КЫТЫ-КЫТЫ КҮЛҮП КОЙ

– Айтбай, кайдан келе жатасың?

– Көчө-пөчөнү кыдырып келе жатам.

– Ал жактан эмнелерди көрдүң?

– Жөжө-мөжө, тоок-поок...

– Мүшөгүңдө эмне бар?

– Мүшөгүмдөбү? Короз-пороз.

– Андай болсо олжоңдон бөлүшпөйсүңбү?

– Макул, мага корозу, сага порозу.




–Жан керекпи же сабизби?- деп коён кар кишини чач кургаткыч менен коркутуптур.



– Апа, эмне, бирөөнү кылбаган иши үчүн урушууга болобу? – Жок, уулум, урушууга болбойт.

– Андай болсо, апа, мен үй тапшырмасын аткарган жокмун.


– Таштан, сен мага караганда тазсың.

– Кандайча? Менде деле, сенде деле чач жок го?

– Сенин башың меникинен чоң да.

 

 

Дамира Арстанова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан