ШЫРДАК ШЫРЫП, ЖАЗДЫКЧА КУРАГАН АТА

Буга чейин төшөк курап, кийим тиккен ата жөнүндө жазсак, бул жолу шырдак шырыган Нарын облусунун 56 жаштагы тургуну Тилек Абдракманов кандайча узчулук өнөрүн аркалап калганын баяндайт.

– Мен, Ак-Талаа районунун Баетов айылынан болом. 56 жаштамын. Буга чейин кылбаган ишим деле калбады окшойт. Башында көп жыл айдоочу болуп иштедим. Алгач райондук оорукананын "Тез жардам" унаасын айдасам, анан башкы дарыгердин айдоочусу болдум. Союз тарагандан кийин айылда биринчилерден болуп атамдан калган эски Москвич менен эл ташып, таксист да болдум. Азыр деле кол бошогондо таксист болуп, акча таба коём. Элге окшоп эгин эгип, мал да багып келе жатам. Убагында коён, үндүк, тоок, каз да багып, саны 400дөн ашкан. Аларды баккан сарайыбыз айылдын этегинде болгондуктан жолбун иттер улам кырып кете берип, аягында жадап бакпай койгонубузга 3 жыл болду. Учурда талаа иштери кычап, үлүш жерибизге арпа, буудай сээп жатабыз. Малдын жем-чөбүн сатып албай, ушинтип өзүбүз камдап алабыз. Устачылык кылып, там, пол салам. Бир туугандарымдын да үйүн салууга жардам бергем.
Эми булар эркекке таандык иштер деп коёлу. Элди таң калтырганы – менин кичинемден шырдак шырыганым. Мен өзүм 8 бир тууганмын. 7 уул, 1кыз. Апам башынан шырдак шырып, кийим тикчү. Үйдө эркек балдар көп болгондуктан апама үй иштерин жасап жардам бергенге туура келчү. Атам да “жалгыз апаңар кайсынысына жетишмек эле? Сен тигини жаса, сен муну бүтүр!” деп буйрук берчү. Буйрук бербеген күндө деле апабыздын кыйналганын көрүп, өзүбүз деле ойноп жүрө алмак эмеспиз. Мен балдардын кичүүсү болгондуктан апама көп кол кабыш кылчумун. Камыр жууруп, тамак жасап, жүн тытышып, жүндү боёкке боёшуп дегендей. Башында балалык кызыгуу менен темене кармап шырдак шырысам, кийин ал кадимки ишим болуп калды. Шырдак үчүн кийизден оюм ойгонду да үйрөнгөм. Апамдын бут менен иштете турган кол машинасы бар эле. Аны иштеткенди өздөштүргөн соң жөлөнгөнгө жаздыкча, алдыга салганга кичинекей төшөк (олпок) жасап баштадым. Азыр деле колум бошой калса шырдак шырып же олпок жасай калам. Мен эле эмес, бир туугандарымдын баары шырдак жасай алышчу. Кийин таштап коюшту.
Жубайым англис тилинен мугалим. Анын да колу жөндөмдүү. Балдар кичинесинде өбүрөөк акча таап, аларды багалы" деп элден шырдакка буюртма алчумун. Жумуштан келгенден кийин аялым мага кол кабыш кылат. Экөөбүз маңдай-тескей отуруп алып ишке киришебиз. Кээ бирлери сепке, айрымдары үйгө салганга узун, ичкерээк жолчо-шырдакка буюртма беришет. Бир жылдары аялым ооруп, кол кабыш кыла албай калганда “уят болбой убагында бүткөрүп берсем экен” деп уктабай калган күндөр өттү.
4 уул, 1 кызым бар. Уулдарыма үйлөнүп, өздөрүнчө бөлүнүп жашап калса керек болот деп өзүм шырдактарды жасап даярдап койгом. Бир уулум үйлөнгөн, 2 неберем бар. Уулдарымдын бири мугалим, экөө айдоочу, бири курулушчу. Кызым мектепке окуйт. Азыр анын себин даярдап жатам. Ойлоп көрсөм, баш-аягы чоң-кичинеси болуп өзүм жалгыз 40 чакты шырдак жасаптырмын. Башка ишке алаксыбай жасасам бир шырдакты 18-20 күндө бүтүрөм. Аялым кол кабыш кылса 12-13 күндө бүтүрөбүз.
Азыр үйдө өзүм жасагандан 5 шырдак бар. Жакшы сактаса шырдак кылымдап сакталат эмеспи, элдин үйлөрүндө азыр да мен жасап бергендер кездешет. Кокус барып калсам "сенин кол эмгегиң" деп айтып, көрсөтүп калышат. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" дегендей талантың болсо, бул аялдын же эркектин иши дебей иштеп, балдарыңды бакканга эмне жетсин? Адал иштин уяты жок.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
fak
2019-05-06 20:08:56
Ушундай адамдар коп болсо Кыргызстан бат онукмокпуз.Омурунуз узун болсун
+3
katerina.li
2019-05-08 10:30:04
Сонун маек. Андаймын мындаймын деп чыга берген ырчылардан жададык. Ушул маек жакты
+4
№ 861, 2-8-май, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан