап алдык. Аймактар өнүгүп жатабы деген суроону бергибиз келди. Достук айылынын тургундары “өнүгүүнү күтүп жатабыз” деп жооп беришти. Тажикстандан келген саркынды сууну ичер суу катары колдонгон Достук айылы тууралуу сүйлөшөбүз.


“6-КЛАССКА ЧЕЙИН ГАНА БИЛИМ БЕРИЛЕТ”

Айылда телефон байланышы менен интернет 5-6 гана тургунда бар. Алар Тажикстандын байланыш операторлорун колдонушат. Интернет колдонуу мүмкүнчүлүгү бар айыл тургуну Адалат Айтбаева менен интернет аркылуу байланыштык.

– Достукта 60ка жакын түтүн бар. Негизинен кемпир-чалдар калды. Жаштар жакшы жашоонун артынан Бишкек, Ош, Баткенге кетишет. Анткени биздин айылда жумуш жок. Окуучулардын саны азайганына байланыштуу азыр 6-класска чейин гана билим берилет. Андан кийин окуучуларыбыз башка жактагы туугандарыныкына барып окууга мажбур. Азыр мектепте 30дай окуучу бар. Башка айылдар сыяктуу эле мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенебиз. Мурда тажиктер менен тыгыз ымала кылып жашачубуз. Чек ара ачык болчу. Ошондо биз бензин, пияз, картошка, алма, өрүгүбүздү көчөгө чыгарып коюп сатчубуз. ЕАЭБге киргенден кийин чек ара кайтарыла баштады. Мурдагы тажик-кыргыз достугубуздун куну учуп кетти, мазардай болуп калдык. Азыр өндүргөн продукцияны сатуу үчүн Тажикстанга барыш керек же 30 чакырым алыстыктагы райондун борборуна барышыбыз керек. Азыр негизинен пенсия, жөлөк пулду карап эле жашап жатабыз.

“СЕЛДЕН КИЙИН КИРГИЛ СУУНУ ТУНУКТУРУП ИЧЕБИЗ”

– Чек ара боюнча айтсак, биздин үйдөн бир көчөдөн кийин эле Тажикстандын аймагы. Тажикстандын Исфара, Чарбок, Чор кышлог айылдары менен чектешпиз. Тажиктер менен катташып турабыз. Бирок эки улут болгондон кийин чыр-чатак, келишпестиктер болбой койбойт. Анын алдын алып, эркектерибиз Тажикстанга көп катташпайт. Алар менен суу маселеси боюнча көп урушабыз. Биздин айылда сугат жана таза суу маселеси чоң көйгөй. Жер сугаруу үчүн да, ичүүчү суу катары да Тажикстандан агып келген Ак-Суу дарыясынын суусун колдонобуз. Ал сууда болсо менден башканын баары бар. Кээде өлгөн мал агып өтөт. Таштандылар, саркынды суулар, айтор, тажик тарап өзү билет да ал суу менен эмне кылышты. Кээде суу бербей коюшат. Андайда тиккен эгиндерибиз өспөй калган учурлар да болгон. Ал учурда сүйлөшүү жолу менен маселени чечкенге аракет кылабыз. Бирок эки жыл мурда Баткен районунун акиминин орун басары тажик тарап менен сүйлөшүп келген эле. Ошондон бери андай маселе жарала элек. Бул жаатта быйыл жакшы жаңылык болду. Кайсы бир долбоор менен айылыбызга 1 миллион сомго насос орнотулду. Эми ушундай чатак учурлар болгондо насосту иштетип сугат суу менен камсыз боло алабыз. Ал эми таза суу көйгөйү азыр да чечиле элек. Жазында суу көтөрүлүп, катуу селдер жүрөт. Ошондо дарыядагы суу көпкө чейин кир болуп агат. Ошону тундуруп алып ичүүгө туура келет. Же тажиктерге барып суранып, крандагы таза сууну сатып келебиз. Таза суу маселесин чечсе болот. Анткени бизге кошуна Тажикстандын Чарбок айылына ар бир үйгө таза суу чыгарып беришти. Бизге АРИС келип, таза суу чыгаруу долбоорун ишке ашырарын айтып кеткен. Азырынча андан кабар жок, күтүп жатабыз. Азыр таза суу бала бакчада, мектепте бар.

“ТУУГАНДАР МЕНЕН БАЙЛАНЫШЫШ ҮЧҮН ТООНУН БАШЫНА ЧЫГЫШ КЕРЕК”

– Тажикстандын уюлдук операторун колдонобуз. 3 жыл мурун баарыбызда Тажикстандын уюлдук операторунун SIM-карталары бар болчу. Кийин алар SIM-карталарды тажиктерге гана каттап сата башташты. Айылдан 5-6 адам гана Тажикстандагы тааныштарына каттатып SIM-карта алып, байланыш, интернет менен камсыз болушкан. Кыргызстандын башка аймактарындагы туугандар менен байланышыш үчүн тоонун башына чыгыш керек. 10 жыл бою Кыргызстандын бардык уюлдук операторлоруна кайрылып жүрдүк. Былтыр “Билайн” компаниясы бизге көңүл буруп, байланыш коюп берүүгө аракеттене баштады. Компаниянын адистери келип, аймагыбызды изилдеп кетишкен. Ушул жазда санариптик телеберүү үчүн тоонун башына ретранслятор орнотуу пландалып жатат. Эгер ал коюлса, анын жанына “Билайндын” вышкасын орнотуп, телефон байланышы, интернетке туташуу да оңой болот экен. Бул иштер ушул жылы бүтөт деп үмүттөнүп жатабыз.

Айылыбызды жакшы көрөбүз. Жакшы шарттар түзүлсө чек араны кайтарып ушул жакта жашай берсек дейбиз. Бирок балдарыбыздын келечегин ойлогондо көчкүбүз келип кетет. Эки жыл катары менен аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Ошондон майнап чыгып, бизге көңүл бурулуп, маселелерибиз чечилсе экен деп үмүттүү күтүп отурабыз.

“ТУРГУНДАР ДАРЫЯДАН ТАПТАЗА СУУНУ ИЧИШЕТ”

Достук айылы Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагына кирет. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Нышанбай Тургунбаев айылды өнүктүрүүгө аракеттер көрүлүп жатканын айтты:

– Ичүүчү суу маселесин чечүү боюнча инвесторлорду тартышыбыз керек. Бирок ал аймакта такталбаган аймактар бар. Ошол себептүү инвесторлорду кызыктыра албай жатабыз. Азыр деле тургундар Ак-Суу дарыясынан таптаза суу ичип жатышат.

Ооба, "чек арадагы өзгөчө айыл" макамын алган. Макам боюнча зарыл маселелерин чечкенге жардам берип жатабыз. Айылда ФАП, мектеп, бала бакча бар. Бирок ишкана жок болгондуктан жумуш орду жок. Ошондуктан жаштар сыртка чыгып кетишет. Мындай маселе биздин айылда эле эмес, өлкөнүн башка аймактарында деле бар да. Быйыл аткарыла турган көп иштер бар. Санарип телевидение тарттыруу, телефон байланышын киргизүү боюнча алгылыктуу иштер жасалат.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Dalil
2019-02-05 10:36:04
Ал айылды көргөм. Ооба ал айылга барсаң эч ким калбаган сыяктуу. Ал айылдан айтылуу Абдышүкүр ажы Нарматов чыккан. Ал деле жардам колун сунса көп сооп алмак. Эмне болсо да өз айылы.
+12
knk
2019-02-05 19:04:57
Бала бакча, мектепте таза суу болсо эмнеге алар тажиктерден сатып ичишет. Түшүнүксүз.
0
Kgda
2019-02-07 17:47:13
Ото таза курч суроо бердин.
0
talas0707
2019-02-07 22:28:23
Таптаза дептир. Ошол суудан Бир ичип корду бекен? Чондор оздорунон башкаларды келесоо ойлогону тушунбойсунда.
+3
AIA-TOO
2019-02-08 10:56:18
Жемкор бийлик, "айылдарды-аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жөн эле айтып койгонго.
+1
№ 848, 1-7-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан