«БАЛДАРЫМ МЕНЕН ЭЧ ЖЕРГЕ БАТПАЙ КОР БОЛДУМ». Жалгыз бой эне жардамга муктаж

2 жолу турмушка чыгып, 4 баланын энеси болгон 34 жаштагы Жылдыз Алмамбетова учурда оор тагдырдын сыноосунда турганын айтып көзүнүн жашын көл кылды. Каарманым ооруп калып, 2 баласын жатак мектепке бергенге аргасыз болсо, колундагы 2-класстагы кызын окута албай келет.


«ЭКИНЧИ ЖОЛДОШУМ БАЛДАРЫМДЫ БАТЫРБАЙ КОЙДУ»

– Өзүм Кочкордо туулуп, чоңойгом. Атам кичине кезимде эле каза болгон. 11-классты аяктаганда тааныбаган эле бала ала качып кетти, отуруп калдым. Ошентип 18 жашымда турмушка чыгып, 19 жашымда улуу баламды төрөдүм. 4 жыл чогуу жашап, 2 балалуу болгондон кийин жолдошум ооруп каза болуп калды. 3-4 жылдан кийин кайра турмушка чыктым. Үйлөнөр алдында экинчи жолдошум “Балдарда эмне күнөө, аларды өз балдарымдай багып алам” деген. Бирок андай болгон жок. Балдарымды өгөйсүнтүп батырбай койду. Жаман сөздөр менен сөгүп, кагып-силкип, каалаганындай жумшап алды. Мен бир жакка кетсем эле ызы-чуу болуп калышат. Балдарым “урушту, сөктү деп ыйлашат. Эки уулум “Апа, сиз аны менен жашай бериңиз. Биз таенеме кетебиз. Чыдай албайбыз” деп калышты. Бир жолу менин көзүмчө кичүү баламды чаап жиберди. Балдарым үчүн көп уруштук. Мас болгондо ызы-чуу салып, мени да сабачу. Бир ирет катуу таяк жегем. Кыш болчу. Түн ортосунда мас болуп келип себепсиз эле ызы-чуу салып, калак менен сабады. Балдарым коркуп ыйлап, жылаңач эшикке качышкан.

Бул турмушумдан эки кыздуу болдум. Кичүү кызымды төрөгөндөн кийин колу-буттарым ооруп баштаган. Ооруканага көрүндүм. Ревматоиддик артрит деген диагноз коюшту. Жатып дарыланганга каражатым жок эле. Жолдошум аны көрүп туруп жардам берген жок. Ушул себептин баары 4 баламды алып кетип калганга аргасыз кылды.


«ООРУКАНАГА ЖАТЫП ДАРЫЛАНУУГА КАРАЖАТЫМ ЖЕТКЕН ЖОК»

– Балдарымды ээрчитип өзүм чоңойгон ата-энемдин үйүнө бардым. Ал жакта иним үй-бүлөсү менен жашайт. Балдарым менен ал үйгө деле баткан жокмун. Өзүмчө батирге чыгып, иштеп балдарымды багып жашап жаттык. Кафеде официант, ашканада ашпозчуларга жардам берип иштедим. Балдарымды бакканга каражатым жетип жаткан. Ушинтип иштеп жүргөндө жумуштан келгенде тамандарым, буттарым, колдорум ооруп калчу болду. Чарчагандан улам ооруп жатат деп ойлоп балдарыма укалатып коюп жүрө бердим. Бирок оору күчөй берди. Отурсам тура албай, турсам отура албай кыйнала баштадым. Дагы көрүнсөм, врачтар ооруканага жатышым керектигин айтышты. Ооруканага көрүнгөнгө эле эки ирет 10 миң сомдон ашык акча кеткен. Жатып дарыланууга акчам жок болду. Жазып берген дарылардын жарымын алсам, жарымын ала албай үйдө дарыландым. Оору күчөп, кыймылдашым кыйын боло баштады. Жумушка бара албай калдым.


«КЫЗЫМДЫ ОКУТА АЛБАЙ ЖАТАМ»

– Бага албай калганда былтыр эркек балдарымды Балыкчыдагы “Нуристан” балдар борборуна бергем. Алар ошол жакта жатып окушат. Жакшы баса албагандыктан балдарыма бара албай, аларды жарым жылдан бери көрө элекмин. Кээде өздөрү чалып абалымды сурап турушат.

Азык-түлүк түгөнгөндө эки кызым менен үйдө 3 күн бою тамак-аш жок, жалаң суу ичип жашадык. Кызымды курбумдукуна нан сурап келүүгө жиберсем, “Апа, барбай эле койсом болмок экен. Нан бышырып жатыптыр. Бирок бербей койду” деп ыйлап келди. Акча төлөй албай калганыбыз үчүн "батирден чыккыла" дей баштады. Минтип оокатым өтпөй калганда апамдын колуна келдим. Апам өгөй атам экөө Кеминде бирөөнүн малын карап жашашат. Экөө биригип 7 миң сом айлык алышат. Апамдын да кулагы укпайт, кан басымы жогору. Оорубасам буларга жүк болбой өз оокатымды өзүм кылмакмын.

Оң бутумду бүксөм оорутуп кыйнайт. Колдорумдун манжалары кыйшайып баратат, жакшы жумулбайт. Басканым кыйын. Мени отургузуп, тургузуп, эшикке алып чыгып, алып кирген 8 жаштагы кызым. Улам эле “отургуз, тургуз, тигини алып бер, муну алып бар” деп аны да түйшүкчүл кылдым.

Кызым биринчи класста окуп жүргөндө мен ооруп калып, ал 1-классты бүтпөй калган. Бул жылы кайра 1-класска кирген. Эми минтип дагы мектепке жибере албай жатам. Өзү жакшы окуйт. Мугалимдери чалып, “Кызың жакшы окуйт. Мектепке жибербейсиңби?” деп калышат. Кызыма мектепке барбай жатканын "Абалыбызды көрүп жатпайсыңбы, сен жок мен кантип кыймылдайм?" деп түшүндүрөм. Кээде кыздарымды карап алып зээним кейип ыйлайм. Анда 4 жаштагы кызым кучактап, “апа, ыйлабачы, мен чоңойгондо доктур болуп, сизди айыктырам” деп калат.

Айыгып кетем деген үмүтүм бар. Элдин жардамы тийип оорудан кутулсам, уулдарымды да өз колума алып, эч нерседен кем кылбай багып алмакмын. Азыркы кыялым ушул. Кайрымдуу адамдардан мени убактылуу көйгөйдөн сууруп чыгууга жардам сурайм.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Mavlyuda
2019-03-28 10:05:56
Аллахым жардам берсин буюрса жакшы адамдар табылып айыгып балдарың менен чогуу болор күн жакын. Көп кайгырба дуа кыл. Көзүмө жаш келди окуп алып.
0
admin_portal
2019-04-03 16:42:23
Жардам берүүнү каалагандар үчүн байланыш номери: 0502 85 76 85
0
№ 855, 21-27-март, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан