Нургүл Атагелдиева, кызы дерматомиозит илдетине чалдыккан эне: “КЫЗЫМДЫ ЖОГОТУП АЛУУДАН КОРКОМ”

«КОЛУ-БУТУ ШИШИП КЕТТИ»

– Кызым Анжелика төрөлгөндө дени сак туулган. Азыр 7 жашта. Буга чейин башка балдар катары сасык тумоо, жөтөл сыяктуу оорулар менен оорубаса, башка оор дарт менен ооруп көргөн эмес. 2018-жылдын күзүндө чанда кезигүүчү ооруга чалдыкканы билинди. Кадимкидей балдар бакчасына барып-келип жүргөн. Тарбиячысы сентябрдын башында “кызыңар мурункудай активдүү болбой калды. Кыймылы жай” деди. Биз көңүлүбүзгө эч нерсе албай, эркелеп жатат деп койдук. Бирок көп өтпөй кызым “буттарым ооруп жатат” деп араң басып калганынан педиатрга алып барсак, “балдар хирургуна көрсөткүлө” деди. Хирургга текшертсек, ал “организми, анын ичинде бут сөөктөрү өсүп жатат. Бир аз күткүлө, болбосо кайра текшеребиз” деди. Бир жумага жетпей кызымдын болгон булчуңдары (бет, кол, бут, моюн) аябай шишип, отуруп-турмак турсун башын жаздыктан көтөрө албай калды. Жүрөгүбүз түшкөн бойдон педиатрга алып бардык. Алар көрүп, балдардын клиникалык ооруканасына жиберди. Ал жерден текшерип, кардиоревматологго баруубузду айтышты. Кардиоревматолог анализдерин алып полимиозит диагнозун коюп, ооруканага жаткызып дарылай баштады. Полимиозитти дарылабаса булчуңдар акырындап кичирейип, катып калат экен. Үйгө бирөөлөр келсе тосуп алып "чай ичиңиз" деп дасторконго сүйрөп, күлүп-жайнап турчу кызым заматта оорукчан кызга айланды.Ошентип врачтар айткан дарыларды кымбатына карабай кайдан болсо да таап келе баштадык. Дарылоо кезинде ичинен кан өтүп жатты. Гастроэнтерологдор текшеришип, ичегилерин жара басып кеткенин аныкташты. Көрсө, күчтүү дарылардын тескери таасири жараларды пайда кылып, жаралар болсо жарылып ичинен кан өткөнү ошондон экен. Мурунку дарыларын токтотуп башка дарыларды берсе, кызым кайра шишиди. Кайра мурункусун берсе ичинен кан өтөт...

«ООРУСУ КҮЧӨСӨ ТИЛИ БУЛДУРУКТАП КАЛАТ»

Оорунун айынан кызымдын бетинин, колунун, бутунун булчуңдары шишип, булчуңдарынын үстү тарам-тарам болуп көгөрүп кетти. Врачтар консилиум кылып, кайра дерматомиозит деген диагноз коюшту. Врачтардан сурап, интернеттен окуп дерматомиозит чанда кездешчү оору экендигин, дененин бүт булчуңдары алсыз тартып, шиший тургандыгын, дарылабаса булчуңдар иштен чыгарын билдик. Тамак тургай шилекей жутуу кыйындап, териде көгөргөн жылдызчалар жаралып, кычыштырарын, муундар, өпкө, жүрөк кошо сезгенерин да билдик. Полимиозит дартына окшошуп кетет экен. Аны окуп алып нес болуп, түнү менен ыйлап чыктык.

Биздин ыйлап жатканыбызды көргөн кызым “ыйлабагыла, кийин чоңойсом силерди багам” деп бизди жооткотуп коёт. Кээде “бала бакчаны, ойногонду сагындым, чуркагым келет” десе зээнибиз кейийт.

Врачтар Орусиядагы балдар клиникасына чалып, кеңешип, башкача дарылоого өтүштү. Ал дарылар оңой менен табылбай турган дарылар. 1 ампуласы 6000 сомдон. Бир күндө венасына аралыгын 1жарым сааттан кылып 9 ампула сайышат. Мындай дарылоонун 1 курсун алгандан кийин канын тазалоо процедурасынан өтүш керек. Антпесе дарылардын жаман калдыктары бөйрөк, боордо топтолуп, алар иштен чыгып калат тура. Анан бир аз эс алдырып, кайра ушинтип дарылануу курсунан өтө бериш керек экен.

Кызымдын оорусу күчөгөндө булдуруктап сүйлөп, колун оозуна жеткире албай, баса албай, эч нерсе жеп-иче албай калат. Бутум, колум деп ыйласа жанына эч ким тура алгыс. Ичегилеринин жарадан айыгышы кыйын экен, дарылаганга карабай ичинен кээде кан өтүп калат. Бир аз жакшы болгондо бутунун учу менен эптеп 5-10 метрдей басып, колун оозуна жеткирет.

Врачтар тынбай жылдап дарыланса гана жардам болот дешти. Кызым ооруп баштагандан бери мен иштебей жанындамын. Жолдошумдун жарым күнү кызымдын дарыларын таап келүү менен өтөт. Эне катары кызымды жоготуп алуудан корком. Анын сакайып кетишин Кудайдан тилейбиз жана жардамга кол сунчу адамдар чыгат деп ишенебиз.

 

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
vikidiki
2019-02-19 12:13:40
Аллах шыпаасын берсин. Эч бир бала оорубасынчы!
+6
admin_media
2019-02-19 12:44:56
Саламатсыздарбы? Жардам берүүнү каалагандар үчүн: Элсом 1280166052697134 (KICB)
Апасы: Нургуль Атагельдиева - 0705 878 561
Атасы: Улан Усупбеков - 0776 369 001.
+3
Umakg
2019-02-20 10:31:43
Колдон келген жардамды кылабыз элсом болсо...
+2
Eliza1991
2019-02-21 01:49:40
Ыйладым журогум эзилди. Кудайым шыпаа берсин! Омуру узуун болуп бактылуу эне болсун
+3
binur5
2019-02-21 09:42:30
Кызыныз айыгып кеттисин силерди суйунтуп ооруну билбегендей болуп Аллахым шыфаасын берсин
+3
Alia-bekzat
2019-02-21 17:24:21
Сакайып кетсин
+2
tina-Tin
2019-02-22 20:44:31
Аллахым шыпаасын берсин. Сакайып кеткин кичинекейим. Балдар оорубасынчы.
+1
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан