Венера Жолборсова: «КЫЗЫМ КИТЕПТИ КӨТӨРҮП КЕЛИП «ОКУП БЕРГИЛЕЧИ» ДЕЙ БЕРЕТ»

«Бир гана апам мени чанып кетпейт,
Бир гана апам кебин танып кетпейт»

Ушундай ыр саптарын көркөм окуган кичинекей кыздын видеосу интернетке кеңири тарады, аны сиз да көргөндүрсүз. Дал ошол видеодогу кызды таап, үйүнө бардык. Интернетте баары алкап, бакыт менен кең келечек каалап жаткан кыз – 3 жарым жаштагы Айчолпон. Анын апасы Венера Жолборсова кызынын башка балдардай болуп интернеттен мультфильм көргөндүн ордуна чоңдорго ар кандай китеп, ырларды окутуп, укканды жакшы көрөрүн айтат.


– Венера эже, саламатсызбы? Кызыңыз Айчолпондун ырды көркөм окуган видеосу кандайча элге тарап кетти?

– Саламатчылык. Бир тааныш байке бар, ошол мага WhatsApp аркылуу бир кичинекей баланын видеосун жөнөтүп калды. Аны көрүп видеодон эч кандай өзгөчөлүк көрө алган жокмун. Эми ар кимдин баласынын кылык-жоругу өзүнө жакшы көрүнө берет эмеспи. Анан ага «кааласаңыз мен кызымды видеого тартып жөнөтөйүн» десем, «макул» деди. Ошол жерден кызымды даярдыксыз эле үйдөгү кийими менен ырды айттырып, видеого тартып ага жөнөтүп койдум. Анан ал киши видеону социалдык тармактарга жүктөөгө уруксат сурап, таратты. Эртеси эле тууган-урук, тааныштарым, Казакстандан бери «сенин кызыңды Инстаграмдан көрдүк» деп чалып, жаза башташты. А мен ал социалдык тармакка катталган эмесмин, уулум каттап берип, ушул видеонун артынан колдоно баштадым. Азыр кызыма карата жазылган комментарийлерди окуп берем.

– Кызыңыз канча жашта?

– Айчолпон менин 3-балам, апрелде 4кө чыгат.

– Айчолпон өзүнүн жаш курагына туура келбеген ырларды окуйт экен. Атайын жаттатасыздарбы?

– Биз кыйнабайбыз деле. Тескерисинче, кызым өзү китептерди көтөрүп келип «окуп бергилечи, үйрөтүп койгулачы» дей берет үлүп). Кээде колуна англис же кытай тилиндеги китептер тийип калганда мен аны түшүнбөгөндүктөн, «жакшы деле китеп эмес экен» деп кутулам. Ал эми «Апакемди» көңүлү жактырды окшойт, бизден угуп, бат эле жаттап алды.

– Анда көркөм окуу искусствосун кайдан билет?

– Биз үйдөгү 4-класста окуп жаткан кызым, мен, апам ырларды ошентип көркөм окуйбуз. Анан Айчолпон да биз окугандай кылып жаттап алат.

– Азамат кызыңыз бар экен. Рахмат маегиңизге.


Андан соң Венера айымдын жанында отурган Айчолпонду сөзгө тарттык. Апасынын айтымында, ал адатта бейтааныштарга талантын ачмак тургай сүйлөшпөйт. Бирок биз менен эмнегедир чогуу ойноп, ачылып кенен сүйлөп берди.


– Кандайсың, Айчолпон? Сенин «Апакем» деген ырды окуганыңды көрдүк. Мага да айтып берчи, үйрөнүп алайын.

– Кандайсыз?

«Кыялым жакшысын да, жаманын да

Кыя албайт, себеби ага баламын да.

Апакем жалгыз адам, жалгыз адам

Апакем чындап мени аярым да...»

(ред.: Айчолпон ырдын 4 куплетин тең көркөм айтып берди).

– Азаматсың. Апаң сени жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө билет деди го?!

– Ооба, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Таластын Шекер айылында төрөлгөн. Анын апасы Нагима Хамзаевна, атасы Төрөкул Айтматов. Анын эң алгачкы чыгармасы «Гезитчи зюё (ред.: Дзюйо дегени)», анын акыркы чыгармасы «Тоолор кулаганда». (Андан ары ал Айтматовдун он чакты чыгармасын манжасын бирден жумуп санап берди).

– Алардын арасынан кайсы чыгарманы билесиң?

– Толгонайдын монологун айтып берейинби?

– Ии, айтып берчи.

– Амансыңбы, куттуу талаам? Аманчылык, Толгонай... (Айчолпон андан ары Толгонайдын монологун колун жаңсап, берилип айтып жатты).

– Ай-ий, азаматсың го.

Апасы: – Эжеңе тил жөнүндөгү ырды айтып берчи.

Айчолпон: –Автору Байдылда Сарногоев.

«Уй мөөрөйт уйдун тилинде,
Кой маарайт койдун тилинде.
Уй-койдон артта калдыкпы?
Улуттук тилди билүүдө

– Азаматсың, Айчолпон. Чоңойгондо ким болгуң келет?

– Мен доктур болгум келет.

– Доктур болгондо ошондо эмне иш кыласың?

– Мм, адамдарга дары ичирем, укол саям, операция кылам. Анан сакайган адамдар рахмат айтышат.

– Ой, азамат. Тилегиңе жет.


Андан ары кичинекей кыз Ишен Назаров аткарып жүргөн «Апакем» аттуу ырды ырдап берди.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Бир гана апам мени чанып кетпейт": Ыр, монологдорду жатка айткан 4 жаштагы интернет жылдызы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Rubin
2019-02-12 10:10:23
Видеосун жуктоп койсонор болмок
+1
admin_portal
2019-02-12 11:01:14
Rubin, эми көрө берсеңиз болот.
+1
retrosaiki
2019-02-12 13:45:12
Зиректиги жүзүнөн билинген татынакай кыз экен
+2
Mur-Naz
2019-02-17 20:52:10
Ананайын балдыр тилинен тилинин татуу кези экен омурун берсин копту умуттондургон кыз экен
0
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан