Кыргыз өлкөсүндө 10 жаштан 17 жашка чейинки балдардын 70 пайызы үй-бүлөсүндө зордук-зомбулук көрөрү Билим берүү жана илим министрлиги менен БУУнун 2009-жылдагы жүргүзгөн изилдөөсүндө белгилүү болгон. Ушул эле уюм 2014-жылы Улуттук статистикалык комитет менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөсүндө ата-энелер жана балдарды баккан башка адамдардын 57 пайызы тарбиялоо максатында балдарга кол көтөрө тургандыгын аныктаган. Көпчүлүк учурда ата-эне өзү кичине кезинде кандай тарбия көрсө, балдарын да ошол ыкма менен тарбиялайт. Анткени алар бала тарбиялоонун башка ыкмаларын билишпейт. Ал эми жогорудагы статистика өлкөдө көпчүлүк учурда балдар зомбулук ыкмасы менен тарбиялана турганын көрсөтүүдө. Балага кол көтөрбөй кантип тарбиялоого болот? ЮНИСЕФтин балдарды коргоо боюнча адиси Елена Заиченко менен бирге жооп издейбиз.
БАЛАНЫ ЗОМБУЛУКСУЗ ТАРБИЯЛОО ЫКМАЛАРЫ:
БАЛАГА КАРАТА ЖАСАБАҢЫЗ!
ЖАМАН ЖОРУКТАР МЕНЕН КҮРӨШӨБҮЗ
Бир учурда бардык жаман жоруктарын оңдой албайсыз. Бирөөнөн баштаңыз. Жаман жорукка үйдөгү бардык адамдардын реакциясы бирдей болушу керек.
Оюнду токтотуу: Бала сизди чымчып, түкүрүп, бир нерсени сындырып, жаман кыялын көрсөтүп жатса, оюнду токтотуп коюңуз.
Чек коюу: Укпай жатса, эки тандоо бериңиз: «Сен жаман жорук көрсөтпөй ойнойсуң же оюнду токтотосуң», «Азыр тамакка келесиң же 5 мүнөттөн кийин келесиң» деген сыяктуу.
Тайм-аут же «ысык стул»: Эч бир жазалоого көнбөй жатса, анда стулдун үстүндө 3 мүнөт тургузуп койсоңуз болот.
ЖАШ КУРАГЫНА КАРАП ТАРБИЯЛОО:
1 жашка чейин
Бул жаштагы балдар катуу кучактаганды же оозуна зордоп упчуну салуу сыяктуу орой мамилелерди, силкилдеткенди жактырышпайт. Силкилдетүү баланы өлүмгө чейин алып барарын унутпаңыз.
Бала курсагы ток, алды кургак, дени сак болсо да ыйлап жатса, бооруңузга кысыңыз, бешик же манежге салып жай терметиңиз, жай ырдап бериңиз, көтөрүңүз же жай музыка коюңуз. Баланын ыйлаганына чыдабай баратсаңыз, кере дем алып, акырын дем чыгарыңыз да, баланы коопсуз жерге жаткырып коюп, башка бөлмөгө барып бир канча мүнөт өзүңүздү эс алдырып отуруп туруңуз. Өзүңүз жинденбей калган убакта балага кайтыңыз. Жинденүүңүз аны кыжалат кылат.
1 жаштагы балада жаңы муктаждыктар пайда болот. Ал басканды үйрөнгөн соң чөйрөсүн изилдеп көргүсү келет. Сүйлөшкүсү келет. Бирок сүйлөй албайт. Бул учурда тыюу салууларды азайтып, баланы өз алдынча каалаганын кылууга шарт түзүп бериңиз. Бала аракет кылып жаткан иштерди аны менен чогуу жасаңыз. Ар мүнөт сүйүүңүздү билдириңиз. Сүйүү менен чоңойгон бала дайыма өзүн коргоодо, коопсуздукта сезет, өзүнө болгон ишеним менен чоңоёт.
1-3 жаш
Бул жашта балдар оюн аркылуу дүйнөнү таанышат. Чогуу ойноңуз. Бирок ар бир оюнда ага кошулуу шарт эмес. Айрым «ачылыштарын» өзү жасашы керек. Коркунуч жараткан буюмдарды бала жетпеген жерге коюп, айланасындагыларды изилдөөсүнө шарт түзүңүз. 3 жаштагы балага идиш-аяк, шкафтын эшиктери, кум, суу жакшы оюнчук. Уруксат бериңиз, ойносун. Баланы жетишкендиктери үчүн гана эмес, ага аракет кылганы үчүн да мактап, колдоп туруңуз. Эгер балага «акылың жок, чоркоксуң» десеңиз, бала өзүнүн акылсыздыгына ишенип алат.
Сиздин колуңуздан тамак жегиси келбей жатса, өзү каалагандай жегенге уруксат бериңиз.
Китеп окуп бериңиз. Алар ар кандай окуяларды, жомокторду, ыр укканды жакшы көрүшөт.
3 жашында бала өзүн инсан катары сезип, баарын өзү жасагысы келет. Талап койбоңуз. Мисалы, бала ойноп тамакка келбей жатса, «ойноп бүткөндө кел» дегениңиз туура. Бир нерсени жасатыш үчүн чогуу жасап алаксытуу ыкмасын колдонуңуз. Жаман жорук көрсөтүп жатса, көңүл бурбай коюу менен жазалай аласыз. Ачууңуз келип бараткан учурда башка бөлмөгө барып өзүңүзгө тыныгуу жасап алыңыз. Ойлонбой эс алыңыз же 10го чейин санап, андан кийин гана ойлонуп баштаңыз.
3-7 жаш
Оюн курагы. Үйрөнүүгө да жөндөмдүү. Бардык нерсени оюн аркылуу үйрөтүү туура. Бул жашта баланы сүрөт тартууга, жармаштырып ар нерселерди жасоого, конструкциялоого үйрөтүңүз. 7 жашар бала оюнга тоё элек. Бирок биз андан бир нерсени үйрөнүүсүн талап кылабыз. Тойгончо ойноого уруксат бериңиз. Андан кийин гана башка иштерге кызыктырыңыз.
7-11 жаш
7 жаштан баштап ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле оорлошот. Анткени бул жаштагы бала өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдөрүн билип калат. Ал түзүлгөн эрежелерге баш ийгиси келбегендиги үчүн жакындарынын арасында өзүн жаман алып жүрүшү мүмкүн. Баланын пикирин уга билиңиз. Аны зордоп бир нерсе кылдырбаңыз. Зордоп эркиндиги чектелген бала алгачкы мүмкүнчүлүктө чектен чыгат. Баланын муктаждыктарын түшүнүү үчүн жүрүм-турумун чечмелегенге үйрөнүңүз. Балаңыз менен ачык сүйлөшүңүз. Маселе жаралса, көмөкчү болуңуз. Өзүңүздүн ишиңиз, жаңылыгыңызды да айтып берип, ишеним жаратыңыз.
Балага эмне берсеңиз, ошону аласыз. Сый сыйды, зомбулук зомбулукту чакырат.
11-13 жаш
Бул куракта балдар чоңдордун көзөмөлүнөн чыгууну каалашат. Балаңыздын аң-сезими өсүп, өзүн инсан катары таанууга аракет кылат. 13 жашта эмоционалдык туруксуздук, жүрүм-турумундагы чукул өзгөрүүлөр пайда болот. Жүрүм-туруму провокация, конфликтке чакырышы мүмкүн. Балага дос катары жакын болууга аракет кылыңыз. Ага ишеним көрсөтүңүз. Бул жаштагы бала чоңдордун ар бир катасын, кемчиликтерин эстеп калат. Өзүңүз да ката кетирбегенге аракет кылыңыз. Баланы кемсинтпеңиз, шылдыңдабаңыз, жемелебеңиз, өзгөчө досторунун жанында. Бала менен ачылып сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Ашыкча камкордук кылуу баланы жүдөтүп жиберет. Өзүн баалай билүүсүн камсыздаңыз. Жеке инсан катары баалаңыз.
Баланы уруу эч качан жакшы натыйжа берген эмес. Урганыңызда баланын жүрүм-туруму жакшырып кетпейт. Тескерисинче, жаман жакка өзгөрөт. Балада өч алуу, коркоктук сезимдери күчөп, өзүнө болгон ишеним жоголот. Бул анын келечегине балта чапкандык. Балаңызды сүйүү менен тарбиялаңыз. Бактылуу балдарды мээрим менен гана тарбиялоого болот!
Перизат Музуратбекова
kenesh@super.kg