СТЮАРДЕССАЛАР- АСМАН КАРЛЫГАЧТАРЫ

Кесиптин түрлөрү көп. Айдоочу, актёр, мугалим, учкуч, стюардесса... Булардын ичинен стюардессалык кесипке келсек, өзүнүн жагымдуулугу, барктуулугу жагынан социологиялык сурамжылоолордо актрисалык, моделдик кесиптерди артка калтырат. Стюардесса дегенде эле көз алдыга аккуулардай койкоё тартып, тыкыйта үтүктөлгөн кийимчен, жүздөрүнөн күлкү тө­гүлгөн айымдар тартылат. Ушундан уламбы, жаш кыздардын көпчүлүгү "ушундай романтикалуу кесиптин ээси болсом, алыс жерлерди, элдерди көрсөм, дайыма көк асманда иштеп, ойго, түшкө кирбес окуялардын күбөсү болсом... анан албетте, капчыгы калың, бизнесмен күйөөлүү болсом..." деп кыялданышат. Стюардесса болуу чындыгында эле ушундай сонунбу же билинбеген менен бул кесипте катардагы жөнөкөй адам чыдап көтөрө алгыс кыйынчылыктар жатабы, аны өзүбүз байкап билүү үчүн авиакомпаниялардын бирин көздөй жол тарттык.

ӨЗ ИШИН ЧЕКСИЗ СҮЙГӨН АДАМ ГАНА
СТЮАРДЕССА БОЛО АЛАТ

"Кыргызстан" авиакомпаниясында бизди учууларды ишке ашыруу кызматынын башкы борт-коштоочусу, 24 жылдан бери аба жолдорунда иштеп келе жаткан айым Шульц Светлана Викторовнага жөнө­түштү. Миң уккандан бир көргөн артык кылып, нагыз стюардессалардын жумушун билмекке Светлана Викторовна менен бирге "Манас" аэропортуна жөнө­дүк. Жол катар кызыктуу маек куруп бардык.
– Света, айтыңызчы, стюардесса деген ким?
– Стюардесса, же биздин кызматтын тили менен айтканда, борт-коштоочу – абдан сулуу, жагымдуу, ириде өз кызматын чексиз сүйгөн адам.
– Көпчүлүктүн арасында стюардесса дегенде бой-мүчөсү келишкен сымбаттуу айымдарды, аларга ашык болуп, баарына даяр болгон эркектерди, алыскы өлкө­лөрдү көз алдыга келтиришет. Бул элестетүү канчалык деңгээлде туура?
– Биздин жерден бир нече миңдеген метр бийиктикте өтүүчү кызматыбыз чындыгында, жердеги жашоодон 180 градуска айырмаланат. Албетте, эл-журт тамшануу менен кеп кылышкан романтикалуу жашоо экенинен шек жок дечи, бирок, ал көрүнүш чет- жакасы гана. Борт-коштоочунун оор жүгү билген адамга гана кө­рүнөт.
– Мисалга алсак?
– Кандай десем? Кызмат жанда жок чыдамкайлыкты, көтөрүм­дүүлүктү талап кылат. Анткени, чалпоо болобу, же такыр эле жер баспай керсейип калган адамбы, айтор, кандай мүнөздүү болбосун, жүргүнчү­лөрдүн тилин таба би­лүүнү, башка кандай кыйынчылык, коркунуч түшпөсүн, өзүңдү жоготпой, оор абалдан өзүңө кошо элди да тынчтандырып алып чыгып кетүүнү талап кылат. Кыскасын айтканда, стюардесса накта дипломат адам болушу шарт.
– Кызматка алынаарда ушундай тек­ше­рүү­лөрдөн өт­сөң­өр керек?
– Учурда кызматка алынаардан мурун Бишкектеги Абдраимов атындагы колледжде 3 жыл билим алышат. Андан соң кайсы бир самолётто иштөө үчүн уруксат берилет.
– Уруксат кандай талаптар аркылуу берилет?
– Самолёттун ар бир түрүндө иштөө үчүн мисалы, биздин "ТУшкаларда", "Боингде", "Аэробуста" атайын уруксат алынышы керек. Атайын курста инструктордун коштоосунда 30 сааттык стажёрдук учуудан өткөн соң эксплуатациялык стажировкада 4 ирет учуп, аягында текшерүүчү учууга чыгат. Ушул текшерүүлөрдөн өткөн соң гана өз алдынча учууга уруксат берилет.
Кызматыңдын чыныгы жүзүн биринчи каттамга чыкканда жылмая күлүп туруп жүктөрдү кабыл алып, жүр­гүн­чүлөргө, жалпы экипажга ак жол тилеп абага көтө­рүлгөндөн тартып гана байкайсың. Эгер бул кызматты "стюардессалар жыл­майып, катар тизилген орундуктарды аралай тамак-аш менен элди тейлеп коюп гана жыргап тигил шаардан бул шаарга учуп жүрө беришет" деп элестетишсе жаңылышат.
– Стюардесса болуу үчүн кандай өзгөчөлүктөргө ээ болуу шарт?
– Борт-коштоочу болгусу келген кыздын жашы 19дан кем эмес, 24төн ашык эмес, бою 175 сантиметрден кем болбошу, билимдүү, өң-келбети жагымдуу, денсоолугу чың болушу шарт. Ал адам, мисалы биздин республиканын чегинде алсак, кыргыз, орус, англис тилдеринде кадимки турмуштук деңгээлде билиши, алгачкы медициналык жардам бере билиши, алдын-ала жоромолдоп биле албаган күтүүсүз абалдардан жол таап чыгып кетүүгө дарамети жетиши зарыл.
Жаңы келгендер кандай кыйынчылыктарга кабылуулары мүмкүн?
– Биринчиден, кандай жорук, мүнөзүн көрсө­түш­пөсүн, жүр­гүнчү­лөргө жылмаюу менен гана мамиле жасап, учуу кезинде алардын бардык "капризин" көтө­рүү керек. Бирөөнүн акыбалы начар тартса, ийне сайгандан тартып, керек болсо кокусунан толгоо тарткан жүргүнчү аялга жардам берип, киндик эне болууга чейин даяр турушубуз шарт. Кокусунан салондо өрт чыгып кетиши мүмкүн же бир жүргүнчү баңгинин дозасына тоюп алып чыкты дейли, ал чатак салат, жанындагыларга, борт-коштоочуга тийишет, тигини- муну жактырбай, жаман сөздөрдү айтат. Айла жок, жерде жиниңе тийгенин көчөгө айдап чыккандай борттон ыргытып жибере албасаң, тишиң кычырап, жаагың түйүлүп жатса да, жагымдуу жылмайганыңдан жазбай гана кутуласың.

"ШАБАШКА" ЖАСАП КӨРГӨН ЭМЕСМИН"

Кызуу маектин күүсү менен кандайча аэропортко жете келгенибизди байкабай калыптырбыз. Бизди койкойгон стюардессалар кубанычтуу тосуп алышты. Алардын бирине кайрыла кеттим. Аты Лилита, 7 жылдан бери "учуп жүрөт" экен.
– Жүктөрдү да силер кабыл аласыңарбы?
– Жүктөрдү кабыл алуунун да эрежеси бар. Мисалы, басымдан, бир аз ысыктан эле алоолонуп күйүп, жарылып кетүүчү заттар, радиациясы күчтүү заттар деп өз-өзүнчө терилген тизмелер бар, ошону жатка билбесең тыюу салынган жүктү кабыл алып коюп, абага көтөрүлүп чыкканда кокустук болуп кетсе... андайдын бетин ары кылсын.
– Стюардессалар өздөрүнүн жүктөрүнө кошуп, тыюу салынган товарларды тымызын ташып жеткизип беришип, чоң акча табышат дейт?
– Андай окуялар болсо болуп жүргөндүр. Кээде кармалып калган учурлар деле болот дешет. Бирок, мен өзүм андай "шабашка" жасап көргөн эмесмин.
– Ар бир стюардессага канчадан форма берилет?
– Жайкы кийим, кышкы кийим деп бирден берилет.

АТААНДАШУУ КҮЧТҮҮ

Көңүлдү кытыгылап жаткан суроолорго жооп алмакка эми жанымда турган Амина аттуу айымга кайрылдым. Абада жүргүнчүлөрдү коштоп жүргөнүнө 20 жыл болуптур.
– Каттамдар канча түргө бөлүнөт?
– Мамлекеттин ичиндеги, эл аралык, литердик (мамлекет, өлкө башчылары тейленет), көзө­мөлдөгү (VIP жүргүнчүлөр) каттамдар болуп бөлүнөт.
– Литердик, көзөмөлдөгү каттамдарда иштөө үчүн атаандашуу күчтүү болсо керек?
– Мамлекеттик өзгөчө маанидеги коноктор, чиновниктер, бизнесмендер тейленүүчү каттамдарды литердик же кө­зө­мөлдөгү каттамдар деп атайбыз. Элитаны тейлөө үчүн албетте, жогорку даярдыктагы борт- коштоочу талап кылынат. Атаандашуу болбой койбойт, ошентсе деле мындай жерде духу, нерви, өзүнө болгон талабы күчтүү адам гана утуп чыгат.

"ЖЕРДЕ" ЖАШАГАН ТҮГӨЙЛӨРГӨ РАХМАТ

– Мындай каттамдарды тейлеп жүрүп, капчыгы калың жүргүнчүнү торуна илип, турмушка чыгып кеткендер болобу?
– Андай учурлар жок эмес, бар. Үйлөнүп, турмушка чыгып кетүү оңой, бирок, үйбүлөнү сактап, татыктуу жашап өтүү абдан кыйын. Кесибибиздин бул да бир өзгө­чөлүгү болсо керек, "асманда" иштегендердин 70 пайызы турмуш курбай так өтүшөт. Сүйүүлөр, албетте, болот. Бирок, ысыгы тарай түшкөндө акырындап кыйынчылыктар чыга баштайт. Башка аялдарчылап үйбүлөсүнүн кашында болуп, алардын тамагын жасап, кийимин жууп берүүгө убактысы жок, дамамат рейстерде жүргөн аялга эркектердин баары эле чыдай беришпейт. Ошон үчүн го, биздин кыздар-балдардын көпчүлүгүнүн үйбүлөсү жок, ал эми үйбүлөсү барларыныкы анча- мынча кыйынчылыкка урабай турган туруктуу үйбүлө болот. Мындайда негизги жоопкерчилик түгөйлөрдүн "жерде" жашаганына жүктөлөт.
– Бири-бириңди жакшы тү­шүнүшсөң, турмуш кураарга чейин алдын-ала жумушуңда боло турган кыйынчылыктар тууралуу такташып алсаң, анчалык деле кыйналбайсың,- деп кепке аралашты Нарима аттуу айым. Борт-коштоочу катары ал 7 жылдан бери эмгектенип келе жатыптыр.
– Кош бойлуу кезде учууга уруксат берилеби?
– 10-12 жумага чейин гана. Ушул аралыкта өзүңдү жакшы сезсең учууга уруксат берилет. Андан соң декреттик эс алууга чейин офисте иштеп турууга болот.
– Үйбүлөдө бири-бириңе кызыгуу, тартылуу жоголуп, бет ачыла баштаганда көңүл калуулар, атүгүл кайдыгерлик башталат дейт. Демек, ушул абалга жеткиче эле «асманга» чыга качып кутулат турбайсыңарбы?
Менин суроомо жыргап кү­лүп алган Салтанат кепке кошулду. «Асманда» 4 жылдан бери кызмат өтөп келе жатыптыр.
– Албетте, «асманга» чыга качабыз. Кайра келгиче баягы майда таарынычтар унутта калып, кадимкидей сагынышып калабыз.
– Иштөө графигиңер кандай?
– Ар бир борт-коштоочуга алдын-ала ай сайын график түзүлөт. Ошол боюнча иштейбиз.
– Балким, жолдошторуңар жакшы акча тапканыңар үчүн унчукпай чыдашаттыр? Угушубузга караганда, айлыгыңар 200 долларды түзөт экен.
– Кызматка алынаарда атайын келишимге кол коёбуз. Ошол келишимдин бир пунктунда айлык акынын суммасын айтпоо зарылчылыгы белгиленген. Негизинен, айлыктарыбыз нааразы болчудай аз деле эмес.
– Сыйлыктар да берилеби?
– Майрамдарда, авиация күнүнө карата, анан квартал сайын сыйлыктар жазылып турат.

БИЗДИН УЧКУЧТАР ДА, УЧАКТАР ДА МЫКТЫ

– Кырсыкты кайдан деп болбойт, аварияга учураган же бир кокустук болуп кеткен кездер болду беле?- 20 жылдан бери "учуп" жүргөн Аминага кайрылдым.
– Жумушубуздун алдын-ала тактап биле албаган оор жагы да ушул абадагы кырсыктар. Учуу алдында кокустан болуп кетүүчү айрым кырсыктардын алдын-алууга даярдык көрүлөт. Каттамдардын ар бирине чыгаарда жалпы экипаж "кырсыктан тышкары бололу" деп Кудайга жалынып алабыз.
"Кемеге түшкөндүн жаны бир" демекчи, бул сулуу айымдар учкучтар, механиктер менен абдан ынтымактуу келишет. Жумуштун, көп­чүлүк учурда жашоонун кыйынчылыктарын чогуу тартышып, каттамдар аралыгындагы кыска мөөнөттүү эс алууларда да чогуу болушат. Катуу кырсык болсо, чогуусу менен топурак астында да калуулары мүмкүн. Ошондон улам го, жерге түшкөн экипаж стюардессалардын элпек колдору менен жасала калган дасторконго чогулуп, аман-эсен жерге конгондору үчүн, анан да ушул мү­нөт­төр­дө асманда учуп бараткандар үчүн тост кө­төр­мөй адатка, салтка айланган.
Кандай болгон күндө да борт- коштоочу болуп эмгектенип жүр­гөн айымдар тартипти, жүр­гүн­чүлөр, авиакомпания алдындагы милдетин, эл-журт менен тил табышууну, жалпысынан алганда, жашоону жакшы билишет.

Даярдаган Айбек НУРАДИЛОВ

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 231, 6-12-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан