ӨГӨЙ АТАНЫН ӨЛҮМҮ

Жигит колдоруна тигиле карады. Колдору адам канына булганып калганын өзү гана билет. Аны эч качан жууп кетире албасын ойлоду. Эки колу менен башын мыкчый отуруп калды. «Бүттү! Мен мындан ары минтип чыдай албайм. Чындыкты айткан күндө деле баары бир апам мени кечирбейт. Андан көрө апамдын көзүнө ак боюнча калганым жакшы. Эч ким билбеши керек. Болбосо өз кылган күнөөмдү өз каным менен жууп...»
Боз улан кандайдыр бир чечимге келгенсип ордунан турду да, темтеңдей басты. Эртеси аны эски сарайда моюнунан асылып калган жеринен табышты. Бул өлүмдүн сыры тереңде жатканын эч ким билген эмес эле...

Тозок жашоо

Кайсы Кудай урган күнү мен сага жолуктум экен? Болбодубу эми, качанкыга чейин мени ушинтип эзе бересиң? Же болбосо ажырашып алалы...
Апасынын каргылданган үнү Тилекке алыс жактан жаңырып жаткандай туюлду. Эрксизден жүрөгү мыкчыла берди. Көзү умачтай ачыла ордунан тура калды. Башына биринчи келген «дагы мас болуп келген экен, тынч жатып калбай апамды дагы ыйлатып жатканын...» деген ой болду.
– Энеңди, ажылдабачы! Өзүм билем. Өзүм таап жатамбы, ичем...
Өгөй атасын көңүлүндө жек көрүп алды. Бул жолу боюн түзүк кармаганга да алы келбей калганбы, айтор, адаттагыдай уруш чыгарбай жатып калды. Болбосо таң атканча апасын уруп, ага болушкан өзү менен карындашын кошо үйдөн кууп чыккан күндөрү да болгон. «Уктады окшойт». Ушинткен бала көпкө чейин кирпик ирмей албай жатты. Бул тозок жашоо мындан көп жыл мурун башталган. Анда апасынын жапжаш кези болчу. Өзү кичине болгондуктан, өз атасы менен апасы эмне болуп ажырашып кеткенин билбей калган эле. Карындашы төрөлгөндөн кийин атасы башка аялдын үйүнө кирип жашап алганын кулагы чалганы бар. Бирок, апасынан эч качан ал тууралуу сурай алчу эмес. Ансыз да катаал турмуш жанына баткан апакесинин жаралуу жүрөгүн аячу эле.
Ошондой күндөрдүн биринде апакеси менен бир топ аял кирип келишти да, тойлоп отуруп калышты.
– Тилек, Азема, бул – силердин жаңы атаңар. Ата деп жүргүлө...
– Эми, байкушум, бактың ачылсын..
Шаракташкан аялдар бурчта отурган көзү майланышкан, күржүйгөн адамды тамашага алып жатышты. Апасы негедир көзүн ала кача муңайым күлүмсүрөмүш болду. Ал эми Тилектин жаны ачышып, бүдөмүк коркунучтан деми кысылып жатты. Кантип эле апасы ушул адам менен жашайт? Чүрөктөй апасын тигил кебетеси келишкен, көзүнөн заар кө­рүн­гөн адамга таптакыр ыраа көр­бөй жатты. Анан өгөй ата алар менен чогуу жашап калды.
Алардын тынч агым менен жашап жаткан жашоосу ушинтип тозокко айланган эле.

Зөөкүр атанын кордугу

Күндөр өтүп жатты. Балдар чоңойгон сайын өгөй атанын зөө­күрлүгү күчөдү. «Сенин балдарың мени аз күн­дө үйдөн кууп чыгышат. Жетимдериң менин ушунча жыл бакканымды баалашпайт. Жугундуга тойгон күчүктөй азыр мага кайра тап берип калышпадыбы». Ушул сыяктуу ыплас сөздөр менен апасынын мээсин жегени жеген. Эшиктен кирип келе жаткан Тилек ушундай сөздөрдү бул жо­лу да угуп, тула бою титиреп токтоду.
Эшикти жаап, чыгып кете албай же кире албай токтоп калды. Апасы колу менен чекесин жөлөп отурган экен. Апасынын убайым баскан жү­зүн, оор жумуштан бүкүрөйгөн далысын көрүп, эч чыдоого мүмкүн болбогондой жүрөгү тилине түштү.
– Эмне кыл дейсиң?- дейт апасынын айласыз үнү.
– Жогот! Өздөрүнүн жанын өздөрү баксын.
– Кантип? Кантип ушинтип айтканга оозуң барды? Чыдай турсаң Тилек 1-2 жылда эле бүтөт окуусун. Азема да өз жолун таап...
Дагы эле кыжылдаган үндөр. Тилек башка чапкандай артка кайтты. Мурун эле көңүлү сууп жүргөн жаны эми өгөй атасынан таптакыр эле көңүлү калып калды. Балким, бир окуя болбогондо баары башкача болот беле, ким билет...

Каргашалуу түн

Кечке чейин иштеп, түн ортосунда үйүн көздөй келе жаткан Тилек эшиктен баш бага электе эле карындашы Аземанын чырылдап жаткан үнүн укту.
– Атаке, ата, кетип калчы. Бар, жатып эс алчы,- кыздын жалооруган үнү аянычтуу чыкты.
– Жап жаагыңды! Кимге ишенип мага тил кайрып жүрөсүң? Энеңди гана... жатып ичээрлер. Агаң экөөңдү бул үйдөн кетирмейин...
Өгөй ата качантан берки ачуусун, кегин ушул кичинекей алсыз жандан чыгармай болду шекилдүү. Күрсүл­дөк-карсылдакка кошулуп кыздын чырылдаган үнү Тилекке жетти. Андан ары ачууга алдырган улан тула бою калтылдай, кантип эшикти жулкуп кирип барганын билбей калды. Ата сөрөй он үч жашар көпөлөк­төй алсыз жанды баса калып уруп кирген экен. Каны башына тээп, ошол замат столдун үстүндө турган бычакка жүткүндү. Андан ары эч нерсени ойлогонго чамасы келген жок. Эчен жылдан берки азабы менен арманынын баары чогулуп кеткен экен. Бычакты кандай колуна алып, кантип тигинин далысына матырып алганын билбей калды.
– Мына сага! Мына! Апам үчүн, Азема үчүн...
Өгөй ата артына кылчая берип, өзүнө жек көрө тигилип, бүткөн бою калтылдап турган Тилекти көрдү.
Көзү аңтарылып бара жатып: «Сен... сенби?» деген үнү үзүл-кесил угулуп барып биротоло тынчыды.
Тилек “шалак” этип отуруп калды. «Эмне кылып койдум, ыя? Эмне кылып ийдим?» Кулагы чуулдап, көзү­нө канга боёлгон өгөй атасынан баш­ка эч нерсе көрүнбөй отуруп калды. Бир кезде гана «Байке, эми эмне кылабыз? Кантебиз, байке? Эмне унчукпайсыз? Бир нерсе деңизчи?!» деп чымчыктай чырылдап жаткан ка­рындашынын үнүнөн “селт” эте эсине келди. Жанатан берки тумандаган көздөрү ачыла түштү. Көз жашы бетин жууган карындашын бооруна кысып кучактады.
– Эч нерсе болбойт. Сен коркпо... Сен эч нерседен коркпо. Мен өзүм... Баарына өзүм жооп берем.
Ушуларды айтты да, эшикке чуркап чыкты. Мындан бир нече күн илгери чарбакка өгөй атасы чуңкур каздырган эле. Эмнеге экенин деле сураган эмес. “Дагы кажылдап, кылдан кыйкым таппасын” деп казып койгон эле. Эшикте эмне кылаарын билбей басып жүрүп, ошол чуңкурга кез келди.
Чагылгандай мээсине келе калган ойдон улам Тилек жандана түштү. Таппасаң сыйпалап кал. Өгөй атасынын сөөгүн ушул жерге жашыргандан башка эч айла таба албады.
Эси чыгып, ыйлап отурган карындашын алдап-соолап жатып бөлмө­сүнө алып барып киргизип, сыртынан бекитип койду. Анан кандуу бөл­мөгө кирди. Өлүктүн жүзүн карабаска тырышып, эптеп бир жука жуурканга орой салды да, эшикке сүйрөп жөнөдү.
Ушул түн Тилек үчүн эң узун да, азаптуу да түн эле. Жанагы чуңкурду дагы тереңдете казды да, өлүктү жашырды. Кан болгон нерселердин баарын тазалап келип, кайрадан карындашынын бөлмөсүнө кирди. Ыйлап жатып чарчап, анан уктап кеткен экен. Чачынан сылап турду да, оор улутунуп алды. Кандайдыр бир оор жүк өзүн басып тургандай жүзтө­мөн­дөн түштү. Мындан ары турмушу кайсы туңгуюкка барып кабылаарын билген жок. Эми эмне кылат? Ушинтип ойлордун туткунунда эзилип жа­та берди. Көзүн ачса карындашы өзүн суроолуу карап турган экен.
– Эмне болду, Ази?
Дегеле эч нерсе болбогондой эркелете үн катты.
– Байке, эми эмне болот, ыя?
– Азема, эч нерсе болгон жок. Мын­дан ары сени, мени кордогон ал адам биздин жашообузда болбойт. Түндө болгондун баарын унут. Мен баарына өзүм жооп берем. Апам келгенде да эч нерсе деп оозуңдан чыкпасын. Болду, мындан ары эч эстебе. Менин да эсиме салба…
– Макул, байке, апама эч нерсе деп айтпайм.
Өзүнүн жүрөгү тилинип жатканына карабай карындашын жоошутуп жатты.
Эшикке чыгып асманды карады. Таң агарып келе жаткан экен. Көңү­лү­нө кусалык толуп чыкты. Эсине өзү менен чогуу окуган сүйүктүүсү Назира түштү. Андан алыстап башка жээкте калгандай сезилди. Деги эле ушул күндөн тартып анын эч нерсеге акысы жоктой туюлду. Эми кантип ушул окуядан соң Назирага барып бир нерсе деп сүйлөйт? Кандай гана максаттары, тилектери бар эле. Баардыгы күм-жам болду. Баары бүттү. Тилек эмне кылаарын билбей жатты.

Издөө

Аз күндөн кийин эле «Баягы Батманын ичкич күйөөсү жоголуп кетиптир дейт го?!» деген сөздөр угула баштады. Ансыз да куу турмуш жанын кыйнап жүргөн Батмага бул окуя оор тийди. Батма буту жеткен жердин баарын кыдырып, тууган-уруктарынын баарына суроо салды. Бирок, эч кайдан илинчек таба алган жок.
Кечкурун үйүнө чарчап келе жатканда эшикте отурган уулун көрүп буйдала токтоду. Негедир өңү кубарып, арыктай түшүптүр. Жоголгон күйөөсүнүн көйгөйү менен жүрүп, балдарына да көңүл бурбай калган экен.
– Эмне болду, Тилек? Эмне эшикте отурасың?
– ...
– Тилек дейм, сага эмне болгон?
Уулу көзүн ала кача ордунан тура калды. Апасына тике карабай күңгү­рөнө берди.
– Апа, апаке... тигини... экинчи издебей эле койчу...
– Кой, балам, ит жоголсо деле издейт экен. Жаман болсо да эчен жыл бир үйдө жашаган аны кантип издебей коём? Кантип көңүлүм ток жатып алам? Же менден башка жакыны болсо экен...
– Айтчы, апа, кайсы жакшылыгына?.. Жаштыгыңды, сулуулугуңду, деги эле сендеги бардык жакшы нер­селерди мите курттай соруп ал­ды го. Ошол жакшылыгы үчүнбү? Же балдарыңды уруп-согуп, жаштайынан жер көз кылганы үчүнбү?
– Сен аны түшүнбөйсүң, балам. Силердин алдыңарда күнөөлүү болсом кечиргиле... Бирок, баары бир аны издебей тынч жатып ала албайм.
– Апаке...
– Жок, балам, суранбай эле кой...
Батма ордунан турганга камынып калды. Тилек чөгөлөй калып мөгдөп жиберди. Апасынын түгөнбөгөн түйшүктөн чор болгон алакандарын бетине басып өксөп жиберди.
– Апаке, мени кечир... Мен... мен...
– Эмнени кечирейин, балам. Деги эмне болуп турасың?
Ошол замат Тилек эсине келе калды. Соолуга түшүп, боюн жыйрып ал­­ды.
– Мен келесоо... Эч нерсе эмес, апа, баары жакшы болот. А сиз... Барыңыз, үйгө бара бериңиз. Азема үйдө... Мен азыр...
Ушуларды күбүрөй берип, артка кетенчиктеп, тез эле караңгыга сиңип кетти. Артынан карап турган эненин жүрөгү бир нерсени сезгендей “солк” дей түштү.
– Тилек! Токточу, уулум!
Тилек уккан жок. Бул эне-баланын акыркы көрүшүүсү эле.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 231, 6-12-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан