ӨМҮРҮН ТОБОКЕЛГЕ САЛГАН ЖОЛЧУЛАР

Жолчулук кесип... Бул жайы-кышы жолдун бузулган жерин оңдоп, кум-шагыл, кар көчкү түшсө тазалап, айтор, өмүрдү жолдо өткөзчү кесип. Ушундай оор кесипти аркалагандардын бири – биздин каарман Акчабай Мураталиев. Ал Кыргызстандагы Жол чарба департаментине караштуу №23 жол тейлөө ишканасынын 1-бөлүмүнүн жетекчиси, кесиби боюнча геофизик. Токтогул районунун Бала-Чычкан айылынын тургуну.

“КАР КӨЧКҮ КӨП ТҮШКӨН АЙМАКТА ИШТЕЙБИЗ”

– Биздин ишкана Бишкек-Ош жолунун 209-чакырымынан 266-чакырымына чейинки аралыкты тейлейт. Башкача айтканда, Токтогулдун Ала-Бел ашуусунан Чычкан капчыгайы бүткөнгө чейинки аралык. Биздин бөлүмдө 12 адам, техникалардан 2 автогрейдер, 1 кар жүктөөчү, 5 самосвал, 1 кран-манипулятор бар.

Жаз – кар көчкүлөр түшкөн убак болгондуктан учурда жол тазалоо иштери менен алекпиз. Биз тейлеген аймакта кар көчкү түшө турган 15 жер бар. Эң кооптуу аймак болуп эсептелет. Эң чоң кар көчкү түшө турган жер 246-чакырымдагы Көчкүлүү-Булак. Айрым учурларда бир эле жерден 3-4 ирет түшөт. Мисалы, 4-5 жыл мурун 1 жылда 60тан ашык көчкү түшүп, эс алуу дегенди билбей калганбыз. Кээде жол бүтөлөт. Өтө албай калган унаалар жолдун эки тарабында бир канча чакырымга чейин тизилип калат. Жол кечиктирилбей ачылышы үчүн күнү-түнү, чарчаганыңа карабай иштөөгө туура келет. Андыктан мен 27 жылдан бери жолдо таң атырып жана күн батырып келе жатам. ӨКМ айрым белгиленген жерлердеги көчкүлөрдү алдын ала замбирек менен аттырып түшүргөнгө аракет кылат. Кээде түшсө, кээде түшпөй, кээде болжогон убактан эрте түшүп калат.

2018-жылдын 13-мартында түнкү саат 11 чамасында Көчкүлүү-Булакта туурасы 200 метрди, узундугу 250, бийиктиги 50 метрди түзгөн кар көчкү түштү. Кудай жалгап жабыркаган адам болгон жок. Жардамга ӨКМдан, башка жол тейлөө ишканаларынын жумушчулары келип, 1 суткада тазаладык. Бирок кээде унаалар көчкү алдында калган учурлар да болот. Андайда ичиндеги адамдар аман болду бекен деп кар алдынан казып чыгарганга шашабыз.

“УУЛУМ ДА КӨЧКҮ АСТЫНДА КАЛГАН”

– Биз үчүн эң кайгылуу окуя 2017-жылдын 27-мартында болгон. Жолдун 255-чакырымында көчкү түштү. Жолду эми тазалап бүтүп, унааларды коё бере баштаганыбызда күтүүсүз жерден кайра көлөмү 8 миң 640 метр куб (узундугу 90 метр, туурасы 12, бийиктиги 8 метр) көчкү түштү. Жолдо бара жаткан Субару Легасини жана биздин ишкананын унаасын басып калды. Биздин унаада 4 кызматкерибиз бар болчу, баары каза болуп калды. Анын бири менин 21 жаштагы уулум Курсант эле...

Ошентип баарыбыздын өмүрүбүз тобокелде өтүп келе жатат. Жолдо иштеп көнүп калгангабы, ошол кырсыктан кийин деле жол өзүнө тартып туруп алды, айла жок кайра ишке чыктым. Бирок ошол кара жолтой жерди көргөн сайын жүрөгүм тилинип, сыздап алам.

Кышында жолдун абдан тайгалак жана кар калың жааган жерлерине, өзгөчө Ала-Белге тынымсыз кум аралашкан туз чачып турабыз. Биз тейлеген аймакта кышкысын 35 градуска чейин суук болот. Ошондой түкүрүгүң жерге түшпөгөн суукка жүздөгөн тонна кумду кышы менен күрөктөп чачып чыгуунун өзү эрдик. Жай келди дегиче жол оңдоого киришебиз. Жол белгилерин, көпүрөлөрдү сырдайбыз. Ошентип, карала-торала, май-сай болосуң. Суукта-ысыкта жолдо жүрө берип капкара болуп күйөсүң. Кокус бензин, солярка ташыган унаалар кырсыкка учурап, жолго май төгүлсө, үстүнө кум төгүп, кайра баарын чыгарып тазалайбыз. Жазында, жайында катуу жааган жаандан кээде сел жүрүп, таштар жолго түшөт. Аны да дароо тазалоого туура келет.

Бизде майрам, дем алыш күн, сыйлык деген жок. Кышкысын иш көп делинип айлык акыбыз 18 000-20 000 сомду түзөт. Жайкысын көчкү жок дешип айлыкты 10 000 сом кылып азайтып салышат.

Мен жол тейлөө ишканасына караштуу базада жашайм. Ал жерде 3 там бар. Ушул жерде гана генератор болгондуктан жарык бар. Башка жерде жайгашкан 8 тамда илгертеден свет болгон эмес. Андагы үй-бүлөлөр чырак менен жашап келет. Күнүмдүк тамак-ашыбызга
1 адам үчүн 55 сом бөлүнөт. Өкмөт отун, көмүр берет. Ошону үнөмдөп жагабыз. Биз бийик тоолуу жерде иштегендиктен (деңиз деңгээлинен 3175 метр бийик) пенсияга эрте чыгышыбыз керек болчу, бирок өкмөт андай чечимди азыркыга чейин чыгарбай келет.

Биздин бөлүмгө талап боюнча дагы 4 жумушчу керек. Бирок иштин оордугу менен айлыктын аздыгынан 16 адамдын ордуна 12 адам иштеп жатат. Ысык-суукта тоолуу жерде күн-түндөп иштеген ден соолукка терс таасир этет экен. Бутубуз, бөйрөгүбүз, белибиз ооруйт.

Эң жаңы деген техникабыз 2015-жылы, эскилери 1998-жылы чыгарылган. Эскилерин улам оңдоого туура келет.

Бала-чакабызды кээде гана көрөбүз. Балдарга кышкысын баш-көз болуп, аларга тарбия берген адам чоң апасы. Анткени аялым кышта биздин ишканада ашпозчу болуп иштейт. Жайкысын бошоп, айылга кетет. Үйдөгүлөргө кошулуп той-ашка барып калсаң тааныштар “оо, патриот, сен да тоодон түшөт экенсиң, ээ?” деп тамашалап калышат.

"Чоң кар көчкү түшкөндө күндөп-түндөп иштөөгө туура келет".

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Zimzimemir
2019-04-03 02:09:48
Рахмаат Ишиниздерге ийгилик,окмот сылык пенсияны карап беришсин,жол тазалаган чоон сооп деп уккам
0
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан