Дастан Бекешев, депутат: "ВРАЧТАР 386 БАЛАГА СПИД ЖУКТУРГАН". МАМЛЕКЕТ ЖООПКЕРЧИЛИК АЛАБЫ?

Ош облусунун Ноокат райондук, Ош облустук ооруканаларында медицина кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам балдарга ВИЧ-инфекциясы жуккан окуяны буга чейин да чагылдырып келдик. Бул балдардын ата-энелери Оштон Бишкекке бийлик өкүлдөрүнө арманын айтуу үчүн байма-бай каттап, бирок мамлекеттен эч кандай жардам ала албай жүрүшөт. Балдарын жөнөкөй сыркоолордон айыктырам деп ооруканага кайрылып, бирок ак халатчандардын колунан өмүр бою айыкпас ооруга кабылгандардын абалы оор. Бул окуяда врачтар эч кандай жазага тартылышкан эмес. Мамлекет жоопкерчилик албай кутулабы?

“МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖООПКЕРЧИЛИККЕ ТАРТЫЛГАН ЭМЕС”

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкуловдун берген маалыматы боюнча, врачтар жоопко тартылышкан эмес.

– 2008-жылдын 15-июнь күнү Ноокат райондук аймактык ооруканасынын 4 медициналык кызматкерине, Ош облустар аралык балдар клиникасынын 1 дарыгерине карата “өздөрүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбагандыктан ВИЧ-инфекциясын жугузуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул врачтардын туура эмес ишинен 15 жаш бала жана 4 эне жабыркаган. Аталган иш 2011-жылдын 20-май күнү Ноокат райондук сотунун өндүрүшүнө алынган. 2011-жылдын 11-ноябрь күнү бул иш боюнча Ноокат райондук сотунун өкүмү чыккан. Өкүм боюнча кылмыш жасады деп айыпталган соттолуучулар А.А.С., Т.Э.Т., Э.М.М., Э.А.К. жана К.Рди жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу алар жазадан бошотулуп, жазык иши өндүрүштөн кыскартылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 117-беренеси (ВИЧ-инфекциясын жуктуруу) боюнча медицина кызматкери ВИЧ-инфекциясын башка адамга жуктурганда 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Бул кылмыштын аракеттери анча оор эмес кылмыштардын курамына киргендиктен 3 жыл убакыт өткөндөн кийин кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү эскирет.

Жабырлануучулар Ош облустук сотуна жана Жогорку Сотко апелляциялык тартипте даттанышып, өкүм өзгөртүүсүз калтырылган.

“ВИЧке КАБЫЛГАН БАЛДАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕРИНЕ 100 МИҢ СОМДОН КОМПЕНСАЦИЯ ТӨЛӨП БЕРҮҮ БОЮНЧА МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН СУНУШТАП ЖАТАМ”

ВИЧ-инфекциясына кабылган 2 жашка чейинки балдар майып болуп саналат. Мамлекеттик жөлөк пул жарандарга статусу катталган учурдан баштап төлөнөт. Эгер илдет апасынан баласына жукса, ал балага 18 жашка чейин гана жөлөк пул берилет. Мыйзамга ылайык, ВИЧ-инфекциясына кабылган баланы караган адам жөлөк пул албайт. 14 жашка чейинки илдетке кабылган баланы ооруканада алып жаткан учурда гана ата-эне же аны багып жаткан башка адам убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөк пул ала алат. Жөлөк пул ал адам кызмат адамы болгон учурда гана берилет. Бирок балдарын караган апалардын көбү үй кожойкелери. Алар мындай жардамды ала алышпайт.

"ВИЧ/СПИД жөнүндөгү" мыйзамда медициналык кызматкерлердин айынан жарандарга аталган илдет жуккан учурда мамлекеттин жоопкерчилиги көрсөтүлгөн эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке сунуштап жатат. Эл өкүлү ВИЧ-инфекциясына кабылгандарга жакшы көңүл бурулбай жаткандыгын белгилейт.

– Чындыгында, ВИЧке кабылгандарга жетиштүү көңүл бөлүнбөй жатат. Мен «ВИЧ/СПИД жөнүндөгү мыйзамга» өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, март айында Жогорку Кеңешке сунуштадым. Анда мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо мекемелерден парентералдык (ийне жана ингаляция жолу менен дарылоо) жол менен ВИЧ/СПИДге чалдыккан балдардын ата-энелерине акчалай компенсация төлөө каралган. Ата-энелерге жок дегенде 100 миң сомдон берилсин деп сунуштап жатам. Ооба, ал акча аз. Адамдын ден соолугун, жашоосун 100 миң сомго баалай албайбыз. Бирок бюджетибизге жараша аракет кылышыбыз керек. Бир жагынан алып караганда, эгер мамлекет бул балдарга миллион же 5 миллион төлөп берчү болсо, анда балага дартты атайын жуктурган учурлар катталабы деген коркунуч бар. Маселени ар тараптуу караш керек.

ВИЧ/СПИДдин кайдан жуккандыгын далилдөө оор болгондуктан медицина кызматкерин жоопкерчиликке тартууда маселе жаралышы мүмкүн. Бирок аталган окуяда мамлекет унчукпай карап турбашы керек. Бул ата-энелер мага да кайрылып жардам сурап калышат. Ооба, жөлөк пул боюнча маселе көтөрүлүшү керек. Вертикалдык (оорунун энеден балага жугуусу) жол менен жуккан балдарга 18 жашка чыккандан кийин жөлөк пул төлөнбөйт. Бул маселени карап, 18 жаштан кийин да жөлөк пул менен камсыз кылуу чечимин чыгарууга аракет кылышыбыз керек. Ал эми бул балдарды окутууга жардам берели десек, мында да маселе жаралып жатат. Мисалы, ал балдарга ЖОЖдордо окуу боюнча квота бөлүнүп берилсе, алар оорусун тастыктаган документ тапшырышы керек болот. Ал эми мыйзамда бул жарандардын статусу жашыруун сакталышы керектиги жазылган. Ушул маселени кантип чечсе болот, билбейм. Ачыгын айтканда, турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекетте мүмкүнчүлүк жок. Азыр өлкө боюнча медициналык кызматкерлердин шалаакылыгынан ВИЧ жуктурган балдардын саны – 386. Анын баарына үй куруу же бекер үй берүү оңой иш эмес.

“МАМЛЕКЕТ ШАЛААКЫ ДАРЫГЕРЛЕРДИ МЕДИЦИНАГА ЖОЛОТПООГО ЧАРА КӨРҮШҮ КЕРЕК”

Аталган окуя катталган кезде акыйкатчылык милдетти аткарган, учурда Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгресстин координатору Турсунбек Акун бул маселе менен жакшы тааныш. Ал ошол кезде жабырлануучулардын маселесин көтөрүүгө жардам берген.

– Бул иште балдарга оору жуктурган мамлекет толугу менен күнөөлүү. Ошондуктан өкмөт бул жарандарга жардам бериши керек. Мен омбудсмен болуп турган кезде кийлигишип жүрүп, ошол кездеги парламенттин спикери Акматбек Келдибеков жардам берип, парламент колдоп, 10дон ашык балага Оштон үй алып бергенбиз. Билишимче, анда 20дан ашык балага оору жуккан. Ошол кезде ооруканадан ВИЧ жуктуруп алган балдар бойго жетип, үй-бүлөлүү, балалуу болгону турушат. Өкүнүчтүүсү, бул оору балдарына да жугушу мүмкүн. Кандай жардам берсе болот? Мамлекеттик, коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардын, балдар уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттерден түзүлгөн атайын комиссия түзүлүп, комиссиянын негизинде чечим чыгарып, өкмөт аны карашы керек. Жардам берүүнүн жолун ойлонуу керек. Балким, жеңилдетилген насыя берүү жолун карайбыз. Бул иште жардам берүүгө жалгыз өкмөт эмес, коомчулук да аралашса жакшы болмок деп ойлойм. Мисалы, Дача-СУдагы окуяда карапайым калк акча чогултуп беришпеди беле. Ошол сыяктуу ВИЧ жуккан балдарга акча чогултсак болот. Мамлекет дегенибиз менен, бул жаман окуя 1-2 врачтын туура эмес аракетинен улам катталды. Дарыгерлер тийиштүү жазасын алышсын. Мамлекет болсо мындан кийин ал врачтарды медицина тармагына жакындатпоого чара көрүшү керек.

“ЗЫЯНДЫ ӨНДҮРҮП АЛУУ БОЮНЧА ВРАЧТАРДЫ СОТКО БЕРСЕ БОЛОТ”

Бул учурда жабырлануучулар кандай аракет кылса болот? Бул тууралуу юрист Адилет Мерканов жооп берди:

– Бул иш боюнча жабырлануучулар Жарандык кодекстин негизинде моралдык жана материалдык зыянды өндүрүү боюнча дарыгерлерди жана Саламаттыкты сактоо министрлигин сотко бере алышат. Доо арызга дарыгерлердин үстүнөн кылмыш иши козголгондугу боюнча документтерди тиркеп коюу керек. Буга чейин моралдык, материалдык зыян өндүрүү боюнча доо арыз менен кайрылган адам канча зыян өндүрүүнү кааласа, ал сумманын 10 пайызын мамлекетке салык катары төлөшү керек болчу. Ушул жылдын 16-апрелинен тартып доо арыз менен кайрылгандыгы үчүн жарандар мамлекетке 1000 сом төлөшөт.

Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренесине (Материалдык залалдын ордун толтуруу жана моралдык зыянды компенсациялоо) ылайык, материалдык, моралдык зыян жаран соттолбосо да, жоопкерчиликтен бошотулса да өндүрүлөрү жазылган. Моралдык зыян зыяндын оордугуна жараша эсептик көрсөткүчтүн 50 эседен 1000 эсеге чейинки өлчөмүндө дайындалат жана бул беренени колдонууда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт деп жазылган. Демек, кайсы учурда болсо да моралдык, материалдык зыянды өндүрүп алуу боюнча сотко кайрылууга болот. Бул окуяда Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери кылмыш кылып жаткандыктан, министрликти сотко берсе, министрлик соттун чечими менен ар бир адамга моралдык, материалдык зыянды төлөп берүүгө аргасыз болушу толук мүмкүн.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан