ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН АТАСЫ КАЗА БОЛУП, АПАСЫ МЕНЕН 4 НАРИСТЕ ООРУКАНАДА

Жаш үй-бүлө ата-энесине барып, кайра капарсыз кайтып келе жаткан жолдо жашоолору чукул өзгөрүп кетерин такыр ойлошпосо керек. 8-апрель күнү таңкы саат 4төр чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда Токмок шаарына жакын жерде жол кырсыгы болду. Анда чыгыштан батышты карай бараткан Тойота Авенсис унаасынын айдоочусу унааны башкара албай, теректи сүзүп, унаа оодарылып кеткен. Айдоочу кырсык болгон жерден каза болгон. Анын жубайы, 4 баласы жаракат алып, ооруканага түштү. Наристелердин кичүүсү 8 айлык.


«БАЛДАР ТУШ ТАРАПКА ЧАЧЫРАП КЕТИПТИР ДЕП АЙТЫШТЫ»

Жол кырсыктан Айжан Токтоболотованын күйөө баласы каза болду. Неберелерин ооруканада алып жаткан таененин өзүнүн абалы да жакшы эмес. Ал кызы менен наристелердин мындан аркы тагдырын ойлоп бушайман.

– Кызым Айпери Шаикова менен күйөө балам Манас Дайырбеков Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында эки башка мектептерде окушкан. Экөө тең 1989-жылы туулган. Алар сүйлөшүп жүрүп, 2011-жылы баш кошушкан. 5 балалуу болгондон кийин деле бири-бирине сый менен кайрылышып, бири-бирин аябай сүйүшчү. Бири жок болсо, экинчиси жай алып тура алчу эмес. Ошол себептүү кызыма жолдошунун каза болгону тууралуу айта албай кыйналдык. Күйөө балам ичпеген, чекпеген, жакшы бала болчу. Арты кайрылуу болсун. Мен балдарды карап аны акыркы сапарга узатууга да катыша албай калдым.
Айпери менен Манас 4 кыз, 1 уулдуу болушту. Кызымдын удаа боюнда болуп калгандыктан жардам болсун деп улуу кызын 8 айынан баштап мен бактым. Ал 6 жашта, даярдоочу класста окуйт. Айпери 4 баласы, күйөөсү болуп Бишкекте батирде жашашчу. Күйөөсү курулушта иштечү, кызым балдары менен үйдө отурчу.
Каргашалуу окуя 7-апрелден 8ине караган түнү болду. Кызым үй-бүлөсү менен Балыкчыга барып, 1-2 күн жүрүп, күйөө баланын ата-энесиникине, биздикине келип кызы менен көрүшүп, досторуна жолугуп, 7-апрелде кечинде жолго чыгышкан. Эмнегедир дайыма жолго кечинде чыгышчу. Аларды «түндө жүрбөй, күндүз жолго чыкпайсыңарбы» деп урушуп калчубуз. Күйөө балам бул ирет да «Апа, мен саатына 60 чакырым ылдамдык менен айдайм. Коркпогула, баары жакшы болот, буюрса» деп кечке маал жолго чыгып кетишкен. Анан эле түнкү саат 3төрдө жолдошума милиция кызматкерлери чалып, кырсык болгонун, кыздарымды Токмоктогу ооруканага алып кетишкенин айтышты. Келсек, күйөө балам өтүп кетиптир. Кырсык кандай болгонун билбейм. «Унаа талды сүзүп, ала салып, балдар туш тарапка чачырап кетишиптир» деп айтышты. Кызымды врачтар «араң сактап калдык» дешти. Анын боору, көк боору жарылып, кабыргалары сынып кетиптир. Кызымдын абалы азыр бир аз жакшырды. Аздан басып жатат. Неберелеримдин абалы оор деп Токмоктун ооруканасынан Бишкектеги 3-балдар ооруканасына которушкан.


«8 АЙЛЫК НЕБЕРЕМ ЭМЧЕК СУРАП ЫЙЛАГАНДА ЭСИМДИ ЖОГОТУП КОЙДУМ»
– Балдар мага жакын болгондуктан алар менен ооруканада жатам. 5, 4, 2 жаштардагы кыздар жана 8 айлык эркек бала. Балдар азыр тамак жеп, сүйлөп, ойноп, бир аз жакшы болуп калышты. Баарынын буттары гипсте. 8 айлык неберемдин колу, кабыргасы сыныптыр. Колу гипсте, өпкөсүнө түтүк коюшту. Ал эмчектеги бала. Башында жандандыруу бөлүмүндө эмчек сурап оорукананы жаңыртып ыйлап жатты. Бир ирет жандандыруу бөлүмүнө барып, анын көгөргөнгө чейин ыйлап жатканын көрүп өзүмдү жоготуп коюптурмун. Турсам, мага нашатыр спиртин жыттатып жатышкан экен. Андан кийин жүрөгүм чыдабай жандандыруу бөлүмүнө бара албай койдум. Бала азыр палатага которулду.
Жакшынакай жашап жүргөн балдарымдын тынч жашоосун бир заматта кырсык талкалады. Эми булардын келечеги кандай болот? Кызым жалгыз 5 баласы менен кандай жашоо өткөрөт? Тамак-ашы, дарыларына каражат керек болот. Аны кайдан алабыз? Бул суроолор тынчтык бербей жатат. Менин да абалым азыр жакшы эмес. Силерге айтып берип жатып башым ооруп чыкты, кан басымым көтөрүлүп кетти окшойт. Балдарымдын абалын көрүп жүрөгүм ооруп, өзүмдү коёрго жер таппай жүрөм. Учурда жардамга муктажбыз.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Shaa-82
2019-04-22 15:28:01
Эхх Аллахым боодо кырсыктан озун сактачы! Шыпаасын берип айыгып кетишсин, байкуш келинге сабыр берсин Аллахым! Куйоосунун жаткан жери жайлуу болсун!
+10
Samieva8890
2019-04-22 21:35:12
Оо Алла баарына сабыр бер. Балдары айыгып кетишсин. Жайы жаннатта болсун
+7
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан