ЧЫРЫ ЧЕЧИЛБЕГЕН КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ

13-март күнү Кыргыз-Тажик чек арасында чыр чыкты. Баткен облусундагы Ак-Сай–Тамдык унаа жолунда Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып, бир канча күн абал чыңалып турду. Чырдын келип чыгышына кайрадан эле Ак-Сай–Тамдык жолунун курулушу себеп болгон.

ОКУЯНЫН ӨНҮГҮШҮ

13-март

Дал ушул күнү түштөн кийин эки элдин ортосунда жаңжал чыккан. Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун салынышына тажик тарап каршы чыгып, эки жактан эл чогулган. Ортодо таш ыргытуулар болуп, жабыркагандар болгон эмес. Сүйлөшүүлөр эртең болот деп чогулгандар тараган. Бирок кечки 8дерде эки жактан эл кайрадан топтоло баштаган. Чогулган эл кайрадан бири-бирине таш ыргытып, жабыркагандар болгон.

"Кечки саат 8ден тартып Орто-Боз айылынын жанындагы Төрт-Көчө деген жерде эки тарап бири-бирине таш ыргытып урушкан. Натыйжада 5-6 жаран жаракат алышкан. Орто-Боз айылындагы бир тургундун үйү күйүп кетти",- деп билдирген Кыргыз мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Бул арада ок атылган үндөр угулуп жатканы тууралуу да кабар тараган. “Жарандар арасында эч кандай ок атышуу болгон жок. Чогулган элди таратуу үчүн чек ара кызматындагы кызматкерлер асманга ок атышты”,- деп билдирүү жасаган Чек ара кызматы. Бул чырдан улам саат 21:40тан баштап Баткен облустук чек ара бөлүмү күчөтүлгөн тартипке өткөн.

14-март

Эртеси күнү Жогорку Кеңеште бул маселе жабык түрдө талкууланды. Ал эми окуя болгон жерге вице-премьер Жеңиш Разаков жиберилген. Абал чыңалган бойдон калып, эки жактан эл кайрадан чогулган. Саат 4төр чамасында Ак-Сай айылынын Бакай аймагында эки өлкөнүн чек арага жакын турган 200гө жакын тургундары чогулуп, бири-бирине таш ыргыта башташкан. Эки өлкөнүн чек арачылары асманга ок чыгарып, абалды жөнгө салуу аракетин жасашкан. Мындан улам бир милиция кызматкери октон жаракат алганын Баткен ОИИБи тастыктаган.

Бул арада тажик “Азия плюс” басылмасы жаңжалдан улам 13-мартта бир тажик жараны каза болгонун жана 20дай жаран жаракат алганын жазып чыкты. 14-мартта дагы бир адам каза болуп, экөөсү жаракат алганын жазышты.

Саясатчы Камчыбек Ташиев “Баткенге жөнөп жатам, бийликтегилер мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече алышпайт. Кыргыздын ар бир метр жери ыйык жана маанилүү” деп билдирип, Баткенге сапар алды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын ажосу Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулады.

Кечки 10дордо Ак-Сай–Тамдык жолунда 20дай гана адам калганын, бирок тосулган унаа жолдор дале ачыла электигин Чек ара кызматы билдирген. Абалды турукташтыруу үчүн эки тараптын делегацияларынын жолугушуусу кечинде болуп өткөн.

Ушул эле күнү Кыргыз-Тажик чек арасына чектеш турган Ак-Сай жана Орто-Боз айылындагы балдар менен аялдар Баткен шаарына көчүрүлө баштаган. "Айылда жалаң гана эркектер калды, чек арада абал тынч",- деп билдиришкен айыл тургундары.

15-март

Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалды кыргыз тарап баштады деп билдиришкен. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн күч органдары Исфара–Ворух жолун жаап, 2 кичи автобустагы тажик жарандарын барымтага алганын айтып чыгышкан. Бирок бул маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлиги "жалган маалымат" деп төгүндөдү.

Чек арада абал турукташып калды, бирок Исфара–Ворух, Баткен–Лейлек автожолдору ачылган жок. Чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочуларына эки тараптан тең түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бул күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Таабалды Тиллаев, Карамат Орозова, Курманкул Зулушев жана Айнуру Алтыбаева чек арадагы кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн Баткенге жөнөп кетишти.

Эки тараптын сүйлөшүүлөрү уланып, өлкөнүн вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен жолукту. Бул жолугушууга ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаев, Тажикстандын ички иштер органдарынын өкүлдөрү да катышты.

Бул күндөн тарта чек арада абал туруктуу экендигин Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

ЧЫРДЫН БАШЫ ЭМНЕДЕ?

Чыр чек арага жакын Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык унаа жолунун курулушуна тажик тарап каршы болгондуктан чыгып отурат. Бул жол кыргыз айылдарынан жайлоого өтө турган жол болуп саналат, жалпы узундугу 24,5 чакырымды түзөт. Бул аймакта Тажикстандын Ворух анклавы жайгашып, анда 40 миңдей эл жашайт. Союз маалында тажик айылдарынын тургундары Кыргыз өлкөсүнүн жайыттарын пайдаланып келишкен, чек ара маселеси жаралган соң чектөөлөр киргизилген.

Транспорт жана жол министрлиги бул жолдун курулуш иштери 2013-жылы башталган деп билдирет. “Бул жолго 606 миллион сомго смета түзүлүп, азыркы убакытта 165,5 миллион сомдук жол курулуп, Көк-Таш айылынын Ак-Сай айылына чейинки 13 чакырымдык жол курулушунун иштери жасалып бүткөн. 9-март күнү Ак-Сай–Тамдык тилкесиндеги курулуш иштери улантылган",- деп билдирет министрлик.

Аталган жол Кыргызстан үчүн стратегиялык жактан маанилүү.

Дээрлик 6 жылдан бери 25 чакырым жолду сала албаган бийликтин чабалдыгы карапайым элге зыянын тийгизип жатат...

ТАЛАШКА ТҮШКӨН 275 МЕТР

Интернет айдыңында 2009-жылы Кыргыз-Тажик өлкөсүнүн Коопсуздук кеңешинин катчылары келишкен протоколдун сүрөтү жарыяланды. Анда ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров Исфара жээгиндеги 275 метр жерди тажик тараптан 49 жылга ижарага алган жазууну көрүүгө болот.

2014-жылы Баткен облусунун экс-губернатору Мамат Айбалаев дал ушул кол коюлгандан кийин маселе жаралганын айткан. “Баткен районунда Ворух айылы менен Мачайы айылы маселе жаратып келет. Мачайы айылында көйгөй болбойт болчу, 2009-жылы Курманбек Бакиевдин убагында ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров “бул жер тажиктики” деп кол коюп койгон. Бирок ал жер Кыргыздын жери болчу. Ошол 275 метр жер тажик тарапка өтүп кетип, Баткен районунун Ак-Сай, Актатыр, Самаркандек айыл өкмөттөрү менен Лейлек району, Сүлүктү шаарына каттоо маселеге айланган. Мадумаров кол койгондон тартып ошол жолдун айланасына тажиктер заматта үйлөрдү куруп, азыр айыл болуп калды. Ал жер мурда бош турган Кыргыздын жери болчу. Тажиктер ал жерге келчү эмес. Маселенин баары ошол окуядан кийин келип чыкты”,- деп айткан.

Адахан Мадумаров бул протоколго ошол кезде жарандардын ыңгайсыздыгын чечүү үчүн кол коюлганын айтат. “Чек арада коюлган постту алып салуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, эки тараптын жарандарына жеңилдик болуусу үчүн протоколго кол коюлган.

Келишим боюнча, кыргыздар өз аймагына өтүү үчүн көпүрө куруу чечими кабыл алынган. Бул чечимди ошол кезде баары колдошкон. 10 жылдан кийин бул маселеде мени күнөөкөр катары каралап жаткандарды өз абийирине койдум”,- деди Мадумаров.

БУЛ БИРИНЧИ ЖАҢЖАЛ ЭМЕС

Бул чыр Ак-Сай–Тамдык жолундагы биринчиси эмес. 2014-жылы июль айында ушул эле аймакта ок атышуулар болгон. Анда отуздан ашык тажик жарандары Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан суу түтүктөрүн алып өтүүгө аракет кылышкан. Бул учурда Кыргыз чек арачылары келип, тактала элек аймакта иш жүргүзүүгө болбой тургандыгын эскертишкен. Тажик жарандары муну угушпай, таш ыргытып башташкан. Мындан улам чек арачыларга асманга ок атууга туура келген. Окуядан алыс эмес жердеги тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларын көздөй ок ата баштаган. Бул чатактан эки тараптан тең жабыркагандар болгон.

Жол салынып баштагандан тарта ар кандай чатактар бүгүнкү күнгө чейин токтобой келүүдө. Ушул жылы 15-март күнү Ак-Сай айылынын тургундары Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда чек араны тез убакытта тикен зым менен тосуп, демаркация иштерин жүргүзүүнү талап кылышты.

18-мартта Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлуп, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулуш иштерин улантуу макулдашылды. Чектеш аймактардагы транспорттук каттам мурдагы калыпта жанданып иштей баштайт.

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырга байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн жана Тажикстандын ортосунда атайын комиссия түзүлүп, ага эки өлкөнүн Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук кызматынын жана Аскер прокуратурасынын 21ден кызматкери мүчө болду. Азыркы учурда "адам өмүрүнө кол салуу", "улуттар аралык кастыкты козутуу" сыяктуу беренелер боюнча жалпы 7 кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынганын Башкы прокуратура билдирди.

Чек ара маселеси дагы да болсо толук кандуу чечилмейинче ушул сыяктуу жаңжалдар чыга берери айкын.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
NURSAPAR
2019-03-25 16:40:36
Адахандан сураш керек, негеее, деп анан олтурат өкмөттүн алы жетпейт, президенттин алы жетпейт деп. Кылгылыкты кылып кыйратып койгонсуп
+3
taku88
2019-03-26 20:26:23
борборду баткенге же ошко которуш керек ошондо баардык чек ара чечилет
-1
zhesika
2019-03-27 13:46:37
taku88,Борборду Баткенге, тушко кирбеген немени айтпачы, жада калса Ош да борбор боло албайт.
+1
murat17
2019-03-27 20:18:57
zhesika,Баткен болбойт бирок Ошту кылса эмнеге болбойт
-1
zhesika
2019-03-27 20:56:31
murat17,анткени Ош уникалдуу шаар. Борбор болсо аки чуку болуп кетет. Андан коро Ошко озгочо конул буруп туристтер келе тургандай тарыхый озгочолукторун сактап турган шаарга айлантуу керек
-1
murat17
2019-03-27 21:01:28
zhesika,неге аки чуку болот даа бирок кээбир айтканына кошулам США Вашингтон бирок Нью-Йорк мегаполис ошол сыяктуу кылса болот
-1
murat17
2019-03-27 21:03:38
murat17,Ош тарыхы 3000 жыл централ азияда эн байыркы шаарлардын бирин толуктайт конул буруу керек окмот
-1
murat17
2019-03-27 11:01:16
Мадумаровдун тили эле бар колунан эч нерсе келбейт зыяндан башка ушул адамды колдогондорго тан калам деги бийликте да журду убагында эмнени кылып кыйратты кычааган жигиттер коп Мырзакматов Жапаров Кочкоров дегендер ушуларды колдойлу кыргыз элим ХХХХ Мадумаровду колдобой
+1
tyrgon
2019-03-31 16:22:40
murat17, акча колдотуп жатат да акча мына мунун азабын эл тартып жатат Бетти бетон кылып озунор чечип алгыла деп турбайбы адахан акча учун бул адахан жерин эмес энесин сатат.
+1
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан