“АПАМДЫ АГАМДЫКЫНА ТАШТАСАМ ЖОГОЛУП КЕТТИ”

“АПАМДЫ АГАМДЫКЫНА ТАШТАСАМ ЖОГОЛУП КЕТТИ”

– Мен 5 жылдан бери апам Рая Сафронованы издеп келем. Ал 1952-жылы төрөлгөн. Апам экөөбүз Токтогул районунун Үч-Терек айылында жашачубуз. Жашоо шартка байланыштуу мен Бишкекке убактылуу иштегени кетип карап тургула деп бир тууган агамдын үйүнө таштагам. Алар менен жылдызы келишпедиби, айтор, үйдөн чыгып кетиптир. Агамдан сурасам, “үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген жок” деп койду. Былтыр айылдагылардан бирөөнүн малын карашып, жайлоодо саанчы болуп иштеп жүрөт деп угуп издеп барсам, алар “Бизде иштебей калган. Ооруп жатам" деп Токтогулдагы ооруканага кеткен” дешти. Ооруканага барсам, ал жакка кайрылбаптыр. Апа, эгер менин издеп жатканымды окуп же угуп калсаңыз, мага сөзсүз байланышка чыгыңыз. Сизди сагындым.

Уулуңуз Данияр Култаев. тел.: 0704 660950

“ОРУСИЯГА КЕТКЕН АГАМДЫ 6 ЖЫЛДАН БЕРИ ТАППАЙ ЖАТАБЫЗ”

– Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Там айылында 1987-жылы туулган агам Абдыганы Абдибалиевди издейбиз. Ал 2012-жылы Орусиянын Свердлов облусуна иштегени кеткен. Бизге "курулушта иштеп жатам" деп айткан эле. Биз менен байланышып жүрүп эле 6 айдан кийин такыр байланышпай калды. Өзүнүн номерине чалсак, чогуу иштеген бала алып, “акча салам деп кеткен, телефону калып калыптыр” деп жооп берген. Ошондон бери издеп, Орусиядагы тааныштарыбыздан сураштырып таппай жатабыз. Агамды көргөн-билгендер болсо кабарлап коюшуңуздарды суранабыз.

Карындашы Арзыгүл Абдибалиева, тел.: 0774 98 06 83, 0703 13 91 39

Сиз качандыр бир кездеги жакын ада­мы­ңыз­ды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.

Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.

Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан