ЖАШЫЛЧАГА ПАЙДАЛУУ «КОҢШУЛАР»

Жашылчалардан мол түшүм алуунун бир сыры – кайсы жашылчанын жанына кайсынысын отургузууну билүү керек. Туура эмес коңшудан жашылча жакшы түшүм бербей калуусу мүмкүн. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз улуттук агрардык университетинин өсүмдүктөрдү өстүрүүчүлүк жана коргоо кафедрасынын доценти Кызайым Эргешова бермекчи.


ЖАШЫЛЧА ЖАКШЫ ӨСҮШ ҮЧҮН
АГА ТУУРА «КОҢШУ» ТАНДАҢЫЗ
Ар бир адам жашылчаларды тигүүдөн мурда кайсы жашылчанын жанына эмнени тиксем мол түшүм алам деп ойлонушу зарыл. Башкача айтканда, жашылчага жакшы коңшу тандоо керек. Мунун себептери төмөнкүлөр:

  • Жашылчалар башка өсүмдүктөр сыяктуу эле өзүнө таандык жытка ээ жана чөйрөгө (абага, топуракка) биологиялык активдүү заттарды-фитонциддерди (зыянкеч курт-кумурскалардан, зыяндуу микроорганизмдерден коргоочу) бөлүп чыгарып турат. Бир жашылчанын жыты жана ал бөлүп чыгарган фитонцидден жашылчанын бир түрү жакшы өссө, башка түрү жакшы өспөй калат.
  • Жашылчалар урууларга бөлүнөт. Бир урууга кирген жашылчаларды катарынан тиксе, алардын зыянкечтери жана оорулары бир болгондуктан, алар көбөйүп кетип, түшүм аз болуп калат. Капуста уруусуна – ак кочан капуста, брокколи, пекин капустасы, түстүү капуста, чамгыр, түрп, шалгам, ит жүзүм уруусуна – помидор, болгар калемпири, баклажан, шакардуулар уруусуна – ашкана кызылчасы, шпинат, чанактуулар уруусуна – буурчак, пияз уруусуна – пияз түрлөрү (шалот, шинит, порей), сарымсак, жусай, тулаңөөдө чөп) уруусуна – жүгөрү сорттору, ашкабак уруусуна – бадыраң, патиссон, кабак, коон, дарбыз, ашкабак кирет.
  • «Жаман коңшу» топурактагы минералдык заттарды өзүнө көп соруп алгандыктан жанындагы жашылчанын түшүмү начар болуп калат. Же сууну көп ичпеген жашылчанын жанына сууну көп талап кылган жашылчаны өстүрсө, нымдын көптүгүнөн грибок оорусуна чалдыгат.

Кыскасы, туура тандалган "коңшулардан" биринин жытынан экинчисине зыянкечтер келбейт, биринин көлөкөсүнө экинчиси өсүп, ным менен камсыз болот.
Мисалы, капустанын жөөгүнүн жанына помидордун жөөгүн же бир эле жөөккө 1 капуста 1 помидор кылып аралаштырып тиксе болот. Помидордун жытынан капустага зыянкечи (капуста бити) келбейт. Же бир эле жөөккө 1 капуста, 1 картошка кылып аралаштырып тиксе, капустанын чоң жалбырактары картошкага нымды жакшы сактап берет да, картошка жакшы өсөт. Картошканын жытынан капустага анын бити келбейт.
Бардык эле жашылча өсүмдүктөрүнүн арасына ашкана кызылчасын, сабизди тиксе, кызылча менен сабиздин жытына эл көчөр (эл кайда көчөт) коңузу көп учуп келип, жашылчалардын зыянкечтерин жеп жок кылат.
Пияздын жөөгүнүн жанында сабиздин жөөгү болсо, пияз чымыны сабиз жытынан, сабиз чымыны пияз жытынан келбей, түшүм аман калат. Болбосо чымындар жашылчага тууган жумурткадан курттар чыгып, аны жеп башташат. Картошканын катарына буурчак, нокот тиксе, картошканын жытынан аларга зыянкечтери (бити) жолобойт.
Каалаган жашылчанын ар кайсы жерине тамекини тигип койсо, тамеки бат өсүп гүлдөйт да, жашылчанын зыянкечтери тамекиге барат. Тамекиге химиялык дарыны чачып, зыянкечтерин өлтүрсө, берки жашылчалар аман жана таза калат.
Жашылчалардын арасына же жөөктөрдүн четине райканды (базилик), же баркыт сымал гүлдү (бархатцы), же календуланы эксе, жашылчалардын зыянкечтеринин көп түрү келбейт.


КАЙСЫ ЖАШЫЛЧАНЫН ЖАНЫНА ЭМНЕНИ ОТУРГУЗУУГА БОЛОТ ЖАНА БОЛБОЙТ?


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
baltabaev
2019-04-24 01:54:06
Мээни ачытпагылачы,алдамай заманда
-1
№ 859, 18-24-апрель, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан