“43 ЖАШТАГЫ АГАМ ДАЙЫНСЫЗ”
– Бир тууган агам 43 жаштагы Максатбек Эсеналиев 4-февралдан бери дайынсыз. Ал акыркы жолу Бишкектин четиндеги Ак-Бата конушундагы ашканадан 4-февраль күнү саат 14:00 чамасында эжем менен жолуккан экен. Тааныш, досторунун баарынан сураштырып чыктык. Эч кандай маалымат жок. Көргөн-билгендер болсо кабарлап коюшуңуздарды өтүнөбүз.
Иниси Казыбек Эсеналиев, тел.: 0703 83 00 73, 0707 03 49 03
“ИНИМ ОРУСИЯГА КЕТИП, КАБАРЛАШПАЙ КАЛДЫ”
– Баткен облусунун Кадамжай районунун Күлдү айылынын тургуну 1974-жылы туулган иним Асланбек Эргешов 2001-жылы Орусиянын Иркутск шаарына иштеп келүү үчүн кеткен. 2 жылдай байланышып, акча салып турду. Акыркы жолу 2006-жылы сүйлөшкөнбүз. Ошондон бери кабары жок. Асланбек, сен кеткенден бери атаң каза болду, апаң азыр ооруканада. Сени баарыбыз күтүп жатабыз. Кабарлаш.
Эжең Дилбар Эргешова, тел.: 0773 679903, 0779 48 88 56