Өндүрүш Токтонасыров, жарандык активист: «85 ЖАШТАГЫ АПАМДЫ ӨЗҮМ БАГЫП, ӨЗҮМ ЖУУНТАМ. БУЛ МАГА СЫЙМЫК»

Башына түйшүк түшкөндө ата-энесин же үй-бүлөсүн карабай, бакпай таштап кеткен эркектер бар. Үй-бүлөнүн баалуу, ата-эненин кымбат экендигин сезип, 15 жылдан бери төшөктө жаткан апасын бапестеп багып келе жаткан каарманыбыз көп эркектерге үлгү.

– Үйдө апам экөөбүз эле жашайбыз. Апам башынан эле менин колумда. Азыр 85 жашта. 2 жолку инсульттун айынан 15 жылдан бери төшөктө, баса албайт. 60 жашка чыкканыма карабай апамды өзүм карап, чачын тарап, өрүп, кирин жууйм. Дааратканага көтөрүп алып барам, өзүм жуунтам. Тамагын убакыт-сааты менен бышырып берем. Мүнөздөп тамак ичет. Манна боткосун, кесме тамакты, жашылча-жемишти жакшы көрөт. Андыктан алардан өксүтпөйм. Апасын өзү бакса башка каралаша турган эч кимиси жок тура деп жатсаңыздар керек. Бар, болгондо да көп. Айтсам, менин 1 уул,1 кызым бар. Алар Орусияда. Апам 11 бала төрөгөн, алардын алтоосу каза болуп, калган бешөөбүз барбыз. Анан эмнеге мен багам? Мунун 2 себеби бар. Биринчиден, апам балдарына өмүрүн арнап, канча деген кыйынчылыктар менен чоңойтту. Андыктан апасын багуу ар бир балага парз. Экинчиден, мен кичинемден апама жакын болуп чоңойдум. Эс тарткандан бери эле анын тарткан түйшүктөрүн көрүп аяп, кийин өзүм бапестеп багам деп өзүмө сөз берчүмүн.

Апам күн өткөн сайын алдан-күчтөн тайып баратат. Көбүнчө унчукпай жата берет. Башынан бир калыпта жүргөн, чыдамкай, токтоо жан болгондуктан оорудум деп кейип-кепчибейт деле.

Алты бир тууганым апамдын көз алдында кете берди. Ошол апама катуу сокку болду. Эжем каза болгондо апам экинчи ирет инсультка кабылды. Анткени ал эжем да апама өзгөчө жакын болчу. Аттиң, уктап жаткан жеринен жүрөгү токтоп, аркы дүйнөгө кете берди. Ошентип 2 жолку инсульт апамды оңдурбай төшөккө байлап койду. Ооруган адамдардын мүнөзү абдан назик болуп, таарынчаак жана аз-аздан, бирок бат-баттан тамак ичип калат экен. Ага да кайыл болуп, башкысы, дагы узак жашай түшсө экен дейм. Жакын адамың таарынабы же урушабы, эмнеси болсо да көңүлүн оорутпаганга аракет кылуу керек. Пенде болгондон кийин ооруган жакынын жактырбай орой мамиле жасагандарды көрүп эле жүрөм. Андай мамиледен оорулуу ого бетер чөгүп, ал тургай бат эле каза болуп кетерин билем.

Жакының ооруса чыда, андан эч нерсе болбойсуң. Биз ошол үчүн балабыз, ошол үчүн бир тууганбыз. Башка келген сыноону көтөрө билүү керек.

Апам бир туугандары жок жалгыз экенине, окубай калганына өкүнөт. Таенем апамды төрөгөндө каза болуп калып, апам таякелеринин колунда чоңойгон. 3-классты эле бүтүптүр. Анан 15 жашында күйөөгө берип коюшуптур. Андыктан жетимчиликтин, жалгыздыктын азабын аябай тарткам деп калат.

Ата-энемдин убагында малы көп болчу. Жайлоого чыгып, кээде кыштап деле калчубуз. Апам күнүгө бир нече уй саап, чака-чака сүт бышырат, бээлерди саайт. Эки күндүн биринде конок келет, кой союлат, апам кайрадан ичеги-карын артып, казанга тамак асат. Бизди да карап, жуунтуп, кирибизди жууганга жетишет. Түйшүгү ушунчалык көп болгондуктан качан уктап, качан турганын билчү эмесмин. Бир жолу апамды аяп, бээлерди саабай бир аз болсо да эс алсын деп желедеги кулундарды бошотуп жибергем. Атам "келген эл кайсы кымызды ичет?" деп мени аябай урушкан. Ошондон кийин антпей калгам.

Студент кезимде апам “сени сагындым, ачка да болуп жаткандырсың” деп Суусамырдан нанын, өрдөк-тоогун бышырып келип калчу. Кийин иштеп калганымда апам элден калбай жакшы кийинсин деп ательеге алып барып көйнөк тиктирип берип жүрдүм. Театрга, филармонияга алып барчумун. Мен үйлөнүп-жайланганымда да аябай сүйүнгөн. Бирок тагдыр экен, 2 бала төрөп бергенден кийин аялым жол кырсыгынан каза болуп калды. Апам азыр мага “бактың, карадың, сага ыраазымын” деп айланып-кагылып турат. Бир туугандарым, балдарым да моралдык-материалдык жардам көрсөтүп турушат.

Апасын же атасын карылар үйүнө алып барып таштагандар, аялы менен ажырашып балдарын карабай койгондор көп. Аларга айтарым “Убакыт келсе сен да картаясың. Балким, оор күндөрдү башыңдан өткөрүүгө туура келет. Ошондо кылганыңа өкүнөсүң. Ата-энесин же баласын таштап басып кетүү эркектин иши эмес. Бул деген адам экениңди жокко чыгаруу. Алардан тирүүңдө кечирим сурабасаң да, өлөр алдында ичиңден болсо да кечирим сураарыңды билип кой!"

Сөзүмдүн акырында апамды жана жалпы эле аялзатын 8-Март майрамы менен куттуктайм! Апалар эч качан оорубай, узак жашасын!

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
ekonomist.
2019-03-11 10:11:20
Азаматсыз, Аллахым сизге ден соолук берсин..(( менин атам да чон энемди абдан жакшы карайт, Чон энем 100го таяп калды.
+4
Nurgazy80
2019-03-11 13:04:55
Карачы кандай күчтүү адам. Баарына жетишет,апасын да карайт, ар түрдүү саясий иш чараларга да жетишет, ачкачылык жарыялаганга жетишет бул акебиз. Азаматсыз Өндүрүш аке,бар болуңуз, аман болуңуз. Кудай Таалам күч-кубат берсин.
+5
Cherik.777
2019-03-12 00:30:00
Ылайым апаныз узак жашап сакайып кетсин бар болунуз
+1
Zimzimemir
2019-03-12 03:43:25
Торобойм,чай сунбайм деген кок мээлерге жетебикен,же чириген кок мээси аны тушунуп жетпейби
+2
Zaina
2019-03-16 00:03:07
Zimzimemir, оорукчан балдарын, аялын таштап, казинодо ойноп, башка бироону ээрчип кеткен чириген кок мээ эркектерге бул жетеби же алардын мээлери чирип буткон бекен? Асылганынар эле кыз келиндер, озунордон баштап сындагыла биринчи. Эркектерле деле журот толтура голубойлор.
+1
№ 853, 7-13-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан