8-МАРТ, ФЕМИНИЗМ ЖАНА МИТИНГ. КООМЧУЛУК ЭКИ ЖЭЭККЕ БӨЛҮНДҮ

8-март күнү Бишкек шаарында “Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөлөрү тынч жүрүшкө чыгышты. Алар аялдардын укугун коргоо жана аларга карата болгон зомбулукка каршы сыяктуу маселелерди козгошту. Бирок бул жүрүш башка жагдайы менен чуу жаратты...

ТЫНЧТЫК ЖҮРҮШТҮН МААНАЙЫ

Аялдардын эл аралык күнүндө тынчтык жүрүш орун алары, анда учурдагы кыргыз коомчулугундагы аялдардын укугу боюнча маселелер көтөрүлөрү тууралуу бир канча күн мурун белгилүү болгон. Мындай иш-чаралар өлкөдө 3 жылдан бери өткөрүлүп келген. Алгач быйылкы жүрүшкө Бишкек мэриясы уруксат бербей, көп өтпөй макулдук берилгени маалым болду.

8-март күнү 200дөй адам эртең менен чогулуп, “Ала-Тоо” аянтын көздөй жүрүш жасашты.

Бир жагынан тынч эле жүрүш сыяктуу көрүнгөнү менен, алардын көтөргөн плакаттары талкуу жаратпай койгон жок. Көтөргөн плакаттарда “Баш ийбе, мен тандоомду кылдым”, "Чай куйганга милдеттүү эмесмин", "Аялдын орду Ак үйдө", "Кааласам төрөйм, кааласам төрөбөйм", "Аял бала төрөөчү машина эмес", "Менин денем – менин ишим","Жети апамды билем", "Келинизация – бул кулчулук" деген сыяктуу жазуулар менен чыгышты. Ошондой эле алардын катарында ЛГБТ (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер) мүчөлөрүнүн желегин көтөрүп чыккандар да болду. Муну менен тынчтык жүрүштү жамынып, башка максаттар да көздөлгөнү байкалды. Албетте, лозунгдардын арасынан таасирдүүлөрү да болду. Алсак, “Билимдүү кыз – күчтүү улут” деген өңдүү чакырыктар...

Катышуучулар “Ала-Тоо” аянтынан басып өтүп, жүрүш Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында жыйынтыкталды. Соңунда катышуучулардын саны 500гө чамалады.

КЫЗ-КЕЛИНДЕРГЕ ГҮЛ, МЭРИЯГА ОТСТАВКА

Бул кыймылдын жүрүшүнө "Кырк чоро" коомдук бирикмеси антимитингге чыгарын, мындай демилге кереги жок экендигин билдиришкен. 8-март күнү аталган коомдук бирикменин мүчөлөрү митингге катышкандарга гүл сунуу менен чектелишти. “Митингге каршы чыгуу аракети көрүлсө, анда одоно мыйзам бузуулар болуп кетмек. Майрамдык маанайды утурлай айымдарды куттуктап катышуучуларга гүл сундук” дейт “Кырк чоро” бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев.

Ошентсе да "Кырк чоро" коомдук бирикмеси мэриянын жүрүшкө уруксат бергендигин сындашты. Алар 11-мартта мэриянын алдына келип, Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылышты. “Аялдардын укугун коргойбуз деп, ЛГБТ коомчулугунун да жүрүшүн өткөрүштү. Эмне үчүн буга мэрия жол берет?",- дейт Көчөрбаев.

Бул арада 12-март күнү “Кырк чоро" коомдук бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаевге Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Буга "Бишкек феминисттик демилгелер" кыймылынын мүчөсүнүн бири арыз жазгандыгы себеп болгон. Аталган бирикменин активисттери 13-мартта кайрадан митингге чыгышты.
Ал эми Бишкек мэри Азиз Суракматов Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, тынч чогулуштарды өткөрүүнү тыюуга укугу жок экендигин белгиледи. Муну менен катар мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев: “Бир канча уюм айымдардын укугун коргоо үчүн жүрүш өткөрүүнү суранышкан. Мэрия кандайдыр бир акцияны өткөрүүгө уруксат берип же тыюу сала албайт. Бул Конституцияда жазылган. Жүрүш учурунда провокациялар болуп кетет деп эч ким күткөн эмес”,- деди ал.

“Күнөө бизден болсо жазабызды алабыз. Бир чети коомубуз кайда бара жатат, улуттук баалуулуктар кайда калды деп ичиң күйөт. Мыйзамды жазып жатканда кыргыздын салт-санаасына, үрп адатына, кылымдардан келген жашоо маңызына карап жазышса мындай болбойт эле. Келечекте чоң чатактарга бөгөт коймок?”,- деп пикир бөлүшөт Түлөбаев өз баракчасында.

ПАРЛАМЕНТКЕ ЧЕЙИН ЖЕТТИ

Чындыгында аялдардын жүрүшүндө коомубузда болуп жаткан көйгөйлөр айтылды. Бирок бул жүрүш коомчулукту экиге бөлүп койду.

Митингге катышкандардын бири экс-депутат Равшан Жээнбеков “Адам укугунун ичинен аялдардын укуктары мамлекетте өзгөчө макамга ээ болушу керек. Окуп өнүгүп-өсүү, карьера жасоо сыяктуу маселелерге бул жүрүштөр менен гана көңүл бурулбайт. Бирок дүйнөлүк тажрыйбада ушундай жүрүштөр аркылуу көңүл бурулат”,- деп, кийинки жылдары энелер, эжелер жана кыздардын укугу үчүн жүрүштү уюштуруучулардын катарында болууга даяр экенин билдирди.

Укук коргоочу Рита Карасартова: "Жүрүштү болтурбайбыз" деген “кырк чорочулар” дагы, башка митингдерди болдурбай келген милициялар дагы, айтор, ал күнү эч ким унчуккан жок. Мурун Эркиндик бульварында жөө жүрүштү уюштуруп жүргөн уюштуруучулар, быйыл эмнегедир борбордук көчө менен басууга уруксат алышат. НПОлорду жаман аттуу кылуу УКМКнын максаты болгон деп ойлойм. Интернет айдыңына ар түрдүү коллаждар алдын ала даярдалып, дароо таратылып жатты. Мунун артында чоң саясат жатат деп ойлойм”,- деди.

13-март күнү парламентте Жогорку Кеңештин айрым депутаттары: "Аялдардын укугун коргойбуз" деген шылтоо менен улуттун уңгусуна балта чабылган иш-чара болду. Парламент унчукпай отура берсек, эртеңкибиз эмне болот?- деп УКМК, ИИМ жана башка укук коргоо органдарын чакырып, окуяга баа берүү керек деп чыгышты.

“ФЕМИНИЗМ МЕНЕН ЛГБТнын ТЫГЫЗ БАЙЛАНЫШЫ БАР”

Ызы-чуу менен коштолгон жүрүштөн соң ЛГБТ мүчөлөрүнүн укугун коргогон “Лабрис” уюму эмне үчүн жүрүшкө чыкканын айтып чыгышты. “Феминизмдин ЛГБТ менен түздөн-түз байланышы бар. Биздин уюмдун мүчөлөрү дагы өздөрүнүн укуктарынын корголуусу үчүн чыгышты”,- деп белгилейт аталган уюм.

Аталган жүрүштү уюштургандар муну менен токтоп калбай тургандыктарын билдиришти. “1-май күнү дагы бир жүрүш жасайбыз. Бул күнү жумушчу айымдар бизге кошулат. 8-мартта катышкандардын бардыгы бул жүрүшкө катыша алат. Бул жүрүш айымдардын бардык катмарынын укугун коргоо үчүн өткөрүлөт”,- деп айтат жүрүштүн уюштуруучуларынын бири Елена Ткачева.

Феминизмди туу кылып чыккан жүрүш кандай өңүткө бурулуп кетиши 8-март күнү билинди. Мындай жүрүштүн арты коомчулукту эки жээкке бөлүп коёру тастыкталды.

КООЗ ЖЕЛЕКТИН АРТЫНДА КООМДУН ТАЛУУ ЖЕРИНЕ СОККУ

Бул жүрүштү коомчулукта кескин сын менен да, туура деп колдоо менен да кабыл алгандар болду. Сындагандар катмары ата-бабадан бери жат көрүнүш болгон нерсени нейтралдуу кабыл ала албай убара. Бишкек го борбор. Эми ушундай ЛГБТ мүчөлөрүнүн жүрүшү аймактарда кайталанса, жыйынтыгы эмне болорун элестетүү кыйын. Бул сыяктуу маселе чыккан сайын коомчулуктун басымдуу бөлүгү талуу жерине сокку жегендей кабыл алууда.

Бирок ойлондурган маселе жаралат. Өлкөдөгү миллиондоп акча уурдагандар тууралуу, ар бир тармакта тамырлашып кеткен коррупция жөнүндө, уламдан улам күчөп жаткан трайбализм сыяктуу көйгөйлөрдө да эмне үчүн ушунчалык ичибиз ачышпайт? Же бул нерселер биз үчүн кадыресе көрүнүш болуп калды беле? Өлкөнүн тагдыры чечилчү көйгөйлөрдө унчукпай жаткан коомчулук бир кооз желектен улам тикеден тик тура каларын көргөздү... Улуттук баалуулуктар бир гана ЛГБТ маселеси менен чектелбейт.

Динара Абдыкадырова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
NURSAPAR
2019-03-18 15:47:46
Равшанга пок барбы дейм да....
+5
Gulem
2019-03-18 16:11:26
120депутатты да кошуп алгыла,баарынар бекерчисинер,кылаарга иш таппай калдынарбы?чай куюп бергин келбесе атана-апана куйдуртуп ичип журобергиле,ушунча чонойтуп койсо салпактап жургонунорчу Бир нерсени кыйратып койгонсуп чимкириктер....
+4
bek_tash
2019-03-18 19:13:14
1-майда чыккыла, 2- майга 500-700 көр казып, даярдап коёбуз.
+3
№ 854, 14-20-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан