«КЫЗЫМ 10-ИРЕТ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТУУГА МУКТАЖ». Эне жардам сурайт

Айдоочулардын жоопкерчиликсиз мамилесинен күнүнө канчалаган адамдардын тагдыры талкаланып, өмүрлөрү кыйылууда. Жол кырсыктары жаңы ишке ашып жаткан «Коопсуз шаар» сыяктуу долбоорлордун жардамы менен азаят деген үмүтүбүз чоң. Бүгүнкү каарманыбыз 5 баланын апасы Айгүл Жумадылова 2 жыл мурун жол кырсыгынын айынан чырактай 2 жарым жаштагы уулунан айрылган. Ал эми 13 жаштагы кызы 9 жолу операция болгон.


«КЫЗЫМА 9 ЖОЛУ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ»

Айгүл Жумадылованы кызы Аянанын тагдыры көп ойлондурат. Жаш эне кызынын дени сак чоңоюшун, өзү кыялданган кесиптин ээси болуп эл катарында жүрүшүн гана тиленет:

– 2016-жылдын 12-июлунда 13 жаштагы кызым Аяна 2 жарым жаштагы уулум менен Чолпон-Ата шаарындагы эжемдин үйүнөн Чырпыкты айылында жашаган чоң ата-чоң энесинин үйүнө такси менен бара жаткан. Балдарымды чоң энеси тосуп алмак. Бир маалда кайненем кызыма чалса, телефонду бирөө алып, жол кырсыгы болгонун айтыптыр. Кайненем окуя болгон жерге барган. Тамчы менен Чок-Талдын ортосунан кызым отурган Ауди үлгүсүндөгү унаа менен каршы тараптан келе жаткан Мерседес үлгүсүндөгү унаа кагышып, Ауди оодарылып кеткен экен. Балдарымды Балыкчынын ооруканасына алып барышат. Бул кабарды укканда жолдошум экөөбүз Бишкектен дароо эле Балыкчыдагы ооруканага бардык. Биз мынчалык катуу жол кырсыгы болгонун ойлогон эмеспиз. Барсак, баламды операцияга алып кирип кетишкен экен. Уулум операциядан чыкпай калды (ыйлап). Кызым болсо 15 күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Анын эки колу, буту, жамбашы сынган. Дарыланып чыкты. Колу туура эмес салынып, аны кайра салдырды. Бир жылдан кийин 1 буту аксап баштады. Врачтарга көрсөтсөк, жамбаш сөөгүнүн башы эзилип кетиптир. Кайра операция жасалды. Бирок жыйынтык болгон жок. Ошондон бери кызыма 9 жолу операция жасалды. Врачтар жамбаш сөөгүнүн башын кесип, пластик салыш керек экендигин айтып жатышат. Ал операция 2,5 миң долларды талап кылат экен. Анткени ал үчүн колдонулган аппаратты чет жактан алып келиш керек экен. Андан тышкары дарылануусуна канча акча кетет азырынча белгисиз. Бизде анча каражат жок. Менин азыр 4 балам бар. Кичүүсү 10 айлык. Балдарым менен үйдөмүн. Жолдошум болсо базарда жүк ташуучу болуп иштейт. Тапкан акчасы күнүмдүк азык-түлүктөн артпайт. Өзүбүз батирде турабыз. Аяна былтыр 2-топтогу майыптык алган. Азыр 4 миң сом пенсия алат.

Кызым мектепте жакшы окучу. Ооругандан бери сабактары аксап жатат. 8-классында мектепке бара албай, мугалимдер үйгө келип окутушту.

Күнүнө канча деген адамдар жол кырсыгынан каза болуп, ден соолугунан ажырап жатканын жаңылыктардан саат сайын окуп жатпайбызбы. Мендей болуп башкалар балдарын, ата-энесин, жакындарын жоготуп сыздабасын. Айдоочулардын жоопкерчиликти көбүрөөк сезишин каалайт элем.


«КЫЙНАЛГАНДА ЫЙЛАГЫМ КЕЛЕТ»

15 жаштагы Аяна Алымбекова кыйналган учурларын эстеп ыйлап да алды:

– Ал күнү бөбөгүм экөөбүз унаада уктап баратканбыз. Эмне болгонун билбейм. Көзүмдү ачсам жандандыруу бөлүмүндө жатыптырмын. Ошондон бери дарыланып, операция жасатып келе жатам. Башында операцияга кирерде коркуп ыйлачу элем. Азыр көнүп ыйлабай да калдым. Бирок кыйналганда ыйлагым келет. Кайдыгер карабаган элден акча чогулта алсак, онунчу операцияны жасатам. Балдакты ыргытып, дени сак жашап, кадимки балдардай болуп күндө мектепке барып окугум келет. Бирок азырынча эки күндүн биринде оорукананын "коногу" болуп жатам. Азыр да ооруканадамын.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
aliya-leyla
2019-02-25 16:41:59
Журогум ооруду. Айыгып кетсин
+5
Elaman_Arypov
2019-02-25 18:12:49
Бишкекте элеби
0
Nanei
2019-02-26 10:48:24
Кыргыз элим жардам берели. Аз аздан болсо дагы бирткеден чогултсак коп сумма чогулат. Патриот экенибизди ушул жерден коргозолу. Барсынарбы,кыргыз элим.
+3
Nanei
2019-02-26 10:53:34
Эженин телефон номерин же аты жонун жазып койсонор боло так дарегин. Эл акча которсо кай жака салышат???
0
admin_portal
2019-02-26 14:54:25
Nanei, саламатсызбы! Элсом номери: 0705131437
0
bakaika
2019-02-26 22:14:25
admin_portal,россиядан картасына кандай салам? Айтып коюнуздарчы сураныч?
0
admin_portal
2019-02-27 13:32:34
bakaika, жогорудагы номер менен байланышып, тактап алсаңыз болот.
0
Akylai_aktan
2019-02-28 15:38:27
элсомду жайылтыш керек карапайым калкка.Менин оюмча ушундай окуяларга жөн карап турушпаса керек.Бизда аракет кылабыз.Аяна буйруса сен сөзсүз айыгасын.
0
umar.kgz
2019-03-03 14:28:26
Элсом Россияда да иштеп баштаган
0
№ 851, 21-27-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан