“Тагдыр адамга ар кандай сыноолорду берет экен. Биздин үй-бүлөгө сыноо оору түрүндө келди. Келинчегим оор дартка чалдыкты. Биз бири-бирибизди колдоп, буюрса, эл да жардам берсе, ал айыгып кетет деп ишенем”дейт Самат Сыдыков. Ал төмөнкүлөрдү айтып берди.
– Келинчегим Перизат экөөбүз 2011-жылы баш кошконбуз. Ортобузда 2 уулубуз бар. Улуусу 6 жашта, кичүүсү 3 жаштан өттү. Перизат азыр 28 жашта, ал биринчи балабызды төрөгүчө иштеди. Экинчибиз төрөлгөндөн кийин балдар менен үйдө отуруп калды. Мен жеке фирмада иштейм.
Балалуу болгондон кийин аларды жакшылап багып, тарбия берип, өзүбүзчө там салып, түтүн булатсак деп калат экенсиң. Биз да ошентип жакшы тилектер менен жашап жүргөндө жаман кабар маанайыбызды түшүрдү.
Өткөн жылдын күзүндө Перизат сыркоологонунан текшертсек, "сол эмчектин рак оорусу" деген диагноз коюшту. Биз диагнозду тактатуу үчүн Орусиянын Санкт-Петербург шаарына бардык. Ал жакка барганга каражат жок, банктан насыя алууга туура келди. Бирок ал каражат Санкт-Петербургга барып, текшерүүдөн өткөнгө жана биринчи химиотерапияны алганга эле жетти. Насыя акчаны али төлөп бүтө элекмин.
Бишкектен коюлган диагнозду Санкт-Петербургдагы оорукана да тастыктап, 3-стадиядагы тез өнүгүп жаткан рак экендигин айтышты. Бул оору канчалаган аялдардын өмүрүн алып жатканы эч кимге жашыруун эмес. Андыктан ооруну токтотуп жана айыктырып калууга тез арада киришүү керек болду. Бул дартты, албетте, жеңип чыгуу оңой эмес. Ага көп мээнет жана каражат керек.
Бишкекте батирде жашап жатканбыз. Эми батирге акча коротпойлу деп Перизаттын ата-энесиникине көчтүк. Өз апам да келип чогуу-чаран карашып, дарылатып жатабыз. Буга чейин химиялык дарылануунун 6-курсунан өттү.
Дарылануунун ар бир курсу 21 күн, ага орточо эсеп менен 200 миң сомдой каражат кетет. 11-апрелде дарыгерлер Перизатка операция жасашып, ооруган эмчегин кесип алып салышты. Операция абдан оор өттү. Эми химиялык дарылануу курсунан 12 ирет өтүшү зарыл. Ар бир курсу башталгыча дарыларына каражат таап жетишип турушубуз керек. Дарылар кымбат, аларды Орусиядан буюртма менен алдырып жатабыз.
Дарылануу курстары толук бүткөн соң Санкт-Петербургдан текшерилүүдөн өтүүнү максат кылып жатабыз.
Перизат оорунун айынан түнү менен кыйналып чыгат. Оорутууну басуучу дарылар жанынан такыр үзүлбөйт. Уктатуучу дарылар менен гана уктаган учурлары көп. Апасы ооруп жатканын балдарыбыз да сезип, мурункудай бизге көп эркелебей калышты. “Апам жакшы, айыгат” деген балдарыбыздын бактысына келинчегим айыгып, биздин кашыбызда жаркылдап жүрсө деп тилейм. Перизат ооруп жатса да балдарым деп алар үчүн санаа тартканын көрүү мен үчүн, туугандар үчүн ушунчалык кыйын.
Биз дарыланууга колубузда болгон каражатты сарптап бүттүк. Албетте, туугандар, достор да жардам берип жатышты. Бирок баарынын чеги болот дегендей, акыры элге кайрылып, жардам суроого аргасыз болдук.
Айла жок, Перизатты ооруканага, балдарды ары-бери ташыганга жараган машинамды сатайын деп жатам. Ал деле кымбат машина эмес, сатылса беш миң доллардын тегереги болот.
Биз Перизат экөөбүз бири-бирибизди колдоп, көтөрмөлөсөк жамандыкты жеңерибизди түшүндүк. Перизаттын айыгып кетишине боорукер адамдар салым кошот деп ишенем.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg