АВИАБИЛЕТ АЛАМ ДЕП 80дей АДАМ АЛДАНДЫ

Бишкектеги "Ош базары" тараптагы CompassAir деп аталган авиакассадан алган билеттери жасалма болуп чыкканын айтып 7 адам редакциябызга кайрылды. “Топтолуп жетөөбүз гана келдик. Шашылыш жумуштары барлар билет алып учуп кетишти. Жалпысынан 80ге жакын адам алданыптырбыз” дешет алар. Жабырлануучулардын айрымдары Орусияга учмак болсо, башкалары Орусиядан, Грузиядан Кыргызстанга учуп келишмек экен. Окуянын чоо-жайын жабырлануучулардын өз оозунан угалы.

Эрнист Осмоналиев: “АРЗАН БИЛЕТ АЛАМ ДЕП 70 МИҢ СОМГО КҮЙҮП ОТУРАМ”

– Мен бир ай мурун аталган авиакассадан 3 билет сатып алгам. Эки кызым менен 26-майда Сахалинге учмакмын. Бирок аэропортко барсак эле каттоодон өткөргөн жерден “билеттериңиздер базага киргизилбептир, жок экен” деп айтышты. Нес болуп эле туруп калыптырмын. Учабыз деп сүйүнүп барган кыздарымдын томсоруп турганын көрүп аябай жаман болдум. Ошол күнү эле Бишкектин Ленин РИИБине арыз жазгам. Азырынча жыйынтык жок.

Базарбай Бердибаев: “АЛДАНЫП КАЛАМ ДЕП ТАКЫР ОЙЛОБОПТУРМУН”

– Негизи буга чейин деле "Ош базарынын" тегерегинен билет сатып алып жүргөнбүз. Бул ирет кандайча алданып калдык түшүнбөй калдым. Алданам деп такыр ойлобоптурмун. Мен 21-майда аталган авиакассадан жубайыма эки билет алгам. Ал Москва шаарына жетип, андан ары Сочиге учмак. Биз да аэропортко барганда билетибиздин жараксыз экенин билдик. Ал жердеги кызматкерлер "кайсы кассадан алсаңар, ошол жакка барып маселеңерди чечип алгыла" деп коюшту. Билет алган кассага келсек, эшигине кара кулпу салынып калыптыр. Алдында мага окшоп алданып калгандар топтолуп турушуптур. Анан баарыбыз чогулуп WhatsApp`тан топ ачып сүйлөшө баштадык, Ленин РИИБине арыз жаздык. Жубайым Орусияда иштегендиктен, сөйкө-шакегин сатып, билет алып учуп кетти.

Мөөркан Эргешова: “БАШКАЛАРГА САБАК БОЛСУН”

– Бизге окшоп башка дагы адамдар алданып калбасын деп атайын ушул окуянын артынан сая түшүп жүрөбүз. Башында алдангандар 80ге жакын адам элек. Шашылыш жумуштары барлар билет алып учуп кетишти. Айрымдары эми учуп келишет. Арабызда уча турган күнү келе электер да бар болчу. Баары билетти Алишер менен Аида аттуу адамдардан алгандар экен. Экөө жанаша жайгашкан эки жайда сатышчу.

Зарылкан Молдогазиева: “УКУК КОРГОО ОРГАНДАРЫНА МААЛЫМАТТАРДЫ ТОПТОП БЕРДИК”

– Аталган авиакассадан кызым билет алган эле. Орусиядагы жумушу башталып калгандыктан карызга акча таап, билет сатып берип учуруп жибердим. Азыр бул окуянын артынан ишеним каттын негизинде мен чуркап жүрөм. Дароо эле укук коргоо органдарына арыз жазганбыз. Сатуучу жигит менен кыз кайда жашайт, ата-энелеринин номерлерине чейин таап бергенбиз. Күнүгө бирөөбүз чалабыз "иш эмне болуп жатат?" деп. Азырынча "карап жатабыз, издеп жатабыз, буюрса, табабыз" дегенден башка жооп уга элекпиз. Өз алдыбызча да издеп жатабыз. Эми 10 миң сом деген 100 сом эмес да. Менин эки айлык пенсиям. Финансылык жактан да, моралдык жактан да жабыр тартып турабыз. Бул ишти аягына чейин чыгарууларын укук коргоо органдарынан талап кылабыз.

Бермет Раимбекова: “БАШЫНДА ЭЛЕ ШЕКШИГЕН ЭЛЕК”

– Бул авиакассадан билет алууну бир тууган байкем сунуштаган эле. Ал чет жакка көп чыгат, ишеничтүү деп такай ушул авиакассадан алчу экен. Эжем экөөбүз билет алганбыз. Бизден башка Грузиядагы 4 таанышына сунуштаган экен. Алар билетти 250 доллардан алышыптыр. Орто жолдо байкем уят болуп жатат. Биринчи Аиданын берген билетин көрүп таң калдык, барак эски экен. Шек санап "ушундай да болобу?" деп сурасак, ал "башкысы, аэропорттогу базадан чыксаңар болду" деп ишендирди. Мен бул окуялардан кийин Аиданын апасына байланышка чыксам, "кызым 26-майда үйгө келип түнөгөн, андан бери дайыны жок" деп айтты. Ал эми Алишердин апасына телефон чалсам, ал дагы "билбейм" деп жооп берди. Маалымат интернетке тарап кеткенден кийин Аиданын таякесимин деп Санкт-Петербургдан бир байке мага чалып, "эмнеге иштин чоо-жайын билбей туруп биздин кыздын сүрөтүн элге таратып жатасың?" дейт. Анын айтуусунда, Алишер акчаны букмекердик контораларга уттуруп жиберген имиш. Эмнеге таратпайм? Бул жакта 80ге жакын киши алданып отурат. Ар бир киши орто эсеп менен 10 миң сомдон алса, канча сумма болот? 4-июнда жабырлануучулар топтолуп Аиданын үйүнө бардык. Үйү бек экен, бирок эшигинде жаңы жуулган кир жайылып туруптур. Үйүн сатыкка коюшканын да уктук. Бир бала мурунку күнү Аида үйүнө келгенин көргөнүн да айтты.

Мухадас Акылбекова: «АЛДАНЫП КАЛАСЫҢ ДЕП ӨЗҮМ АЛДАНДЫМ»

– Москвадагы уулум Кыргызстанга келмек болчу. “Билетти бул жактан алам” десе, мен “кой, алданып каласың. Бишкектен алып берем, арзан да болот” деп 7-майда аталган авиакассадан Аида деген кыздан электрондук билет сатып алган элем. Эми минтип өзүм алданып отурам. Сатуучу кыз жаркылдап отурса, алдайт деп ойлогон жокмун. Үйдө отуруп эле интернеттен жасалма билет саткандар тууралуу угуп калдым. Жакшылап уксам, мен билет сатып алган авиакасса тууралуу айтып жатат. Угуп алып жетип келсем алдангандардын баары турушуптур. Укук коргоо органдары “буюрса, кармалат” деп эле жатышат. Күтүп жатабыз. Эмне кылмак элем, ар кимден акча сурап, кайра билет алдым. Айла жок, балам үчүн алдым.

Айыпталып жаткан Алишердин апасы: «БАЛАМДЫН КАЙДА ЭКЕНИН БИЛБЕЙМ»

Мага дагы билети жараксыз болгон адамдар байланышып жатышат. Бирок мен баламдын кайда экенин билбейм. Бир жума мурун уулумду издеп жатып Аида деген кыз экөөнү тапкам. Келип сүйлөшүп алып кетишкен. Ошондон бери дайыны жок. Мен да күтүп жатам. Эгер баламдан кабар болсо, өзүм укук коргоо органдарына кабарламакмын. Уулумдун авиакассада иштеп жатканына аз эле болгон. Ага чейин чет өлкөдө иштечү. Акыркы жолу үйгө көп келбей калгандыктан, эмне болду деп сурасам, "компанияда кичине маселелер чыгып калды" деген эле.

Ал эми Аида аттуу кыздын апасына байланышканыбызда, телефонду эжеси алып "Сүйлөшө албайм, Аидадан дайын жок. Апасынын кан басымы көтөрүлүп, ооруп жатат" деп телефонду өчүрүп салды.

 

 

Жогорудагы окуя боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБине 12 адамдан арыз түшкөн. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Сайкал Садыбакасованын айтымында, аталган авиакасса билет сатып алгандарга 100 миң сомго чукул зыян келтирген.

– Арыздар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү такталып, ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

«Супер-Инфо» гезити бул окуяда айыпталып жаткандардын өздөрүнүн да пикирин укканга даяр.

ШЫЛУУНДАРДЫН ТОРУНА ТҮШПӨШ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Адвокат Памир Суранбаев авиабилет алууда эмнелерди эске алуу керектигин айтып берет.

• Авиабилетти элдин ишенимине кирген, таанымал компаниялардан алуу керек.

• Билеттин жасалма экенин аныктоо кыйын. Анткени азыр көпчүлүк электрондук систем аркылуу билет сатып алат. Алар билетти электрондук почтага жөнөтүшөт. Ал жерде болгону бара турган жердин маршруту гана көрсөтүлөт. Ошондуктан компаниялардын өзүнөн эле сатып алган туура.

• Билет аларың менен базадан аты-жөнүңдү текшерүүгө болот. Ал үчүн билеттеги брондун номерин жана уча турган кардардын аты-жөнүн авиакомпаниянын сайтындагы атайын текшерүү графасына жазуу керек.

• Электрондук билетке брондун номери, багаждын салмагы калем сап менен жазылбайт.

• Жасалма билет экендиги аныкталган соң дароо укук коргоо органдарына кайрылуу шарт.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Авиабилет алабыз деп 80дей адам алдандык" дейт жабырлануучулар
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
katerina.li
2019-06-10 09:33:56
Дагы бир Сайкал Садыбакасова барбы ошондо??
-1
katerina.li
2019-06-10 09:35:26
Бир эле киши 70минге куйуп атса,кайдан 100мин зыян тартат??
+1
Lui
2019-06-11 09:35:12
katerina.li, Ошо да... Сахалинге бир билет эле 30 минден ойдо болот эмиеспи
+1
jalgyzym...
2019-06-10 23:18:02
Сайкал Садыбакасова дейтко. Кайсы Сайкал ырчыбы?
-1
№ 866, 6-июнь - 12-июнь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан