ҮЙДҮН ДУБАЛЫ ҮЧҮН ЖАҢЫ МАТЕРИАЛДАР

Үйдүн дубалын тургузуу үчүн колдонулуп келе жаткан кыш, пеноблок, газоблок, шлакоблок, сокмо тууралуу маалымат берип келгенбиз. Бул ирет өлкөбүздө жаңыдан колдонула баштаган дубал материалдары тууралуу Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын өндүрүү жана серептөө кафедрасынын башчысы Таалайбек Оморов маалымат бермекчи.

АРБОЛИТ

Жеңил материалдардын түрүнө кирет. Арболит блогун өлкөдө кичи цехтер чыгарып жатат.

Курамы: цемент, жыгач таарындысы же майда кесиндилери, химиялык кошулмалардан (суюк айнек, кальций хлориди, алюминий сульфаты) жана суудан турат. Химиялык кошулмалар жыгач таарындысы же майда кесиндилери чирип кетпеши жана курт-кумурска жолобошу үчүн кошулат.

Баасы: 1 блогу – 55-60 сом

Артыкчылыктары:

  • Экологиялык жактан таза, зыяндуулугу жок.
  • Жылуулукту жакшы кармайт.
  • “Дем алат”.
  • Салмагы башка бетондорго караганда жеңил.
  • Отко туруктуу.
  • Бышык.
  • Блок болгондуктан имарат бат тургузулат.
  • Мык, шуруп дубалга жеңил кирип, бекем кармалат.
  • Жер титирөөгө туруктуу.
  • Цемент жакшы жабышат.

Кемчиликтери:

  • Жыгач таарындысы кошулган курулуш материалдарынын негизги сапаты нымдуулукту өзүнө тартып турат. Ошондуктан анын сыртын сөзсүз шыбаш керек.
  • Жыгач таарындыларынын, химиялык кошулмалардын өлкөдө таңсыктыгынан арболит аз чыгат.


ПЕНОПОЛИСТИРОЛ ЖАНА АРБОЛИТ БЛОКТОРУ

Заводдон пенополистиролдон же арболиттен блок түрүндө жасалат. Блоктор 2 катар (бет маңдай) бири-бири менен карматылып, ортосуна арматуралар бекитилет. Үстүнө цемент аралашмасы куюлат. Бул түрү чечилип алынбоочу опалубка деп аталат.

Баасы: 1 блогу – 60-70 сом

Артыкчылыктары:

  • Чоң блоктордон тургандыктан курулуш бат бүтөт.
  • Экологиялык жактан таза.
  • Жылуулукту жакшы кармайт.
  • “Дем алат”.
  • Өрткө туруктуу.
  • Цемент жакшы жабышат.

Кемчиликтери:

  • Пенополистирол күндөн жана сууктан бузула баштайт, андыктан андан жасалган имараттын бетин сөзсүз шыбаш керек.
  • Арболиттен жасалган түрү нымды тартып турат (курамында жыгач калдыктары бар).

Эскерте кетсек, курулушта өз колубуз менен жасап ала турган бир ыкма бар. Опалубкаларды коюп, ортосуна арматураларды бекитип, үстүнө цемент аралашмасын куябыз. Цемент аралашмасына пенополистирол шариктерин же жыгач калдыктарын кошсо да болот. Цемент каткандан кийин опалубкалар алынып салынат.

ПОЛИСТИРОЛБЕТОН

Курамы цементтен, полистирол гранулдарынан жана химиялык кошулмалардан турат. Андыктан полистиролбетон аталат. Жеңил бетон түрүнө кирет. Блок түрүндө чыгарылат.

Аталган курамдагыларды сатып алып, аралаштырып, жылуулоо үчүн жер тамдардын полун куйса болот. Чатырды жылуулоо үчүн да колдонулат.

Баасы: 1 блок – 70 сом жана андан жогору.

Артыкчылыктары:

  • Жеңил, блок болгондуктан бат тургузулат.
  • Жылуулукту жакшы кармайт.
  • “Дем алат”.
  • Нымдуулукка чыдамдуу.
  • Экологиялык жактан таза.
  • Жер титирөөгө туруктуу.
  • Цемент жакшы жабышат.

ЛЕГО КЫШТАРЫ

Бул кыштар балдардын лего конструкциясындай оңой колдонулат. Атайын адис болбосо деле адам дубалды өзү тургуза алат. Болгону кыштарды бири-бирине бириктирүү үчүн цемент эмес, курулуш клейи керектелет. Курамындагы негизги материал – бул топурак. Кошумча материалдар болуп цемент, акиташ, кум, топурак, керамзит, шагыл, шлак эсептелет. Көбүнчө кичи цехтерде станокто чыгарылат. Курамын ар ким ар кандай чыгарып жатат. Бирок курамы топурак жана цементтен, ошондой эле топурак, цемент, кумдан турган кыштар суроо-талапка көбүрөөк ээ. Анткени булар бекем, бышык болот. Кадимки бышкан кыштын өлчөмүндө чыгарылат.

Баасы: 1 даанасы – 3 сомдун тегерегинде.

Артыкчылыктары:

  • “Дем алат”.
  • Нымдуулукка чыдамдуу.
  • Экологиялык жактан таза.
  • Өрткө туруктуу.

Кемчиликтери:

  • Жылуулукту жакшы кармабайт. Андыктан үйдү жылытуу үчүн көп отун, көмүр керек.
  • Сырткы бетин сөзсүз жылуулаш керек.

КЕРАМЗИТОБЕТОН

Курамы цемент, керамзит куму, керамзит шагылынан (чоподон алынат) турат. Бул өлкөдө мурдагы жылдары өндүрүлгөн. Азыркы убакта өндүрүлбөй жатат. Керамзитти учурда бирин-серин адамдар гана буюртма менен алдырат.

Баасы: 1 блогу – 70 сомдун тегереги

Артыкчылыктары:

  • Бышык, бекем.
  • Экологиялык жактан таза.
  • “Дем алат”.
  • Нымга туруктуу.
  • Цемент жакшы жабышат.

Кемчиликтери:

  • Кымбаттыгы.

ТЕПЛОБЛОК

3 катмардан турган блок. 1-катмары керамзитобетон, 2-катмары пенополистирол (жылуулагыч катмар), 3-катмары сырткы декоративдүү катмар болуп эсептелет да түстүү керамзитобетондон турат. Башкача айтканда, дубалдын сыртын шыбап, жасалгалоонун кереги жок. Болгону цемент менен эмес, курулуш клейи менен жабыштырылат.

Баасы: 1 блок – 150 сом

Артыкчылыктары:

  • Блок болгондуктан имарат бат тургузулат.
  • Өрткө жана жер титирөөгө туруктуу.
  • Нымдуулукка чыдамдуу.
  • “Дем алат”.
  • Жылуулукту жакшы кармайт.

Кемчиликтери:

  • Баасы кымбат.
  • Биздин өлкөдө чыгарылбайт.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
PROS
2019-04-02 13:29:47
Политиролбетон менен тургузулган дубалга мык(дюбель-гвозди) кармабайт. Андыктан дубалга бир нерсе катыра турган болсоңор алдын ала пландап иш кылгыла!
+1
Flowhive
2019-04-03 21:20:34
PROS, өзүң практикалык жактан көрдүңбү, же [moderated]дан көрдүңбү
-1
ernist007
2019-04-05 20:44:40
админ
размерлерин кошо жазсанар жакшы болмок
+1
№ 856, 28-март - 3-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан