Динара Аляева: «ХОСПИСТИ АЧУУГА РАК МЕНЕН ООРУГАН БАЛА СЕБЕПКЕР БОЛГОН»

Динара Аляева менен маектешүү үчүн “Биринчи балдар хосписине” баш бактык. Кыргызстандын тарыхында биринчи болуп балдар хосписин ачып, кайрымдуулук фондунун ишин да аркалап жаны тынбаган айым бизге кызыктуу маек куруп берди.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

  • Туулган жылы, күнү, айы – 1977-жыл, 1-июнь
  • Туулган жери – Ак-Суу районунун Ак-Суу айылы
  • Кесиби – Ысык-Көл мамлекеттик университетинин социалдык экономикалык факультетин аяктаган
  • Учурда – “Помогать легко” коомдук фондунун аткаруучу директору жана “Биринчи балдар хосписи” коомдук кайрымдуулук фондунун уюштуруучусу

“АВТОБУС АЙДАГАН АТАМДЫН НОМЕР БИРИНЧИ ЖҮРГҮНЧҮСҮ ЭЛЕМ"

– Менин балалык кезим Ысык-Көлдүн Теплоключенка айылында өттү. 8 бир тууганбыз. Кичинемде атам айдоочу, апам ашпозчу болуп иштечү. Атам Союз кезинде чыгарылган сары ПАЗ автобусу менен эл ташычу. Мен эс тарткыча атамдын №1 жүргүнчүсү болуп жүрдүм. Анткени андан калбай ээрчийм, ал менин көңүлүмдү кыйбай салып алат. Салбай койсо ыйлайм. Автобустун айдоочу менен жүргүнчүлөрдүн ортосун бөлүп турган томпок бөлүгү бар, ошол жерге төшөк салып коюшат, мен отуруп алам. Колумда оюнчук, же токоч, же момпосуй болот. Чарчаганымда уктап калам. Жайында автобустун ичи ысык, тердейм. Тоголонуп түшпөсүн деп атам алдына алып автобус айдаган күндөрү болду.

Ата-энем балдарын башкалардан кем кылбай чоңойтолу деп абдан мээнеттеништи. 8 баланы кийинтүү, ичирип-жегизүү, мектепке окуу куралдарын алып берүү керек. Апам ашпозчу болгондуктан бош убактысында бизге түрлөп тамак жасап берчү. Мектепте орус класста жакшы окудум. Зээндүү элем. Сабакта мугалимдердин айткандарын дароо жаттап калууга тырышып, үй тапшырмасын оңой аткарып салчумун. Өтө бейбаштык деле кылган жокмун. Жогору класста окуп калганымда келечекте врач болууну чечип, кийин медициналык институтта окуп калсам керек болот деп химия, биология сабактарын жакшы окудум. Ал сабактар боюнча өткөн райондук, облустук олимпиадаларга катышып, орундарга ээ болуп жүрдүм.

“ҮЙДӨГҮЛӨР ЖАЛГЫЗ УЙДУ САТЫП ОКУУГА ӨТКӨРҮШТҮ”

– Тилекке каршы, врач болуу максатым ишке ашкан жок.

Мектепти бүткөн жылы окууга өтпөй калдым. Аттестатымда бир эле“4”, башкасы “5” болсо да өтпөй калдым. Кийинки жылы ата-энем кызыбыз окубай калбасын деп окууга өткөргөнгө акча издей башташты. Апам туугандардын баарын кыдырып чыгып, акча тапкан жок. Аягында жалгыз уйду сатып, тууганыбыз өзү да акча кошуп жатып мени Ысык-Көл мамлекеттик университетинин социалдык жана экономикалык бөлүмүнө өткөрүштү. Ал кезде окуу жайда акча менен өткөрүү адат болуп калган окшобойбу.

Студенттик кезде мени тажрыйба алууга Караколдогу “Лидер” бейөкмөт уюмуна жиберишти. “Лидер” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жайкы лагерь уюштурчу. Лагерде иштеп жүрүп, мен оорусу менен өз алдынча күрөшө албай турган балдарга жардам керек экендигин туйдум.

Окууну бүткөн соң 1 жыл адамдын укугу жана политология боюнча мугалим болуп иштедим.

“ЛОНДОНДО ЖҮРҮП, БАЛДАР ҮЙҮНӨ ЖАРДАМ УЮШТУРДУМ”

– 2006-жылдары англис тилин окуу мүмкүнчүлүгү болуп, Лондонго кеттим. Анда 4 жыл окуп жана иштеп жүрдүм. Ал жактан чет өлкөлүктөр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жакшы жардам көрсөтөрүн билдим. Мен да Ак-Суудагы балдар үйүнө жардам керек экендигин айттым эле, чогуу иштегендер мени колдошуп, түрдүү кийимдерди, Жаңы жылга белектерди чогултушту. Жыйынтыгында аларды Ак-Суудагы балдар үйүнө жибердик. Үйгө кайткычакты ал акцияны дагы бир жолу уюштурдук.

2010-жылы “Пекин-Париж” автораллиси өттү. Мен иштеп жаткан мекеме, анын ичинде мен башкарган бөлүм да авторалли боюнча атайын долбоорду аткарды. Биз автораллинин катышуучулары менен таанышып, достошуп кеттик. Алар менден Ак-Суудагы балдар үйүнө жардам керек экендигин билип, 3000 фунт каражат топтоп беришти. 2014-жылы негизги ишимден тышкары Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө волонтёр болуп да барып жүрдүм. Волонтёрлук абдан көп убакытты алгандыктан, же кесибимди, же волонтёрлукту тандоо керек болду. Мен экинчисин тандадым. Ошондон көп өтпөй “Помогать легко” коомдук фондун ачтым.

Андан 2 жыл өткөн соң “Балдар хосписин” ачтым.

“БЕЙТАП БАЛДАР КӨЗ ЖУМУП КЕТКЕНДЕ ЫЙЛАГАН КҮНДӨР БОЛДУ”

– Хоспистин ачылышына онкологияда волонтёр болуп жүргөнүмдө рак менен ооруган балдарды врачтар дарылап, бирок аны жеңе албагандан кийин үйүнө чыгарып жиберишкени себеп болгон. Бир жолу балдар бөлүмүнө барсам күндө көрүп, сүйлөшүп жүргөн бала жок. Ал тамактын рак оорусу менен ооругандыктан акырында эч нерсе жей да, дем ала албай да калган. Аны Нарынга үйүнө жиберип салышыптыр. Муну угуп нес болуп калдым. Бала медициналык жардам жок кыйналып көз жумат да? Врачтар анын карточкасын алды да, архивге өткөрүп салышты. Ошону менен медицина, врачтар үчүн ал баланын жашоосу бүттү болуп саналды. Бирок бала али тирүү! Өлкөнүн ар бир жараны мыйзам боюнча да өмүрүнүн акырында кыйналбай өлүүгө укугу бар. Жашоосу бүтүп бараткан баласынын азабы менен алышып ата-энеси гана калыш керекпи? Ушул окуя мага катуу таасир этип, рак жана чанда кездешүүчү оорулар менен ооруган балдарга паллиативдүү жардам көрсөтүүчү хоспис ачууну максат кылдым. Алгач хоспис ачканда хоспис эмне иш аткарарын да толук билчү эмеспиз. Алгачкы жамаатта врачтар да жок болчу. Медайымдарды жалдадык. Ошентип баарын нөлдөн баштадык. Азыркы учурда кызматкерлерибиз ишине жараша атайын окуулардан өткөн.

Башында бейтап балдар биздин көз алдыбызда көз жумуп кеткенде эмоцияга алдырып, ыйлаган күндөр болду. Бирок бара-бара өзүбүздү колго алып, токтоо болууга үйрөндүк. Чанда кездешчү оору менен ооругандар келсе, андай ооруга эмне дарылар керек экендигин билиш үчүн чет элдик врачтарга чейин чалып сурап, көп нерсени билип жатабыз. Баягы окуучулук кезде врач болууну кыялдансам, эми медицина тармагында иштеп калдым.

“ЖҮРӨК ӨЙҮТКӨН МАСЕЛЕЛЕРДИН БИРИ...”

– Башында жумушка убактымдын баарын кетирип, балама, туугандарга убакыт таппай кала турган болсом, бара-бара баарын пландап, иштерди убагында бүтүрүп, балама да убакыт тапканга жетишип калдым.

2014-жылдан бери Саламаттыкты сактоо министрлигине айтып, өлкөдөгү чанда кездешкен оорулар жана аны менен ооругандардын тизмесин түздүрө албай келебиз. Андай тизме болгон эмес экен. Тизме жок биз кайсы аймактагы кайсы оору менен ооруган балага эмне дары, эмне жардам керек экендигин биле албай жатабыз.

Айыккыс оору менен ооруган эс тартып калган балдар апасы неге күндө ыйлаарын, достору неге келбей калышканын түшүнөт. Алар дарыланууга да баш тартпай барышат. Мына ушундай балдардан мамлекет, ар бир атуул жардамдарын аяшпаса. Менин жасаган эмгегим тамчы болсо, аны деңизге айлантуу элдин колунда.

"Уулум менен табият коюнунда эс алууда".
"Хоспис оорукчан балдарга жардам берип жатканы мен үчүн кубаныч".

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Aruujanshaxi
2019-04-15 12:53:03
Бар болуңуз эжеке! Өмүрүңүз узун, ден-соолугуңуз чың болсун ар дайым!
+8
tattusha
2019-04-16 13:21:57
Сизге чоон рахмат!!! Ушундай адамдар бер экени кубандырат
+1
Eli.91
2019-04-16 19:23:51
Аллахым оор айыкпас дарттан озу сактасын.Чондорубузда ушундай ойлоп иш кылганда балким Кыргызстан эн бай олколордун бирине кошулуп калды беле.
+1
Missing-u
2019-04-16 23:32:42
Ишинизге ийгилик эже!!! Омурунуз узун болсун,сиздей адамдар коп болсун. Кудай озу кечирсин бирок кечке мечит куруп,мечитке деп коп жардамдар берилет ошолорду ушундай иштерге жумшасак сообу 2 эсе болсо керек...Башка шаарларгада филиалдары ачылса сонун болмок
+2
katerina.li
2019-04-17 15:05:51
Ишинизге ийгилик. Козумо жаш алдым окуп алып.
0
kadam
2019-04-22 09:04:57
Азамат кыз. Боорукерлиги, адамгерчилиги мыкты кыздардын бири. Айтканга оңой болгону м-н баласынын оорусу м-н алпурушуп жүрүп, ата-эне да аябай чарчайт. Аларга моралдык колдоо, психологиялык жардам берип, Өмүр м-н өлүмдүн ортосунда жаткан оор ахвалдагы балдарга жылуу сөз айтып, мээрим төгүп узатыш ар кимдин эле колунан келе бербейт.
0
№ 858, 11-17-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан