Жалгыз бой эне: «КЫЗЫМ МЭЭСИНЕН РАК БОЛУП КАЛДЫ. АТАСЫ КАРАБАЙ КЕТТИ»

4 жарым жашар Кызгалдак Садыралиеванын мээсинде рак шишиги бар. Наристе бешиктен бели чыга элек жатып 2 операцияны, жан чыдаткыс оору менен уйкусуз түндөрдү башынан өткөргөн. 2 жылдан бери Кызгалдактын апасы Гүлзат Эгембердиева кызынын өмүрү үчүн күрөшүп келет. Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылынан келген жалгыз бой эненин көйгөйүн уктук.

“АЛГАЧ МЕНИНГИТ ДЕП ДИАГНОЗ КОЮШКАН”

– Менин жашоомдогу кайгылуу күндөр 2016-жылы башталды. Алгач апам өтүп кетти. Андан 2 айдан кийин жолдошум экөөбүз ажыраштык. 2 кызымды алып Чоң-Алайдагы атамдын үйүнө бардым. Азаптын баары кызым ооруганда башталды. Тун кызым Кызгалдак Садыралиева 2014-жылы төрөлгөн. 2 жашында дене табы көтөрүлүп, кусуп, башы ооруп, башын көтөрө албай жатып калды. Чоң-Алайдагы ооруканага алып барсам, менингит деп дарылашты. Жылыш болгон жок. Анан Ош облустук ооруканасына которушту. Ал жактан сасык тумоо өтүшүп кетип нейротоксикоз болуп калган деп күчтүү дарылар менен дарылашты. УЗИ, рентгенге тартып, башында суу бар дешти. 5 күн ийне сайышты, ал таасир берген жок. Контраст менен томографияга тарттырсак, каракуш мээнин ичинде шишик бар экени белгилүү болду. Бишкекке келип, Энени жана баланы коргоо борборунда 2016-жылы кызыма операция жасаттым. Операция бекер экен. Бирок элдин баары өз көңүлүнөн чыгарып врачтарга, анестезиологго, асисстенттерге акча беришет экен. Мен да врачтан башкасына бердим. Врачка абалымды айтсам түшүндү.

“ООРУКАНАДА 6 АЙ ЖАТТЫК”

– Кызымдын башындагы шишикти гистологиялык изилдөөгө жиберишти. Ал жерден анапластическая эпендимома деген диагноз чыкты. Бул 3-даражадагы залалдуу рак шишиги дегендик. Операциядан кийин онкологиялык ооруканада 6 ай жаттык. Ооруканада жата берип түрмөгө түшкөндөй эле жинди болуп кетейин дедим. Нур терапиясын, химиотерапия алдык. Кызымдын бети кыйшайып, буту баспай калды. Бул учурда бизге кымбат дарыларды “Помогать легко” коомдук фонду алып берди. Мындан тышкары, атам, бир туугандарым, классташ, кесиптештерим жардам беришти. Кызыма майыптыгы боюнча 4 миң сом пенсия алып жатабыз. Ооруканадан чыккандан кийин дагы 20 күн эс алып, кайра 10-20 күн жатып дарыланып жаттык. 3 айда бир томографияга түшүп, шишиктин өскөн-өспөгөнүн текшерип турушубуз керек. Аз убакыттан кийин эле шишик өсүп кетти. Кызымдын абалы начарлап кайра онкологиялык борборго жатып, химиотерапия алдык. Бирок шишик өсүп кеткенде ал жардам бере албайт экен. Кызым башын көтөрө албай титиреп жатканда өлүп калат экен деп корктум. “Ушундай учурда аракет кылбай отура бересиңерби? Жардам бербейсиңерби. Кызым өлүп калса, “Колдон келген жардамды бердик, Кудайдан” деп кутулабыз баарыбыз. Андан көрө баланын өмүрүн сактап калууга аракет кылалы” деп врачтар менен уруштум. Кызымдын абалы начарлай бергенинен кайра операция жасаттык. Шишиги кичирейсе бир аз жеңилдеп калабы деп ойлодум.

“ЖОЛДОШУМДАН КӨҢҮЛҮМ КАЛДЫ”

– Кызым атасын тааныбай калган. Ошондуктан эркектерди көрсө эле ата дей берчү. Атасы болсо кызымдын ооруп калганына мени күнөөлөчү. Өзү кызы ооруп баштаганда, менин номеримди кара тизмеге киргизип койгон. Экинчи кызымды карап тургула деп таштасам, 2 айдан кийин “көнбөй койду, алып кет” деп улам чала беришкенинен алып кетип, эжеме бердим.

2-ирет операция болордо атасын чакырдым. “Бала керек болсо, кел. Кийин мени күнөөлөбө. Келбесең, сотко берем. Кызыңдан биротоло баш тартасың. Кыз каза болсо да, айыгып кийин кыйын кыз болсо да менин кызым деп айтпай турган болосуң” дедим. Кайненем экөө келишти. 2 күн жүрүп кайра кетишти. Кеткенден кийин да чалып, кызы менен сүйлөшүп турду. Жүрөгүнө мээрим орногон экен деп, жакшыны үмүт кылып, жарашуу тууралуу ойлонуп калган элем. Бирок аз убакыттан кийин кайра эле кайненем экөө тең чалсам албай, телефонду өчүрүп салышты. Ал адамдан ушунчалык көңүлүм калды. Кызым ооруганда бир жылда ашып кетсе 30 миң сом бергенге жарады. Ал эми кызымдын бир жолу контраст менен томографияга түшкөнүнө 10 миң сомдун тегерегиндеги каражат кетип жатты.

“КЫЗЫМ АЗ ДА БОЛСО ЭС АЛСЫН ДЕП БАҢГИЗАТЫН САЙГАНГА УРУКСАТ БЕРДИМ”

– 2-операциядан кийин кызым өзүнө келе албай, жасалма дем алдыруучу аппарат менен 6 сутка жандандыруу бөлүмүндө жатты. 6 күндөн кийин өзү ойгонуп, дем алып, сүйлөп, тамак жеп калды. Бирок ыйлаганы басылган жок. Ыйлаганын уксам кулагымды бекем жаап качып кетким келген абалга жеттим. Улам оору басуучу дары сайдырам. Биринчи операцияга чейин эле ушинтип уктабай ыйлай бергенинен аз да болсо ооруну сезбей уктап эс алсын деп баңгизатын сайганга уруксат бергем. Бул ирет да сайдырдым.

Азыр тамак жеп, отуруп, басып жүрөт. Башында 5 миллиметрдик шишик бар. Химиотерапия шишикти өстүрбөй кармап турганга гана жардам берет. Шишикти алуу боюнча Индияда жакшы операция жасалат экен. Ал жактан операция кылдырууга бул жактагы врачтар сүйлөшүп беришти. Ортолорунда келишим бар окшойт, арзандатып операцияны 7500 долларга жасап беришет экен. Бирок кошумча оору чыгып калса, кошумча анализдерин өзүм төлөшүм керек болот экен. Аябай көп акча кетет окшойт. Ошол үчүн элден жардам суроого мажбурмун.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Nurkyz1977
2019-04-08 13:14:38
Журокту ооруткан жагдай экен,жакшы болуп сакайып кеткиле. Бул да болсо Жараткандын берген сыноосу,сыноого сынбай сабырдуу бол. Жакшы кундор али алдыда. Жашында берсин мээнетти,карыганда берсин доолоту,дегендей мындан наркы жашоон бактылуу кундор менен коштолсун.
+16
Shaa-82
2019-04-08 14:24:07
Аллахым бейкуноо балапандарыбызды озун сакта! Аллахым куч кубат берсин, шыпаасын берсин!
+11
jai
2019-04-08 19:00:12
Жардам кылалы туугандар. Админ:элсом ачтырып,ишеничтуу кишилерге,юристтерге каратып каражат чогултуп бергиле. 1 кызы тууганында ,1 ооруканада экен,жрк дегенде счетун козомолдоп,жардам кылгыла. Кола менен колбаса же пиво менен арака 200сом кетиргенче,келгиле жардам кылалы. Наристенин келечегин 10000 доллар чечкени жатса,колдоп жиберели!
+7
raykray
2019-04-08 20:11:24
Кантип жардам берсек болот?
+3
rahali
2019-04-08 21:19:10
Эркектер аялчалык эркинер сабырынар жокпу,суйлогондо укмуш чыгышат ана
+11
PeriMuz
2019-04-09 10:29:13
Жардам берүүнү каалагандар үчүн Элсом: 0776 36 60 02
+2
Mystery
2019-04-09 11:49:28
Апасынын номерин жазып калтырынызчы
0
Baiana2017
2019-04-09 14:30:15
Кудай сактасын.шыпаасын берсин.наристелерибиз эч качан оорубасын.
+1
Jyna
2019-04-12 17:25:04
Сбербанк картасы болсот номерин же апасынын телефон номерин жазсаңарго бир аз болсо да жардам бермекпиз.
0
Jyna
2019-04-12 17:28:42
Бей күнөө бөбөктөрдү Кудай өзү сактасын. Көрбөгөндөй болуп айыгып кетсин. Эл катары чуркап ойноп калсын. Алдыда жакшы күндөргө туш кылсын Кудайым.
+1
Eli.91
2019-04-14 17:23:19
Куйосу эр болбой олсун акмак,ушунчалык дагы мээримсиз болобу?Бала дегенде канчасы ак эткенден так этип журот акмак ал эми буга кар болуп атат.Аллах корсотот жолдошунарга.Ал эми кызынар Аллахтын кудурети чексиз шыфаасын берсин.Элчилик копчулук дегендей чогулуп калаар.
0
№ 857, 4-10-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан