– 33 жаштагы уулум Рамис Тотонов ушул жылдын 31-январь күнү жумушуна кеткен. Ал Талас облусундагы Бакай-Ата районунда жайгашкан алтын кен чыгарган ишканада иштечү. Балам айдын 15 күнү жумушта болот. 31-январда үйдөн чыгып, жумушчулар менен чогуу жашаган лагерге күзөтчүгө кол коюп кирген экен. 1-февраль күнү эртең менен жумушка барбай дайынсыз кетиптир. Чогуу иштегендер Рамисти 31-январь күнү кечинде көрүшкөн экен. Андан бери 1 айдан ашып баратат, уулум жок. Азыр тиешелүү жактарга кайрылып, Рамисимди издеп жүрөм. Көргөн-билгендер болсо, чалып кабарлап коюшуңуздарды суранам.
Апасы Күлипа Байсейитова, т.: 0705 261855
“ЖАЗГҮЛ, СЕНИ БАРДЫК ЖАКТАН ИЗДЕП ЧЫКТЫМ”
– 1989-жылы туулган балыкчылык Жазгуль Орунтаеваны издейм. Жазгүл менен телефон аркылуу сүйлөшүп жүрчүбүз. Бир жыл мурун БАЭден Кыргызстанга барарым менен телефонумду жоготуп алдым. Ошону менен ал кыз менен такыр байланыша албай келем.
Жазгүл, сени бардык социалдык тармактардан издеп чыктым. Айлам кетип гезитке кайрылууга туура келди. Балким, сенин жашооңдо өзгөрүүлөр болгондур деп көп ойлондум. Андай болсо да бир жолу сүйлөшүп кабарыңды билип алсам эс алып калат элем.
Изат Жаныбек уулу, т.: +97450304979
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28