Жазгүл Турдуева, бейтап: «ВРАЧТАР МЕНИ 14 ЖЫЛ ТУУРА ЭМЕС ДАРЫЛАШЫПТЫР. ЖАШТЫГЫМ ЫЙ, КЕРЕКСИЗ ДАРЫЛАР МЕНЕН ӨТТҮ»

«Менин 14 жылдык өмүрүм ооруканалардын эшигин каккылоо, өзүмдү да, үйдөгүлөрдү да азапка салуу, ый, стресс менен өттү. Булардын баарына мага туура эмес диагноз койгон врачтар күнөөлүү»,- дейт Жазгүл Турдуева.

Көк боорунан ажыраган 39 жаштагы келин оор тагдырын баяндап берди.

"БАРДЫГЫ 24 ЖАШЫМДА БАШТАЛДЫ"

– Менин жерлигим Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылы.
39 жаштамын. Кесибим – башталгыч класстардын мугалими.

Баары 2004-жылы башталды. Ал кезде 24 жашта болчумун. Ата-энем менен жашап, мектепте мугалим болуп иштеп жүргөм. Апрель айында тырмактарым бузулуп, сынып баштады. Каным азайып кеткен го деп шекшип, райондук бейтапканага барсам текшерип көрүшүп, Ош облустук оорукананын гематология бөлүмүнө баруумду айтышты. Аталган бөлүмгө барсам, анализ тапшырганда
1 литр канда гемоглобиндин саны 32 деп чыкты. Анемия деген диагноз коюшуп, дарыланууга жаткырышты. 4-5 күндөн кийин дарылаган врачым Ибадат Сулайманова “негедир териң саргайып жатат. Бейтапканага барып анализ тапшырып кел” деди. Барып тапшырсам, “гепатиттин Б түрү” деген диагноз коюп беришти. Жыйынтыкты алып келсем Ибадат эже “сеники гепатиттин Б эмес, С түрү. Көк бооруң да чоңоюптур” деди. Бирок “көк боорду дарылоо керек” деп айткан жок.

Ибадат эжеге апам кирип сүйлөшсө ага “кызыңыз айыкпай турган оору менен ооруп калыптыр” деп айтып чөп дарыларды сунуштаптыр. Апам полиартрит дарты менен жабыркагандыктан өз алдынча көп кыймылдай албайт жана ошол кезде анын дарыларына да акча керек болчу. Андыктан врачтын чөп дарыларын алган жокпуз, үйгө кетип калдык. Ооруканадан чыгып жатканда бюллетенге “диагнозу гепатиттин С түрү” деп жазып берди.

2006-жылы Жаңы жылда оң да, сол да капталым ооруп, ичим каткандан 12 күн дааратканага бара албай калдым. Денем саргайып кетти. Кайра гематология бөлүмүнө барсам орун жок экен. Кара-Суу районунун борборундагы оорукананын терапия бөлүмүнө жаттым. Ал жерде курсагым шишип баштады. Врачтар рентгенге тарттырып көрүшүп, “өпкөңдө суу бар экен, ошону сордуруу керек” дешип мени Ош шаарындагы кургак учук диспансерине жиберишти. Ал жерден да рентгенге тартышып, "өпкөңдө суу жок, кардиологго көрүнүшүң керек" дешти. Барсам, кардиолог врач менин диагноз жазылган кагаздарымды жанындагы врачтарга көрсөтүп “бул кызды эми эмне кылып дарылайбыз? Эмне дарыларды берсек болот?” деп айтты. Ал врачтын дарылап айыктырарынан шекшип кагаздарымды алып чыгып кеттим. Ошол күнү телевизордон Ош облустук балдар ооруканасында гепатология бөлүмүнүн ачылганы тууралуу берүүнү көрүп калдык. Эртеси ошого бардык. Барсак, жетекчиси Чолпон Токоновна “бул балдарды гана дарылоочу бөлүм” деп койду. Сурандык эле, жаткызып дарылоого макул болду. Ал жерден кан анализимди Бишкекке жиберишти, жыйынтыгы циррозго өтө баштаган гепатиттин С түрү деп келди. 10 күн дарыландым. Келгенден кийин 5-6 күндөн кийин кайра ичим, бети-башым шишип кетти. Эми кайда барып дарыланмак элем деп үйдө үч жарым ай жатып, жакшыраак болуп калганымда ишке чыгып кеттим.

"ВРАЧТАР ТЕЗ АРАДА БООРУҢДУ АЛМАШТЫРУУ КЕРЕК ДЕШТИ"

– 2009-жылы турмушка чыктым. Жашаганыма 1 ай болгондо кайрадан шишип, 3 күн заарам чыкпай калды. Гематология борборуна барып, дары жаздырып, Отуз-Адыр айылындагы ооруканада жатып дарыландым. Ал жерден ампициллин, метрид деген дарыларды гана беришти. Чыгарымда диагнозумду "циррозго өтө баштаган гепатиттин С түрү" деп жазышты. Ооруканадан чыккандан кийин күйөөмө оорум тууралуу айтып, "багыңды байлабайын, башкага баш кошуп жашай бер" деп ажыраштым. Менде андан башка айла жок эле. Айылдагылар “тигинин кызы күйөөсү менен жашай албай келип калыптыр, кетирип жибериптир” деп ушак кылышты. Булардан улам аябай чүнчүп кеттим.

2010-жылдын 14-ноябрына чейин мектепте иштедим да, анан бөлөм менен Иркутск шаарына кетип калдым. 2,5 жыл жүрүп кайра айылга келдим. 2016-жылы ооруп текшерилсем гемоглобинимдин саны 25 болуп чыкты. Гастроэнтерология бөлүмүнө барсам жаткырып, 10 күн дарылашты. Врачтар "диагнозуң циррозго өтө баштаган гепатиттин С түрү" деп айтышып, гепатиттин вирусун өлтүрүүчү дары-дармектерди беришти. Табылбаган дарыларды Кытайдан, Орусиядан буюртма менен алдырып жаттым. Ошентип 2018-жылга чейин ооруган сайын гастроэнтерология бөлүмүндө жатып дарыланып жүрдүм.

2018-жылдын октябрында башым чыдатпай катуу оорутуп, 1 күндө 2 иреттен эстен танып баштадым. “Тез жардам” келип эсиме келтирип ийне сайып кетет, кайра эле эстен танам. Акыры Ош облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдым. Врачтар үйдөгүлөргө “кызыңардын диагнозу боордун циррозу. Тез арада боорун алмаштырыш керек, акча таап Индияга алып баргыла” деди. Атам ошол кезде бутун 2 жеринен сындырып алып, темир салдырып жүргөн эле, врачтардын айтканын угуп “байкуш кызымды оору чырмады да калды. Айыгып кетер күнү болор бекен?” деп аябай ыйлады.

"ИНДИЯГА БАРБАСАМ ӨЛҮП КАЛМАК ЭКЕНМИН"

– Кайрымдуулук фонддордун бири менен байланышсак, алар элден акча чогултуп бермек болушту. Ошентип чогулган акчаны алып, 2019-жылы 17-январда Индияга учтук. Сиңдим мага боорунун жарымын бермек болду. Бизди карап-багууга деп атамдын инисинин келинин алып алдык. Индиянын Нью-Дели шаарындагы атактуу клиникага барып, хирург-трансплантологго жолуктук. Клиникада мени 2 күн бою анализ тапшыртып, компьютердик резонанстык томографиядан өткөрүштү. Гинеколог, уролог, окулист, деги койчу бардык врачтардын текшерүүсүнөн өттүм. Онкологдор жүлүндөн суу сордуруп да текшеришти. Анализдердин жыйынтыгы чыккан соң хирург “сенде цирроз да, гепатит да жок. Сенин көк бооруң ооруга чалдыккан. Ошону алып салсак эле айыгасың” деди. Аны угуп алып же күлө албайм, же ыйлай албайм. 14 жыл врачтардын катасынан тарткан азабымды, комага чейин түшкөн абалымды ойлоп ушундай ызаландым. Ал хирург “болгону көк бооруңду азыр ала албайбыз. Биз дарыларды жазып беребиз, ошолорду ичип, 6 айдан кийин келесиң” деди. Мен “6 ай ичинде дагы эмнелер болуп кетерин ким билет? Анча күтө албайм. Көк боорумду алып салыңыз” дедим. Ал болгон жок. Ошондо котормочу бизге “мындан башка дагы мыкты клиника бар” деди. Ал клиникага эртеси бармак болдук.

Мейманканага келгенде жанымдагыларга “азыр чатырга чыгып бакырып ыйлап келбесем жарылып кетем” дедим да, чатырга чыгып, ушундай бир токтолбой ыйладым дейсиз! Ыйлап жатып “Кыргызстанда врачтар мени 14 жыл бою дарылап айыктырбай эле, ажалдын чеңгээлине салып беришиптир. Адамдын өмүрүнө ушундай кош көңүл карашат тура. Индияга келбесем өлүп калмак экенмин” деп ойлодум.

Котормочу эртеси ошол эле шаардагы башка клиникага алып барып, анын директоруна жолуктурду. Ал гепатолог экен. Мен ага көк боорумду алдырмайынча кетпейм дедим. Ал операцияны 14-февралга дайындады. Ошентип операция жасалды. Жакшы болуп калганымда боорумдун тканынан үзүп алышып (биопсия) текшеришти. Жыйынтыгы “цирроз, гепатит оорусу жок” деп чыкты. Бирок профессор “бооруң жабыркаган эмес деп айта албайм, кайсы бир деңгээлде жабыркаган” деди. Мен андан эмнеден жабыркаган деп сурай алган жокмун. Өзүмчө врачтар гепатит дешип, күчтүү дарыларды бергенден жабыркаган го деп жыйынтык чыгардым. Бир жарым ай профессордун көзөмөлүндө болуп, дарыларды ичип турдум.

Мени эмдигиче “Кыргызстанда эмнеге мага көк боор чоңойгон дешти да, аны дарылашкан жок? Эмнеге көк боорду алуу керек деп эч ким айткан жок?” деген суроолор жеп келет. Өлкөбүздө лабораториялар эскирген окшойт, так диагнозумду эч жерден чыгара алышкан жок. Врачтардын да билим деңгээлин көтөрүш керек окшойт деп калдым.

Врачтарды сотко берген күнү деле утуп чыгарыма көзүм жетпейт. Анткени менин оору тарыхым 2004-жылдан башталат. Мен эмес, ымыркайларга ВИЧ-вирусун жугузган врачтар деле жазадан кутулуп кетишкен.

Жазгүл Турдуеванын баянынан соң 2004-жылы аны дарылаган врач-гематолог Ибадат Сулайманова менен байланышсак, ал буларды айтып берди:

– Жазгүл Турдуева бизге 2004-жылы анемия диагнозу менен түшүп, дарыланган. Текшерүүнүн жыйынтыгында көк боору чоңойгону билинген. Көк боор чоңойгондо биз сөзсүз түрдө гепатиттин вирустуу жана вирустуу эмес түрлөрүнө текшертебиз. Анализи лабораториядан “гепатиттин С түрү” деп чыккан. Ал анализди биз инфекционист врачтарга көрсөтсөк, алар да “гепатиттин С түрү” деп диагноз коюшкан. Бизде, гематология борборунда гепатитти дарылабайбыз, андыктан инфекциялык ооруканадан дарылануу керектигин айтканбыз. Бизден Жазгүлдүн гемоглобининин деңгээли көтөрүлүп чыккан. Кийин Жазгүл Ош облустук балдар ооруканасында гепатология бөлүмүнө барып, Чолпон Токоновна деген врачтан дарыланган экен.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
aliya-leyla
2019-06-03 09:58:14
Кудайдын боору ооруп жакшы жагына ооптур. Бирок биздин лабораториялар чындыгында Эски. Жанылар болсо частный. Анализ асман чапчыйт. Общий анализ кандай менен мочаны ошол жерден жакшы чыгат дегенинен Бир частный лабораторияга барсак 800 сом экен. Элестетиниз мамлекеттик больницаларда 50 сомго эле тапшыра турган общий анализ. Буларды козомолдошпойбу? Олуп кетсин 200 сом десе деле болсо кк кимге кайрылышты билбейсин тооба.
+8
Nurkyz1977
2019-06-03 11:16:35
Урматтуу коп окурманы бар эл ишенген супер инфонун жамааты,мен да силерден суранам гепатолог врачтардан гепатиттин С туру менен ооруган адам каксыз айыгышы мумкунбу сурап бергилечи силерден коптон коп сураныч. Анткени ушу макаланы окуп менде ой пайда болду,менин бир тууган синдим 8жылдан бери ушу оору менен алышып келген вирус бооруна отуп кетти деп индиянын кымбат дарыларын алып ичиргенбиз тынбай дарыланып турчу.
+4
Nurkyz1977
2019-06-03 11:23:26
Эми мындан бир ай мурун дарыланууга дагы келип ооруканага жатканда анализ тапшырса эч жери оорубат,боору каны таза вирус жок деп чыгыптыр,ушундай болуусу мумкунбу чын эле каксыз айыккан болсо биз аябай суйунучтобуз,же жогорудагы келиндей болуп жалган диагноз менен жаш омуру куураган жокпу? Айтайын дегеним гепатиттин С туру толук айыгышы мумкунбу же башында гепатит С деп туура эмес диагноз коюуп 8 жылдан бери кууратып келишкенби врачтар? Алдын ала жалпы жамаатка рахмат.
+4
admin_kinozal
2019-06-03 16:32:01
Nurkyz1977, Салматсызбы, сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+4
jalgyzym...
2019-06-03 13:06:24
Врачтардын билим денгээлин которуш керек бул биринчи. Экинчиден лаборатория ж.б.у.с нерселерди жанылап медицина тармагын жакшы онуктуруу керек. Антпесе элдер аябай коп ооруп калды. Индия Корея дебей эле Кыргызстанда да даарылай турган кылып шарт тузуш керек. Врачтар чет жактарга барып билимин ашырып бейтаптарды даарыласа болот. Эн биринчи медицина онугуш керек ден соолук керек баарына
+10
Shahrizaada
2019-06-04 01:09:14
Сыртка чыгып кеткен миллиондорду кайтарса, бизде деле боор алмаштыруу жолго коюлмак. Медицина онукмоюн,улуттун келечеги онукпойт.
+4
asdef
2019-06-05 09:58:12
Ошондо азыр жакшы болуп калдынбы кок боорду алыштыбы?
+2
jalgyzym...
2019-06-06 13:14:21
asdef,оба алдырган окшойт. Индияга барганда кок боорду алдырмайынча кетпейм деп айтыптыр дарыгерге.
0
ajos
2019-06-06 16:01:55
Кандайдыр бир денгээлде врачтардын деле айыбы бар экенин тан алышыбыз керек. Мага биринчи врачтын далили жок чоптон жасалган дарыларды сунуштаганы жакпады. Аз айлыктын айынан кошумча, бирок керексиз нерселерге барышканы окундурот. Анан да кээде лабораториядан коз каранды. Баарына врачтарды куноолобош керек. Ушул системаны калыптандырган жогорку органдардан башташ керек. Ал эми Жазгулго айтаарым, отконду ойлой бербей, тообо кылып келечекте кантип жакшы жашашын ойлонгон пайдалуу.
+1
al-abu-kinesz
2019-06-09 19:43:59
Менин мамама да диагнозду бронхит деп коп жылдар бою туура эмес айтышып, акыры оорлошуп кеткенде шаардан текшертсек легочная гипертензия болуп чыгып эми жашоосу кислородный аппаратка байланып калды.. Медицинага акчасы копторду эмес билимдуулорду алыш керек ошон учун.
0
mister_akkuu
2019-06-23 03:31:50
Келечеги жок мамлекет.
0
№ 865, 30-май - 5-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан