3 эм күткөн эне: «УЗИ 4 ЖОЛУ 3 ЭМ КӨРСӨТКӨН. ВРАЧТАР 2 БАЛАНЫ КОЛУМА КАРМАТЫШТЫ»

9-апрель күнү Ош шаарында төрөт үйүндө 24 жаштагы келин көз жарды. Эне-балдардын абалы жакшы. Бирок врачтар менен балалуу болгон үй-бүлөнүн арасында чыр чыгып, ал тараптардын бирин прокуратурага арыз жазууга чейин алып барды. Ата-эне 3 эм күтүп жатканын айтып ар кандай күмөн ойлорго кептелсе, врачтар ал келиндин эгиз кыз төрөгөнүн айтып жатат.

“ДОПЛЕР УЗИ ЭГИЗ КӨРСӨТКӨН”

Гүлзина Абдумажитова менен Ынтымак Базарбай уулу эгиз кыздуу болуп кубанганы менен, башынан 3 балалуу болууну күтүп жатышкандыктан ар кандай күмөн ойлорго кептелишүүдө. Наристелердин апасы Гүлзина Абдумажитова чындыкты издеп жатышкандарын айтат:

– Биз жолдошум экөөбүз 3 балалуу болобуз деп күтүп, ошого даярданып жүргөнбүз. Анткени УЗИ 4 жолу 3 эм деп көрсөткөн. Бир жолу гана доплер УЗИ эки кызды көрсөткөн. Биринчи жолу Орусиянын Москва шаарынан 1 айлык кезинде УЗИге түшкөнбүз, 3 эм көрсөткөн.

Кийин Кыргызстанга келип, Жалал-Абаддан УЗИге түштүк. Текшерип жатып, врач “сеники эгиз экен, ээ?” деди. Ошондо апам врачка “Москвадан врачтар үчүнчү бир нерсе турат дешти. Киста эмеспи, карап койгулачы” деди. Врач текшерип жатып, “Ии, бул жерде дагы бир бала жүрөт. Сеники үчөө экен” деди. Ошону апам экөөбүз экрандан көргөнбүз. Балким, биз көргөн үчүнчү нерсе бала эмес болгондур. Аны да тастыктап беришсе жакшы болмок. Ал врач кийин текшерүүдө деле “3 эмди көргөм” деп айтып жатат.

3 жолу УЗИге түшкөндөн кийин доплерге түштүм. Анда эгиз көрсөттү. Доплерден кийин анын жыйынтыгын алып, мени көзөмөлдөп жаткан үй-бүлөлүк медицина борборуна бардым. “Эмнеге 3 эм деп адашып жатасыздар? Эгиз экен” десем, алар кайрадан текшеришип, “Доплер адашып калыптыр. 3 эм” деп салмактарынан бери жазып беришкен. Ошондо эки анжы ойдо калгам. Бирок акыркы жыйынтыкка ишендим. Төрөгөнгө барганда төрөтканадан да УЗИге тартышып, 3 эм экенин, анын бирөө туурасынан жатып алганын айтышкан.

“ТОЛГООМ БАШТАЛГАНДА ВРАЧ ТОЛГОО ТОКТОТУУЧУ ТАБЛЕТКА БЕРДИ”

– Буттарым шишип кеткендиктен 2-апрелде төрөт үйүнө баргам. Төрөйм деп ойлогом. Врач “балдарың бир аз кичинекей, күтүшүң керек” деген. Ошентип ал жакта бир жумадай жаттым. 8-апрелде күндүз толгоом башталды. Анда Гүлнара деген врач толгоо кайтара турган кичинекей сары таблетканы 2 жолу берди. Анын толгоо кайтара турган дары экенин өзү айтты. “Эмнеге кайтарып жатасыз? Төрөшүм керек” десем, “Мага азыр иш убактысы эмес. Мен үйгө кетип жатам. Сага дагы 2 күн бар. Азыр балдарың кичинекей. 36 жума болсун” деген. Ошол күнү эле түндө кайра толгоом келип, кесарево жасашты. Врач “Бирөө туурасынан жатып калыптыр. Өзүң төрөй албайсың” дегенинен операцияга макул болгом. Териштирүү башталганда “эки балаң чогуу башы менен келаткандыктан кысылып калышат болчу. Бул учурда операция жасалышы керек” деп түшүндүрүштү.

Операция учурунда “экөө эле чыкты, уктуңбу?” деп айтып жатышкандай болгон. Ал кезде кыйналып жаткандыктан алардын сөзүнө маани берген эмесмин. Андан кийин уктап кетиптирмин. Дененин бир бөлүгүнө наркоз берилсе деле булуттун үстүндө учкандай болот экенсиң, мен да ошондой болдум.

Кайненемди вирус жугат деп операцияга киргизбей коюшкан. Анда эмнеге башкалар ал жакта телефон көтөрүп сүрөткө тартып жүрүшөт? Видеого 3 эм төрөлөт деп кызыгып тартышкандыктарын айтып жатышат. Видео тонду чыгарып, андан кийин ичимден дагы бир нерсе алып чыгып жаткан жерден үзүлүп калган.

Биз баланы врачтар алып койду деген жокпуз. Бирок УЗИ 1 же 2 жолу адашса да, 4 жолу адашпаса керек. Биз чындыкты гана билгибиз келет. Эгер УЗИ адашкан болсо, мындан кийин дыкат карашсын. Врачтар өз ишине так жооп беришсин. Бул боюнча Ош облустук прокуратурасына иликтеп берүүлөрүн суранып арыз жаздык. Алар иликтебесе, президентке кайрылуу жасайбыз.

“ПРОВОКАЦИЯГА АЛДЫРЫП ЖАТЫШАТ”

Окуя боюнча Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаевадан жооп алдык:

– Гүлзина Абдумажитова 13 жумалыгында Жалал-Абаддагы УЗИге түшүп, ал жерден 3 эм деп жыйынтык чыгарып беришкен. Кийин Ош шаарына келип, көзөмөлдө турган. 28 жумалыгында доплер УЗИден эгиз деген жыйынтык чыккан. Келин психологиялык жактан 3 эм деп өзүн даярдап алгандыктан доплерге көңүл бурган эмес. Көзөмөлдө турган поликлиникада 3 жолу тең бир узист көрүп жатат. 33-34 жумалыгында деле ал адис доплердин жыйынтыгын эске албай, 3 эм деп жыйынтык чыгарып берген. Биздин төрөтканага келин 2-апрель күнү алмашуу картасы боюнча 35 жумалык кезинде 3 эм деп келет. Бир жума көзөмөлгө алып карадык. 2-апрель күнү УЗИге түшүргөндө, биздин узист 2 баланы көрүп, үчүнчүсүн көрө албай коюптур. Келинге “үчүнчү баланы көрбөй жатам” десе, ал “адашып жатасыз, 4 УЗИ тең 3 эм деп жыйынтык чыгарган” деп, документтерин көрсөтөт. Биздин узист ошол документтерге таянып 3 эм деп жазып берип койгон. 9-апрелде түндө эгиз кыздар төрөлдү. Операция учурунда, бактыга жараша, жаш адисибиз үйрөнүү максатында төрөт учурун видеого тартып алган экен. Ошол видеодо “3 эмдин ордуна экөө төрөлүп калды” деген сөздөрү бар. Ушул видео 2 бала төрөлгөнүн тастыктап берип жатат. Видео аягына чейин тартылган. Видео тартуу өз архивибиз үчүн колдонулуп келген ыкма. 3 эмдин төрөлгөндүгүн өз тарыхыбызга сактап калуу үчүн эч кандай жаман ой жок тартылган. Аны операцияга катышпаган кызматкерлер тарткан. Операцияга катышкан врачтардын колдору талаптагыдай тазаланган болушу керек. Алардын сүрөт, видео тартканга колдору бошобойт.

Бул үй-бүлө эмнени көздөп жатканын түшүнбөй жатам. Келин жалпы наркоз берип койду деп жалган айтып жатат. Бизде башында бир наркоз берип, кийин башка наркоз берип коюу эч качан болбойт.

Операцияга биз эч кимди киргизбейбиз. Бул мүмкүн эмес.

“Врач толгоо токтотуучу дары берди” деп жатат. Ал келинге бизге келгенден баштап балдардын өпкөсүнүн жетилиши үчүн дексаметазон деген укол сайганбыз. Башка эч кандай дары алган эмес. Толгоону токтотууга чара колдонулган эмес.

Төрөтканадан баарына ыраазы болуп чыгышкан. Кийин эле ызы-чуу сала башташты. Бул нерсе биринчи кезекте сабатсыздыктан улам чыгып жатат деп ойлойм. Анан башка бирөөлөрдүн провокациясына алдырып жатышат окшойт. Азыр кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы чыга элек.

Айтылып жаткан видео биздин колго да жетти. Анда операция жасалуучу бөлмөдө бет кап кийген айымдардын телефонду бири-бирине берип сүрөткө түшүп жаткандарын көрүүгө болот. Бизге жеткен видео экиге бөлүнүп тартылыптыр. Биринчи бөлүк эки баланы алып чыгып, анын тондорун чыгарып жаткан жеринен токтойт. Кийинки бөлүктө врачтар келиндин ичин тазалап, тигүүгө даярданып жатканы көрүнөт. Видеого тартып жаткан жаран “Үчөөнү күтүп жатышкан, экөө эле чыкты. Дагы жакшы камерага тартыптырмын” деп айтат.

БАЛЫКЧЫДА ДА УШУНДАЙ ОКУЯ БОЛГОН

2017-жылы Балыкчы шаарынын төрөт үйүндө дагы ушундай чыр чыккан. Данияр Чыбыев менен Махабат Намазбекова 9 ай бою эгиздерди күтүшкөн. Кош бойлуу учурунда Махабат Намазбекова 7 жолу УЗИге түшүп, анын баарында эгиз кыздар көрсөтүлгөн. 6-июнда көз жарган энеге врачтар бир кызды гана карматышкан. Ата-эне эгиздердин бирин төрөтканада врачтар алып койду деп айтып чыгышкан. Врачтар ата-эненин айткандарын жокко чыгарып, бир гана бала төрөлгөнүн билдиришкен. Ысык-Көл ОИИБи ишти иликтеген комиссиянын бир гана бала төрөлдү деп чыгарган жыйынтыгына карап, ишти кыскартышкан. Ал эми ата-эне эгиз балалуу болушканын, алардын бирөөнү издөөнү улантарын айтып келишет.

Өлкөдө медицина кызматкерлеринин бала сатууга шектелип кармалган фактылардын кездешүүсү балалуу болгон ата-энелерди ар кандай күмөн ойлорго жетелеп жатат. 2018-жылдын сентябрь айында Бишкекте бала сатууга шектелип 5 дарыгер кармалган. Буга чейин аларга карата “адам сатуу”, “мыйзамсыз аборт жасоо”, “жасалма документ жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон. Бул боюнча сот чечим чыгара элек. Мындан тышкары ушул жылдын февраль айында Бишкекте бала сатууга шектелип эки медицина кызматкери жана наристенин апасы кармалган.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
karona12
2019-04-29 19:37:57
Ошончо жолу узи жанылбастыр.
+1
aliya-leyla
2019-04-29 21:36:55
Эми Бир Кудай анан Бир ошол окуянын куболору билет. Баарына ынсап берсин
0
Kani-46
2019-04-29 23:13:52
Кимисине ишенишин да билбейсин... план тузгонго менимче ошол камерага тартып аткан адамдар менен.
+3
Missing-u
2019-04-29 23:53:22
Kani-46,камерага тарткандар ординаторлор экен,алар менен андай келишим болбойт. 1 жолу доплерде эгиз десе,3жолу бир эле узиге тушсо 3 эм дейберген окшойт. Операционныйдын бир эле эшиги болот,баланы сатса кайсы эшиктен алып чыгат сыртта туугандары карап турса хотя б ыйлаганы билинетте. Наркоз эки жолу сайды деген биринчи местный жулунго саят ал баланы алгандан кийин обезболивающий уколду кошот венадан ошондо уйкуга кетесин эки жолу наркоз берилбейт.
0
momun74
2019-05-03 13:29:36
Missing-u,башка сайтта дуротго кайненесин башка орогуч сатып келиниз силердики синтетика экен ал болбойт деп дуконго жиберген дейт тун жарымда
0
Eli.91
2019-04-30 09:37:35
Менин деле алысыраак эле байкем бир уул багып алган.Ошол баланыда врачтар эле алып Берген дешет.Тоолугун билбеймин бирок ким алып бергенин.Азыр 5 чыкты бир эле жакшынакай журот.Бирок аны коргондо даайым оюм кетет.Бечара баланын энеси гун сайын ойлосо керек канти экен деп.
0
Eli.91
2019-04-30 09:43:34
Дагы айтарым бир эле узиге тушкон болчу болсо тооллук деле карабай жазып коюшу мумкун.Айтаарым узигеда ишенуу кыйын.Анткени мен да торогонго чейин узиден кызындын Белинда грыжасы бар экен деп бирда жолу айьышкан эмес.Болбосу коп жолу узиге тушкон элем.Тороп буткондон кийин баланы ороп жатышып айтышты кызын грыжа менен торолду деп.Бул келинге кайрылаарым сен узиге ишенип жок эле нерсени казмалай бербе.
0
momun74
2019-05-03 13:30:35
Eli.91,узи баладагы жетишпегендикти айтпайт экен атайын скринг жасатыш керек экен
+1
№ 860, 25-апрель - 1-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан