Өлкөдө 119 миңден ашык баланын атасы да, энеси да миграцияда. 259 миң баланын атасы же энеси мигранттар. Кыргызстанда 750 миңге жакын жаран миграцияда. Бул ЮНИСЕФ атаган сандар. Өлкөдөгү жумушсуздук, экономикалык абалдын оордугу мигранттардын санын өстүрүүдө. Ал эми миграция кароосуз калган балдардын санын арттырып жатат. Көр оокаттын айынан чет жерге кеткен ата-энелер көбүнчө балдарын туугандарына же интернатка ташташат. Мигранттардын балдары ата-энелүү балдарга караганда катаал мамилеге жана зомбулукка көбүрөөк кабыларын жаңылыктардын криминалдык бөлүгүн толуктаган кабарлар да тастыктап жатат. Миңдеген мигранттардын балдарынан алыс жашоосун бир мисал менен чагылдырып бергибиз келди.
«КЫЗЫМДЫ ЖАНЫМА КОЛЯСКАГА ОТУРГУЗУП КОЮП ИШТЕДИМ»
26 жаштагы Гүлсүнай Алманбетова жашоо шарттын начардыгынан улам 1 жаштан эми өткөн наристесин таштап Түркияга кетүүгө мажбур болгон. Кусага, ыйга толгон күн менен түндөрүн каарманым мындайча баяндап берди:
– Мен 2014-жылы башка айымдарга окшоп үй-бүлө түтүнүн булатып бактылуу болуу максатым менен турмушка чыккам. Бирок өмүрлүк жарымды туура эмес тандаган окшойм. Ал кумар оюндарына азгырылып үй-бүлөнү караган жок. Өзүнүн тапкан акчасын, айрым учурда менин акчамды да ошол оюндарга жумшачу. Күйөө келечекти түзүп бергенге жарашы керек. Менин окуямда андай болгон жок. Жадакалса жумурткага акча таппай калган күндөрүм болду. Кош бойлуу учурумда да, төрөттөн кийин да тынбай иштөөгө мажбур болдум. Кош бойлуу кезимде врачтар мага иштөө кооптуу экенин айтышкан. Бирок күнүмдүк турмуш үчүн каражаттын жоктугунан бир фабрикада таштандыларды иреттеп иштегем. Бир ирет ичимдеги түйүлдүк кыймылдабай калды. Анда да дарылануу менен катар иштеп жүрдүм. Жумуштан кеткенден эки күндөн кийин кызымды 7 айлыгында төрөдүм. Төрөттөн кийин бир айга жетпей кайра жумушка чыктым. Такма жалаяк сатып алууга акча табышым керек эле. Башында пирожки жасап эжемдерге жардам берип иштеп жүрдүм. Кийин Бишкектеги «Ош базарында» самса бышырган жерде картошка, эт, пияз туурап ашпозго жардамчы болуп иштедим. Жумушка кызымды алып алчумун. Ал жанымда коляскада отурчу. Ошол жактан бешикке бөлөп уктатчумун. Акча баары бир жеткен жок. Бирине тартсам, экинчисине артпайт. Дайыма ушинтип жашап жүрө бербейм да. Кызымдын келечегин түптөш керек. Айла жок наристемди апама таштап Түркияга кетүүгө мажбур болдум.
«2 ЖЫЛ ИЧИНДЕ КЫЗЫМ МЕНЕН АШЫП КЕТСЕ 5 ЖОЛУ СҮЙЛӨШТҮМ»
– 2016-жылы Түркияга кеттим. Анда кызым 1 жаш 2 айга толгон. Мен кеткенден кийин кызымды жолдошум алып кетип, өзүнүн ата-энесине таштаптыр. Алар мени кызым менен сүйлөштүрүшкөн жок. 2 жыл ичинде кызым менен ашып кетсе 5 жолу сүйлөштүм. Кийим-кече жөнөткөнүмдө апам аны жеткирип барып, ошондо телефон аркылуу сүйлөштүрөт.
Азыр Түркияда жупка жасап, сатып иштейм. Наристеме мээрим төгө турган учурда ач курсактын, жетишпеген жашоонун айынан аны таштап талаалап жүрөм. Башкалардын балдарын көрүп өзүмдүн наристемди эстейм. Кызымды ар бир секунд сайын сагынам. Сагынып түнкүсүн зарлап ыйлап жүрүп 2 жыл өттү. Кыйналганымда мамлекеттин жарандарына кам көрбөгөнү үчүн кейип кетем.
Азыр кызымды жаныма алып кетүү үчүн документтерди бүтүрө албай жатам. Жолдошум экөөбүз нике кыйдырып, расмий ЗАГСка катталбай эле үйлөнгөнбүз. Түркияга кеткенимде ал телефондон мага талак берген. Бирок өзү мен жок эле экөөбүздү ЗАГСка каттатып коюптур. Бул ишти кантип жасады, билбейм. Кызыма башында күбөлүк алган эмесмин. Атасы күбөлүк алып, ал жакка атасы катары өзүн жаздырыптыр. Эми кызымды алып кетиш үчүн анын уруксаты керек. Ал уруксат бербей жатат. Ушул иштерди бүтүрөйүн деп Кыргызстанга келгем. Кызымды алайын деп чоң ата-чоң энесиникине барсам, анын бети-башы кир экен. Мага шыр эле «апа, мага трусы алып бериңизчи» деди. Ушул сөзүн эч унутпайм. Кичинекей кыз кандай шартта жашаганын айтып бере албайт. Мен да өз көзүм менен көрбөгөндөн кийин айта албайм. Азыр кетем деп калсам, кызым «мени таштап кетпечи» деп жатат.
Бул бир гана эне-баланын тагдыры. Бул наристеге окшоп ата-эне мээримине зар наристелердин саны жүрөк оорутарлык көп. Ар бир бала бактылуу жашоого татыктуу. Андай жашоону түзүп берүү биздин, чоң адамдардын милдети. Чачылганды жыйнап, ата-эне менен балдардын бир чатыр алдында жашоосуна шарт түзө албаган мамлекет өзүнүн алсыз экендигинен кабар берет.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg