НАРЫН ЖАНА СУУСАМЫРДА КАРТОШКАНЫН КАЙСЫ СОРТУ ЖАКШЫ ӨСӨТ?

Дыйкандар атаандаштык күчтүү болгондуктан айдагандарын сата албай калган учурлар көп. Андыктан абалдан чыгуу үчүн эрте бышкан, өлкөдө аз өстүрүлгөн же сырттан жаңы келип жаткан өсүмдүк түрүн айдагандар бар.

"КИНОАНЫН КИЛОГРАММЫН 1700 СОМГО ЧЕЙИН САТАМ"

Азамат Касеев, Ысык-Көлдүн Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну, кесиби боюнча агроном:

– Киноаны айдап баштаганыма 8 жыл болду. Кыргызстанда өскөн алабатага окшош өсүмдүк. Даны майда, таруудан бир аз чоңураак. Аба ырайы күндүзү жылуу, түнкүсүн салкыныраак аймактарда жакшы өсөт. 2012-жылы Көлгө эл аралык долбоор менен иштеген чет өлкөлүктөр келип, "Кыргызстандын климатын анализдеп көрдүк, киноаны Талас, Ысык-Көл облусунда, Ош жана Жалал-Абад облусунун тоолуу жерлеринде (Ноокат, Чоң-Алай, Тогуз-Торо, Токтогул, Кара-Кулжа) өстүрүүгө болот" деп, киноанын 100 грамм уругун беришти. Айдап көрсөм, жакшы өстү. Кийинки жылы да киноанын 5 сортунун уругун таштап кетишти. Эксем, ичинен регалон, пука, титикака сорттору жакшы чыкты. Ушул эле жылы аталган сортторду Көлдүн Ак-Суу районунда, Чүйдүн Ысык-Ата районунда 3-4 адам айдап, жакшы түшүм алышты. Мен да аталган сортторду ошондон бери эгем. Учурда Ак-Суу, Ысык-Ата, Талас, Кара-Кулжа, Алай райондорунда өстүрүп жаткандар бар.

Титикака сорту 90 күндө, регалон менен пука сорту 100-120 күндө бышат. Киноаны кийин 2,5 гектарга чейин эгип баштадым. 1 гектардан 1,3-1,5 тонна түшүм алам. Бир килограммын Украинага 30-32 доллардан, Орусияга 30 долларга чейин сатып жүрөм. Орусия, Казакстан, Кыргызстандан килограммын 300-400 сомдон сурагандар көп, аларга сатпай жатам. Жок дегенде 1500 сомдон өткөрүш керек. Бишкектен вегетариандар коому буюртма менен алдырат. Сатып алуучуларды интернет аркылуу табам. Экспортко учурда Араб Эмиратына, Кореяга, Германияга сунуштап жатам.

Киноаны көбүнчө ун азыктарын чыгарган ишканалар, тамактануучу жайлар, экологиялык азыктар дүкөндөрү алышат. Чет элдиктер бир партиясын 20 тоннадан алабыз дешүүдө. Биз айылда кооперация түзгөнбүз, эми киноаны көп гектарга айдап көрсөкпү деп жатабыз. Уругунун өңү сортуна жараша ак, саргыч, кызыл, күрөң, кара болот.

Уругу майда болгондуктан комбайнга чаптырарда анын кээ бир тетиктерин кысып кичирейтүүгө туура келет. Урукту 3 түрдүү элек менен ээлеп, чөп-чарлардан арылтып, анан сапырып тазалайбыз. Буудай тазалоочу жайдан тазалатсак ага 3000 сом акча кетет. Күзүндө 2-3 жалбырагы саргайып калганда эле жыйнап алуу керек. Болбосо күбө курту түшөт, уругу күбүлө баштайт.

Өзүбүз киноаны тамак-ашка колдонуп, андан суюк тамак, ботко жасап, салатка кошобуз. Дандын сыртында сапонин деген ачуу зат бар. Сууга 1 сутка чылап, анан бир нече ирет чайкаса ачуусу кетет. Анан тамак жасоого болот. 1 гектарына уругуна, айдап-септирүү үчүн тракторго,чаптырганга комбайнга болуп отуруп, жалпы
25 000 сомдой чыгым кетет. Таза киреше эгер 1 килограммын 1500 сомдон сатсаң, анда 3 миллион сомдун тегереги болот.

Бир нерсени эгүүдөн мурда сатып алуучуларды өлкө ичинен же чет өлкөдөн таап, келишим түзүү керек.

Киноа (квиноа, кинва) – бир жылдык дан өсүмдүгү. Мекени – Түштүк Америка. Анд тоолорунун капталдарында, Титикака көлүнүн айланасында көп өстүрүлөт. Байыртадан индейлердин тамак-ашында колдонулат. Европадагы туура тамактануунун активисттери киноаны колдонууну жайылткан убактан бери аны импорттоо, эгүү көбөйгөн. Киноанын унунан нан, макарон, ботко, салаттарды жасашат. Суюк тамактарга, десерт жана токочторго кошушат. Данынан суусундук жасалат.

“ТРИТИКАЛЕ ЖЕМ ҮЧҮН ЖАКШЫ ӨТӨТ”

Акылбек Касмалиев, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну, окумуштуу:

– Мен тритикаленин квазар сортун 7 жылдан бери 10 гектарга эгем. Тритикаленин калориясы буудай, арпага караганда жогору. Илимий тилде 1 килограмм сулуда 1 килограмм тоют бирдиги болсо, тритикаленин 1 килограммында 1,5 килограмм тоют бирдиги бар. Демек, сулу жана арпага караганда аз кетет. Бизде суу тартыш болгондуктан кайрак жерге себем. Түшүмү 1 гектарына 2500-3000 килограммдан айланат. Аны тазалатканда 500 килограммдай кемийт. Сугат жерге айдаса түшүмү гектарына 50-70 центнерге чейин барат. Муну өлкөнүн 7 облусунда тең өстүрүүгө болот. Чет жакка сатуу жагын айта албайм, бирок жемге өлкө ичинде жакшы өтөт. 1 килограммын 18 сомдон өткөрөм. Муну күздө, жазында сепсе да болот. Күздө сепкени августтун, жазгысы сентябрдын аягында бышып калат.

1 гектарга кайрак жерге 300 килограммдай урук кетсе, жазында сепкенге 250 килограмм урук кетет. Кайрак жерге эккенде 1 гектарга жалпы 11 000 сом чыгым кетсе, таза киреше 30 000 сомдун тегереги болот. Эгер 1 гектар сугат жерге айдаса, анда таза киреше 75 000 сомдун тегереги болот. Учурда айылдарда малдын саны көп, андыктан тритикалени айдагандар утулбайт.

“Мал баккандар өздөрү алып кетет”

Мухтар Мамбетов, Талас облусунун Талас шаарынын жашоочусу:

– Мен төө буурчактан тышкары 3 жылдан бери тритикалени 20 сотых жерге айдайм. Жерди инимдин трактору менен айдатып, малалатып алам. Жайы менен 3 ирет сугарам. Сууга, күздө комбайнга, анан отоо чөпкө каршы дарыга гана акча коротом. Аны мал баккандар жемге деп өздөрү келип алып кетишет. 1 килограммын 17-19 сомдон сатам.

Тритикале – 19-кылымда күздүк буудай менен кара буудайдын ортосунан чыгарылган буудай сорту. Алгач тоют катары эгилсе, кийин тамак-ашка да колдонула баштаган. Курамында буудайга караганда глютен аз. Унунан нан, токоч, макарон жана башкалар жасалат. Андан жасалган азыктар бат катып кетпегени менен айырмаланат. Артыкчылыгы: грибок жана башка оорулар менен оорубайт. Даны чоң.

“2 АЙДА БЫШЧУ КАРТОШКА СОРТУН ЭГҮҮГӨ БОЛОТ”

Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту менен байланышканыбызда алар:

– Дыйкандар үрөн фондунан буудай, кызылча, пахта сыяктуу өсүмдүктөрдүн көп түшүм берүүчү сортторунун, жүгөрүнүн гибриддеринин уругун сатып алышса болот. Мисалы, мелүүн аймактар болгон Нарын, Кемин, Алай, Чаткал, Кара-Кулжа, Ноокат, Талас, Суусамырга картошканын эрте бышчу белла роза (беллароза) сортун сунуштайбыз. Ал 50-55 күндө бышат. 1 гектардан 20-25 тоннага чейин түшүм алууга, базарга эрте чыгарып же сыртка сатып акча табууга болот. Буудайдын мелянопус-223 катуу сорту бар. Аны эккендер макарон, вермишель чыгарчу ишканаларга сатып акча таап жатышат. 1 гектардан 5-6 тоннага чейин түшүм ала алат,- деген кыска маалымат беришти.

“ТОПИНАМБУР ЖАНА АМАРАНТ ӨСТҮРГӨНДӨР БАР”

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Фитотехнология инновациялык борборунун директору Кайыркул Шалпыков:

– Дыйкандар арасында көбүнчө Чүйдө топинамбур (жер алмуруту) айдап, аны Кыргызстанга, Казакстанга сатып жаткандар бар. Андан кант диабети менен ооругандар үчүн кондитердик азыктарды жасашат. Амарант (өсүмдүк) эгип, анын майын алып, Кыргызстандагы дарыканаларга өткөзүп, акча тапкандар болууда.




Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Flowhive
2019-03-04 19:15:01
Ээ каяктагы шумдуктар.кызыктуу экен
0
№ 852, 28-февраль - 6-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан